ЧААР ИЧЕГИ КАНДАЙ АДАМ?

Фразеологизмдердин маанисин чечмелөөнү улантабыз. Күнүмдүк жашооңузда буларды колдоносузбу?

Суук селки болгон – ыркы кетип, араздашкан, урушкан, ынтымагы жок, ынтымаксыз. Мисалы: Уулу менен келининин суук селки экенин Алима билет («Ала-Тоо»). Алар суук селки көрүндү.

Тиш каккан – көптү көргөн, такшалган, дасыккан, бир далай жашка келип калган, далайды башынан өткөргөн. Мисалы: Тиш кагып калган жигит жаш баланы ээрчитип алып, даттанып басып жүргөнүн Качыке жактырган жок
(Узакбай Абдукаимов).

Тырмак алды, тырмак асты – эң биринчи, алгачкы. Мисалы: Менин тырмак алдым ушул, апа, чайды кайнатып ичип коюңуз. Тырмак асты эмгеги. Тырмак астым ушул.

Узун сары – жазгы үзүмчүлүк убак. Мисалы: Күздө болсо да бир жөн, а узун сарыда кайдагы дан (Өскөн Даникеев)?

Узун сабак – көпкө, узакка созулган аңгеме, узун сөздүү баян, ыр жана башка. Мисалы: Омор аке, менин узун сабак баяным, балким, сизди тажата баштагандыр (Түгөлбай Сыдыкбеков).

Чаар ичеги – митайым, кыйтыр, куйту, арамзалыгын ичине каткан, оңой менен ачылбаган. Мисалы: – Чаар ичегисиң го?- деп баланы тамашалап койду.

Чуу куйрук – жөн жүрбөгөн, чуулгандуу, шыкакчы, дүрбөлөң түшүрүп жүрүүчү, жаман жагы менен аты чыккан. Мисалы: Чуу куйрук чуркап өтүп кеткен чакта, Изинен өзөк, жалаа, ушак өнгөн (Аалы Токомбаев).

Ыйманы ысык, ыманы ысык – сүйкүмдүү, жылдыздуу, ажарлуу. Мисалы: Ыйманың ысык, жүнүң тирүү, тири карактыгыңдан туугандык боорум түтпөй, жетим бөбөктөрүң менен көчүрүп баратам (Шүкүрбек Бейшеналиев). Балпайган ыманы ысык Калыйкан апанын колунан бала кезден даам таткамын (Кеңеш Жусупов).

Ылым саноо, ылым тартуу – жакын санаган, жан тартуу, жакынсуу, жакшы көрүү. Мисалы: Каныбек жакын арадагы ылым санашкан жатакчыларды чакырды (Касымалы Жантөшев). Эмнегедир ал мага ылым тартып турат.

Эки оозунун бир оозу, эки оозунун бири – кайра-кайра айта берген, тажаткан, айткан сөзүнүн көбү, айтуучунун көңүл борборунда тургандыктан кайра-кайра кайталап айтылган сөз. Мисалы: Ыры менен ышкырыгы басыла калса, эки оозунун бир оозу машинада (Сагындык Өмүрбаев). Башкарманын өзү баш болуп эки оозунун биринде эле мени «аксакал» деп калышты («Советтик Кыргызстан»).

(Сөздүктөрдөн алынды)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан