ЭХ, ЭРКЕКТЕР, ЭРКЕКТЕР!

Акыркы учурда “эркектерде мырзалык сапат калбай бара жатат” деген кыз-келиндердин кейип-кепчигени көп болууда. Бирок медалдын экинчи жагы да бар эмеспи. Бул жолу кыз-келиндерге “шпаргалка” даярдадык. Кантип эркекти мырза кылуу керек жана кандай учурларда аларга таасир бере ала турганыбызды психолог Сейил Калдыбаева айтып берди.

ЭМНЕГЕ ЭРКЕКТЕР МАЙДАЛАНЫП БАРА ЖАТЫШАТ?

– 30 жыл мурун Союз тарап, жалпы эл оор абалда калган эмеспи. Аялдар базарларда отуруп, чет өлкөгө кетип, эркектер үйдө балдары менен калышкан. Кыскасы, үй-бүлөдө аял менен эркектин ролу алмашып кеткен. Ал жылдары төрөлгөн балдар азыр 30 жаштагы кишилер. Демек, алар атанын модели катарaы кимди көргөн? Алсыз эркекти. Ал эми кыздар аялдын модели катары акча тапкан, буйрук кылган, күчтүү аялды көрүшкөн. Турмушка чыгары менен алар алдыңкы позицияда болуп, эркектерге күчтүү болууга мүмкүнчүлүк бербей жатышы мүмкүн. Бул бир гана жоромол. Ар бир 20-30 жылда муун алмашат эмеспи, кийинки муун булардан таптакыр башкача болушу ыктымал.

ЭРКЕКТЕРДИ КАНТИП МЫРЗА КЫЛА АЛАБЫЗ?

– Аял бир да эркекти оңдой албайт, мүмкүн эмес! Бирок таасир бере алат. Адам ата Обо энебизге тыюу салынган жемишти жеп жатканда “кой, болбойт” деп айтканга акылы жок беле? Бар болчу, бирок таасири күчтүү болуп кеткен. Мына ошондой таасир бере алсак – аял эркекти күчтүү кыла алат. Жүрөгү менен күчтүү эркектин жанында экенине ишенсе, ага таянса, эртеңки күнүн тапшырып бере алса эркек муну көмүскө туюм менен сезет. Өзүн күчтүү сезе баштайт. Алдыга атырылбай, ал чече турган маселени озунуп чечип жибербей, чече аларына көзү жетип турса да эркектин чечишин күткөнү туура.

КАНТИП АЛАРДЫ БОЛГОНУНДАЙ КАБЫЛ АЛУУ КЕРЕК?

– Бул үчүн билим керек. Негизи жубайлар бири-бирин болгонундай кемчилик-артыкчылыгы менен кабыл алса жашоолору жеңил болот. Турмушка чыгып жатканда реалдуу көз караш менен караш керек. Сизге жакпаган бир сапаты болсо аны көзүнө сайып көрсөтпөгөн туура. Эркектин алсыз жагына эмес, күчтүү жагына басым жасасак жеңишке жетебиз. Наалып “сен оңолбой койдуң” дей берсек, ал оңолуунун да кажети жок деп ойлойт.

ЭРКЕКТЕРГЕ КАНДАЙ МАМИЛЕ ЖАСАСАК КҮЧТҮҮ БОЛОТ?

• Шыктандыруу. Шыктандыруу менен мактоону алмаштырбаш керек. Мактоо – кайсы бир иштин жыйынтыгында айтыла турган нерсе. Шыктандыруу – ар бир кадамында анын жакшы жолдо бара жатканын белгилөө.

• Жашоо кыйынчылыксыз болбойт, андай учурларда аял “мындан да чыгып кетебиз, бул убактылуу” деп бел боло алса күйөө ошого кадимкидей чыйралат. Эркектер аялдын маанайынан, сөзүнөн өтө көз каранды.

• Эркектердин да жан дүйнөсү бар, кээде аялдар катуулук кылып коюшат. “Төрөттүңбү, бак” дебеш керек. “Сен бүгүн сүт жана майга эле маянаң жетип жатса, эртең эт алып келгенге жетет, капа болбо” дегендей сөз айтып, ага колдоо көрсөтүү керек.

• Эркекке жагымдуу атмосфера түзгөн оң. Балдарды уктатып коюп, таттууларды алып чыгып, “күнүң кандай өтүп жатат, жумушта эмне жаңылык?” дегенден баштап баарлашууну тереңдетип баштоо керек. Терең баарлашуу болгондо ортодо түшүнүшүү келип чыгат.

• Эркекти баарлашууга ачып алгандан кийин ага кулак болуп бериш керек. Башынан сылап сооротпой, же сын айтпай жөн эле угуш керек болот. Көкүрөгүндө толуп калган көйгөйдү айтып алуусуна жардам берүү керек. Өзү сураса пикириңизди айтсаңыз болот, ошондо да ал пикир сиздин күйөөңүз жакта экениңизди билдириши керек.

• Эркекти талкалай турган нерсе – кайдыгерлик. Анын жашоосуна кайдыгер болбоңуз. Мыжып эркиндигин чектей бербеңиз, анын эмоциясын чыгара турган жери бар. Достору, хоббиси дегендей. Кайтып келе турган жерин билген адам сөзсүз келет.

• Муктаж экениңизди билдирип туруңуз, эркек дайыма өзүн керектүү, күчтүү, акылдуу сезгенди жакшы көрөт.

КАЙСЫ УЧУРДА СӨЗҮБҮЗДҮ ЖЕТКИРЕ АЛАБЫЗ?

– Аялдардын дагы бир көйгөйү – эркек босогодон аттап киргенде дароо маселени айтып баштайт. Ишенип коюңуз, мындай учурда эркек сиздин маселеңизди чечпейт. Кайра жини келет. Чындап сизди угуп, маселеңизди чече турган үч жагдай бар.

• Жылуу атмосфера түзүп, чайын берип, курсагы тоюп турган учурду кармаңыз.

• Өтө кубанып телегейи тегиз болуп турган учурда сөзгө тартсаңыз болот.

• Сексуалдык каалоосун ишке ашыргандан кийин өз саясатыңызды жүргүзсөңүз натыйжалуу болот. Ушул үч убакты күтүп, ыңгайы менен маселени чечүү керек.

АЛАРДЫ КАНТИП БАКТЫЛУУ КЫЛСА БОЛОТ?

• Үйдү уядай жайлуу, таза, жагымдуу кылганга аракет жасоо. Күнү кечке акча таап, үй-бүлөсүн багам деп жүргөн эркек үчүн эс ала турган жер керек.

• Улуу сөздө уят жок, эркектердин эң чоң муктаждыгы – сексуалдык каалоосу. Эгерде ал муктаждыгын аткарбасаңыз, башка жактан издей баштайт.

• Кемирип-кесип жей бербеш керек, андай учурда ал кача баштайт. Эркек үйдө көп болбой жатса аял жоопту өзүнөн сураш керек.

• Аялдарды эмоция башкарса, эркектерди логика башкарат. Ага айта турган нерсени алыстан баштабай, каңкуулабай, конкреттүү эмнени күтүп жатканыңызды айтыш керек.

• Акыркысы, эркектин да жан дүйнөсү бар экенин унутпаңыз! Аны талкалап алсаңыз ордуна келбейт.

КЫЗДАР ЭРКЕКТИ ТУКУМ АЛА ТУРГАН ОБЪЕКТ КАТАРЫ ГАНА КАРАП КАЛЫШТЫБЫ? БУЛ КОРКУНУЧТУУ ЭМЕСПИ?

– Өтө коркунучтуу. Ойду өзгөртүү керек. Максат – төрөп алуу эмес, баланы атасы менен чоңойтуу. Атанын моделин көрбөй чоңойгон балдар жан дүйнө кемтиги менен чоңоюшат. Кыздарга айтар кеңешим, ар бир кыз күйөөнүн портретин тартып алуусу керек. Бирок портрет өтө идеалдуу болуп калбашы зарыл. Ошол нерсеге жооп бере ала турган мырза бар, болгону сизге жолуга албай жүрөт. Жөн эле төрөп алгыдай баланын тагдыры оюнчук эмес.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Flower2017
2021-11-04 23:14:13
Туптуура айтылган
+1
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан