БАЛАНЫ БАСЫНТА БЕРБЕҢИЗ...

– Бардык эле ата-энелер балага болгон жоопкерчиликти сезе бербегени айтпаса дагы белгилүү. Баланы жарыкка алып келип койгону эле болбосо, баары эле ага мээрим төгүп, сүйүү берип өстүрбөйт. Кээде байкуш бала мээримге, сүйүүгө, жакшы сөзгө суусап жүрүп чоңоёт. Айрым ата-энелер баласына бир жакшы сөз сүйлөсө зоболосу түшүп калчудай болуп дайыма жаман сөздөр менен тилдешет. Керек болсо баласынын атынан чакырбай, “каракчы, көк мээ, жинди, келесоо, эшек, акмак, дейди...” деп чакыргандар бар. Булар баланын экинчи аттары. Муну эмнеге айткым келди? Өткөндө коомдук транспортто бара жатсам бир эже улам телефонун алып бирөөгө чалып жатты. Сөздөрүнөн баласы менен сүйлөшүп жатканы билинип турду. Чү дегенде эле “эй, көк мээ, сабактан келдиңби? Эшек, картошканы каз, барсам өлтүрөм... ” деп катуу кыйкырганда баары ал эжени карап калышты. Ушул учурдан баштап ата-энелердин балдарына кылган мамилелерине аябай көңүл бура баштадым. Чынында, дайыма балдарын жаман сөздөр менен тилдеп, кемирип-кесип жей берген ата-энелер абдан көп экен. Мен алардын ар бир сөзүнө жооп бергим келди.

– Балам мени тоготпойт...

– Дайыма “көк мээ, мени кууратмай болдуң. Баланчанын баласын карачы минтип жатат, сен болсо эшектей болуп жүрөсүң. Мени тоготпойсуң, киши катары көрбөйсүң” деген сөздөрдү уга берип чоңойгон бала, албетте, тилиңизди укпайт.

– Балам мени ойлоп да койбойт, мерез, жакшы адам болбой калды...

– Өзүңүз бербеген мээримди, сиз көрсөтпөгөн сүйүүнү балаңыз кайдан билсин? Сиз аны “акылың пас, сенден киши чыкпайт, сен окууну кыйратпай эле койчу, андан көрө үйдө иш кыл”. Бул сөздөр менен сиз анын өзүнө болгон ишенимин өлтүрүп, келечекке койгон максаты жок адамга айлантып, мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатканыңызды аңдадыңыз бекен?

Ата-эне, баланын коомдон ордун таба албай, бүтүн туруп жарты болушуна көбүрөөк пайыз сиз күнөөлүү болуп жүрбөңүз. Анткени сиз күн сайын ага психикалык жактан сокку ургансыз. Күн сайын аны басмырлап, башканын балдарынан төмөн экенин кулагына куюп салгансыз. Балдарынын арасынан кыйын чыкканынын көзүн карап, калганын өгөйлөгөнүңөр да бар. Балаңыздын жаман кылык-жоругу үчүн али да аны күнөөлөп отурасыз. А сиз бир жолу “мен баламдын келечеги үчүн эмне кылдым, мен балама кандай тарбия бердим? Мен ага кандай үлгү болдум?” деген суроону өзүңүзгө бере алдыңызбы? Материалдык камсыздоону милдет кылган туура эмес. Алар балага сүйүү, мээрим, тарбия болуп бере албайт. Тарбия башаты – үй-бүлө деп бекер айтылган эмес. Балаңыздын кандай болушун кааласаңыз, өзүңүздү ошондой тарбиялаганыңыз оң. Баланы кичинесинен ачуу тил менен уулай бербей, мээрим төгүп, сүйүп, жакшы сөздөр менен алкап, жакшы адам болорун, колунан баары келерин жар салып өстүрсөк, ошонун үзүрүн көрөбүзбү дейм. Муну азыр психологдор какшап айтып жатышпайбы.

Айгерим

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан