ЖҮРӨККӨ КОРКУНУЧ ЖАРАТКАН КЫЗЫЛ ЖҮГҮРҮК ООРУСУ

"Ангина оорусун дарылабаса, анын оору козгогучтары кызыл жүгүрүк оорусун жаратат. Кызыл жүгүрүктөн жүрөк, муун, ички органдар, мээ жана тери жабыркайт. Эң коркунучтуусу – жүрөк кемтигинин жаралышы” дейт кардиолог Эсеналы Сарыков. Кызыл жүгүрүк оорусу тууралуу билип алыңыз.

ЭМНЕ БОЛГОН ООРУ?

Кызыл жүгүрүк (ревматизм) – инфекциялык-аллергиялык системдүү оору. Ооруда тутумдаштыргыч ткандар, башкача айтканда, жүрөк-кан тамыр системи жана муундар, ички органдар, тери жана борбордук нерв системи жабыркайт.

Илгери аталган дарт менен көбүнчө 7-15 жаштагылар ооруйт деп эсептелчү. Бирок улуулар деле ооруй турганы кийин белгилүү болгон. Кызыл жүгүрүк уул балдарга караганда кыздар арасында көбүрөөк кездешет.

ЭМНЕДЕН УЛАМ ЖАРАЛАТ?

Окумуштуулар дарт стрептококк бактериялары организмге кирип кеткенде аллергиялык реакция берүү менен жаралат дешет.

Иммундук систем (иммунитет) организмге кирген вирус жана бактерияларга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп, аларды жок кылуу үчүн антителаларды иштеп чыгарып турат. Бирок стрептококк ичке кирген соң иштеп чыгарган ферменттер жүрөк булчуңуна (миокард) уулуу таасир этет. Кокус стрептококк бактериялары организмге кирген кезде иммунитет алсыз болсо, анда иммунитетте жаңылыштык кетет да, ал микробдорго гана чабуул койбостон организмдеги клеткаларды да чоочун клеткалар катары кабыл алып, аларды өлтүрө баштайт.

Кандай учурда стрептококк бактериялары организмге кирип тарап кетет? Эгер адамдын кеңилжээринде стрептококк бактериясы козгогон оору, мисалы, фарингит, тонзиллит (ангина) болсо жана ал өтүшүп кетсе оору козгогучтар организмге кирип кетет.

Ошентип ЛОР оорулары менен көбүрөөк ооругандарда, ата-энесинин бири кызыл жүгүрүккө чалдыккан балдарда кызыл жүгүрүк оорусуна чалдыгуу коркунучу чоң. Суукка урунуу, катуу чарчоо, тамак-аштын начардыгы да кызыл жүгүрүктүн жаралышын шарттоочу факторлорго кирет.

Стрептококктор организмге кирген соң жүрөк-кан тамыр системин жана муундарды, ички органдарды, тери жана борбордук нерв системин кошо жабыркатат.

Кызыл жүгүрүктүн белгилери курч кармаган стрептококктуу инфекция менен, мисалы, ангина же фарингит менен ооругандан 1-3 аптадан кийин башталат.

ДАРТ 5 ТҮРДҮҮ ООРУНУ ЖАРАТАТ

Ревмокардит – жүрөктүн ткандарынын сезгениши. Ревмокардиттин төмөнкүдөй түрлөрү бар:

Перикардит – жүрөктүн тышкы кабыкчасы перикарддын сезгенип, анда суюктуктун топтолуп калышы.

Миокардит – жүрөктүн булчуңу болгон миокарддын сезгенип, жүрөктүн кагышынын бузулушу, жүрөктүн жакшы иштебей башташы

Эндокардит – жүрөктүн ички кабыкчасынын сезгениши, клапандын иштешинин бузулушу. Дарылабаса жүрөк кемтиги келип чыгат.

Панкардит – жүрөктүн бардык кабыкчаларынын комплекстүү сезгениши.

РЕВМОКАРДИТТИН БЕЛГИЛЕРИ:

• Шалдыроо, чарчоо, тердөө, тамакка табиттин жоктугу;

• Жүрөк туштун сайгылашып оорутушу;

• Дене табынын көтөрүлүшү (38°C жана андан жогору);

•Жүрөктүн бат-баттан кагышы, жүрөктүн кысылышы;

•Жүрөктүн өлчөмүнүн чоңоюшу;

•Жүрөктө “шумдун” угулушу;

•Жумуш кылганда демигүүнүн жаралышы;

•Өңдүн бозорушу;

•Ооздун жана мурундун көгөрүшү;

•Моюндагы веналардын көөп кетиши;

•Эстен тануу.

Ревмокардиттин белгилерине көңүл бөлбөө жана дарыланбоо жүрөктүн ткандарынын өлө башташына, митралдык клапандын ичкерип кетишине алып келет.

Ревмополиартрит – көп муундардын сезгениши.

Айрыкча тизе, чыканак, шыйрак-таман муундары, кызыл ашык сезгенет. Оорунун белгилери:

• Муундар ооруйт жана шишийт, өзгөчө ийин, чыканак, манжа муундары. Дене табы көтөрүлүп, мурун канайт. Муундар кыйшайбайт.

Ревмохорея – мээнин майда кан тамырларынын сезгениши.

Оорунун белгилери:

• Булчуңдардын алсыздыгы. Адам өз алдынча отура, жата, баса албайт, тамакты жута албайт, майда нерселерди кармай албайт, мисалы, кашыкты;

• Кол жазманын бузулушу;

• Агрессивдүүлүк, эмоциялардын туруктуу эместиги же пассивдүүлүк, унутчаактык, алсыроо.

Тери формасы – кызыл жүгүрүктүн айынан теринин сезгениши.

• Шакек сымал эритема – териде шакекче сымал тегеректердин пайда болушу, бирок оорутпайт;

• Түйүндүү эритема – теринин жана тери алдындагы кан тамырлардын сезгенүүсү, буттарда катуу оорута турган ар түрдүү өлчөмдөгү кызыл өңдөгү томпоктордун пайда болушу;

• Айрым учурларда буттардын капиллярдык кан тамырлары жарылып, кан агат;

• Теринин бозорушу, терчилдик.

Ревмоплеврит – өпкөнүн чел кабыгынын сезгениши.

• Дем алганда жана дем чыгарганда көкүрөктүн оорутушу;

• Дене табынын көтөрүлүшү;

• Жөтөл, демигүү;

• Өпкөнүн чел кабыгынын сезгенген тарабында дем алганда кыймылдын билинбегендиги.

ДИАГНОЗ ҮЧҮН...

Кандын клиникалык жана биохимиялык анализи, ЭКГ, эхокардиография жана башкалар керек.

ДАРЫЛОО

Дарылоо дарт кайсы органдарды жабыркатканына, оорунун оор, орточо же жеңил түрүнө карата жүргүзүлөт. Дарылоону ревматолог кардиолог менен кошо жүргүзөт. Гормоналдык, аллергияга жана сезгенүүгө каршы дары-дармектер жазылып берилет. Иммундук системдин иштешин басуучу дексаметазон, преднизолон, ошондой эле шишикти кетирүүчү, жүрөктүн иштешин жакшыртуучу дарылар, витаминдер да жазылат.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

Бала ангина, фарингит болуп ооруганда дароо дарыгерге текшертип, дарылатуу кажет. Ангина – жугуштуу оору. Бактериялар адамдан адамга колдонгон буюму, өбүшүү аркылуу жугат. Мисалы, оорулуунун сүлгүсү, тиш щёткасы, оюнчугу, идиши аркылуу жугушу мүмкүн.

Андыктан кызыл жүгүрүккө жеткирбей, ангинаны дарылатып туруу сунушталат. Кокус врачтар миндалинаны (тамак бези) операция жолу менен алдырып салууга кеңеш берсе, анда алдыруу кажет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
alym21
2021-11-01 16:21:01
Ангина деген балекет болдуго
0
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан