ЗООТ КИЙИМЧЕН ПАНГОЛИН

Дүйнөдө биз билбеген түркүн жандыктар бар. Ошолордун бири паголиндер. Бул жандык тууралуу кызыктар төмөндө.

ТИЛИНИН УЗУНДУГУ 40 САНТИМЕТР

Зоот кийим кийип тургансыган панголиндер түркүмү боюнча бир нече окшоштугунан улам броненосецтерге (мүйүз калкан менен капталган сүт эмизүүчүлөр түркүмүндөгү жаныбар) жакын. Түнкү жашоо образын тандаган кургакта жашоочу бул жандыктын денесинин узундугу 30-88 сантиметр болсо, куйругунун узундугу да ошол өлчөмдө болот. Салмагы 4,5дан 27 килограммга чейин. Учурда Африканы, Чыгыш жана Түштүк Азияны мекендешет.

Кат-кат болуп тизилген катуу кабырчыктар менен денеси капталган, бир гана тумшугун, денесинин ички бөлүгүн кыска, катуу түктөр каптап турат. Кабырчыктары кыймылдуу жана алардын саны туруктуу. Зоот кийимчендин терисиндеги кабырчыктарды алгач сойлоп жүрүүчүлөрдүн, балыктардын кабырчыктарына окшоштурушкан, бирок алар менен такыр байланышы жок. Тактап айтсак, түзүмдүк жактан башка, түпкү теги азыркыга чейин белгисиз.

Булардын угуу, көрүү сезими начар болгону менен, жыт сезүүсү күчтүү. Тилинин узундугу 40 сантиметрге чейин жетет, аны кыймылга келтирүүчү булчуңдар ушунчалык чоң болгондуктан көкүрөк көңдөйүнөн өтүп, жамбашка чейин барат. Тилин сууга салып, кайра ылдамдык менен тартып алып суусун кандырышкан панголиндер кумурска, термиттер менен тамактанышат.

Коркунуч жаралганда топ сымал бүрүшө калат, ошондой эле арткы тешигинен душманын качыруучу кескин жыт чыгарып коргоно алат.

Жалгыздап жашоого көнүшкөн. Ошентсе да жылына бир жолу тукумдашып, 4-5 айда бир же экини тууйт.

КЫТАЙДА ПАНГОЛИНДЕР КҮМҮШКӨ ТЕТЕ БААЛАНАТ

Бул жаныбарлардын саны азайып бараткандыктан 2010-жылдын ноябрь айында Лондон зоологиялык коому генетикалык жактан жоголуп бара жаткан сүт эмүүчүлөрдүн тизмесине киргизген.

Орто кылымдагы Индиянын аскерлери панголиндин терисинен жасалган чоң курал-жарактарды колдонушкан.

Панголин этин Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө тамак-ашка колдонушат, алардын эти бушмен элинин арасында өзгөчө популярдуу. Кээ бир Азия өлкөлөрүндө да панголиндердин этин деликатес катары баалап жешет. Эти кымбат. Ал эми кабырчыктарын ар кандай бижутерия, сумка жасоодо колдонушат. Кытайда панголин күмүшкө тете бааланат. Тыюу салынганына карабастан Азияда, айрыкча Вьетнамда, Кытайда алардын терисин мыйзамсыз ташыгандар көп. Акыркы он жылдын ичинде мыйзамсыз ташылган панголиндер же алардын дене бөлүктөрү көп кармалган. Бир ирет кытайлык кеменин ээсинен 10 тонна панголин эти конфискацияланган.

Панголиндер экосистемдин калыптагыдай жүрүшүнө ролу чоң. Алардын санынын азайышы курт-кумурскалардын көбөйүшүнө алып келет. Анткени бир панголин жылына 70 миллион кумурска жейт. Дүйнө элинин көңүлүн буруу, бул жандыкты сактап калуу максатында февраль айынын үчүнчү ишембиси Бүткүл дүйнөлүк панголиндерди коргоо күнү деп жарыяланган.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан