Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды. Жабырлануучулар эмне дейт?

Өзүн “кыргыздын деми” деп атаган блогер Гүлзат Мамытбек 25-октябрь күнү алдамчылыкка шектелип кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Биз жабырлануучу тарапты таап, алардын пикирлерин угуп көрдүк.

“ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕК 110 МИҢ ДОЛЛАР КАРЫЗЫ ҮЧҮН КАМАККА АЛЫНДЫ”

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы төмөнкүдөй маалымат таратты:

– Бишкек ШИИББине 7 жаран арыз менен кайрылган. Арызда Гүлзат Мамытбек алардын ишенимине кирүү аркылуу ар кимисинен ар кандай суммадага акча алганы жазылган. Жалпы зыян 110 миң долларды түзгөн. Андан соң шектүү из жашырып кеткен. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Гүлзат Мамытбек 2020-жылдын февраль айында Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Ал эми 8-июнь күнү ага алдамчылык фактысына шектелип жатканы боюнча билдирүү жөнөтүлгөн. Ал эми 13-июнда Биринчи Май райондук соту аны 2 айга сырттан камакка алган. 8-августта ага издөө жарыяланган. 2021-жылдын 25-октябрында Гүлзат Мамытбек Кыргыз өлкөсүнө келгенде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Айкерим Жайырбекова, жабырлануучу: “2 МИҢ ДОЛЛАР АЛЫП, 4 МИҢ КЫЛЫП КАЙТАРЫП БЕРЕМ ДЕГЕН"

– Гүлзат Мамытбекке 2 жыл мурун “жаңы долбоор ачып жатам, инвестор керек” дегенинен 2000 доллар бергем. Аны алып кайра бизге бир айдын ичинде 4000 доллар кылып кайтарып бермек. Андан бери 2 жыл өттү, акчадан дайын жок, же анын берейин деген ою жок. Гүлзат эже камалгандан кийин аласасы бар эки аял кирип, аны менен жолугуп чыкты. “Берем, күтүп тургула” дептир. Ал аялдардын бирөөсүнө 88 000 доллар карыз экен. Бирок ал аял маалымат каражаттарына чыкпайм деп койду. Карызын Гүлзат Мамытбектен 5 жылдан бери ала албай жүрүптүр. Өзүмдүн берген карызым боюнча айтсам, Гүлзат эженин артынан жүргөнүмө 2 жыл болду. “Ана берем, мына берем, паспортуңдун сүрөтүн жибер, азыр котортуп коём” деген бойдон жылт коёт. Көбү “түрмөгө отургузуп койсоңор кантип бермек эле?” деп жатышат. Абакта отурбаганда деле ар кайсы калпты айтып жүрбөйбү. Карызга алган акчаны толук үстөгү, компенсациясы менен төлөсүн, анан арызыбызды алабыз. Болбосо соттун чечими кандай чыкса мыйзам жолу менен бүтсүн. “Алган акчаны толук бербейм, бөлүп берем” десе сот ишин аягына чыгарабыз. Карызыбызды сурасак кайра бизди шылдыңдап Инстаграм баракчасынан “арыз жазган инвесторлор бир тыйын албайсыңар, күнүнө силерге 1 сомдон салып турам” деп видео кайрылуу жасаган. Арыз жазбаган инвесторлордукун беремин деп айткан.

Айгерим Жолдошбек кызы, жабырлануучу: “6 АЙЛЫК БАЛАМДЫ ТАШТАП, КАРЫЗЫМДЫ ТӨЛӨП ИШТЕП ЖҮРӨМ”

– Менден Гүлзат 2019-жылы октябрь айында 4000 доллар акча алган, күнүнө 1 доллардан кошуп, кайра бермек. Мына, 3 жыл өттү, бизди сыздатып бербей жүрөт. 6 айлык эмчектеги баламды таштап, ошого бирөөдөн алып берген карыздарымды төлөйм деп Орусияда иштеп жүрөм. Биздин талап – материалдык, моралдык чыгымдардын баарын төлөп берсин. Бизди кандай зыркыратты, өзү ошентип зыркырап түрмөдө отурсун. Жабырлануучулардын баарынын башын бириктирип, артынан түшүп, жактоочу жалдаган менмин, эми аягына чейин чыгарам. Учурда бир топ адам болуп арыз жазалы деп турабыз. Күйөөмдүн маршруттук унаа алам деген акчасынан алып Гүлзатка берген элем. Жолдошум ал акчаны күндөп-түндөп иштеп, 2 жылда чогулткан. Мен Гүлзат Мамытбектин калпына Инстаграмдан ишенип баргам. “Инвестор керек, укмуш киреше табасыңар” дегенинен берген элем. Элге кайрылам, ар ким Инстаграмдан жарнама кылган нерселерге ишене бербегиле, бизге окшоп сызга отуруп каласыңар!

Аты-жөнүн атагысы келбеген жабырлануучу: “ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕКТИН КҮЙӨӨСҮ ИШТЕШЕЛИ ДЕП АЙТКАН”

– Мен Бишкек шаарынын тургуну болом, 2019-жылы январь айында “High Time” тил үйрөнүү мектебинин тиркемесин ачканы жатам деп менден 18 500 доллар алган. Июнь айларынан баштап Гүлзаттын айтуусунда мага айына 30-40 миң доллар киреше түшүп турмак. Июнь айы да келди, Гүлзат айым “жумушум жүрүшпөй жатат” деди. Август айында мен акчамды кайтарып бер деп сурай баштадым. “Бир аз коё тур, Казакстандан инвестор таптым, берем” деген, ошол бойдон жоголуп кетти. Социалдык тармактагы баракчасына жазсам мени кара тизмеге киргизип коюптур. Андан кийин Орусияга кетип калыптыр, тажаганымдан анын үстүнөн арыз жаздым. Арыз жазгандан кийин Гүлзат айым мага байланышып, “сен менин мурунку күйөөм менен биригип алып арыз жазыптырсың, сенден мындайды күткөн эмесмин” деген таарынычын айткан. Ооба, Гүлзат Мамытбектин күйөөсү мага бир жолу чалып, “чогуу иштешели, менин адвокатыма нотариус аркылуу ишеним кат жазып бер” деген. Ошол боюнча аны көргөн жокмун. Ал эми карыз боюнча айтсам, мен ага берген акчага бизнес ачсам бул күнгө чейин андан 2-3 эсе көп киреше тапмакмын, акчамды үстөгү менен берсин деп талап коюп жатам. Бербесе отура берсин.

Замир Бакчебаев, жабырлануучу: “ҮСТӨГҮНҮН КЕРЕГИ ЖОК, АЛГАН АКЧАСЫН ЭЛЕ БЕРСЕ БОЛДУ”

– Мен Гүлзат Мамытбекке 2019-жылдын февраль айында 5000 доллар бергем. Биринчисинде 2000 доллар, андан кийин 3000 доллар берген элем. “Акчаңызды жаңы долбоорума иштетип, көбөйтүп берем” деп алган. Камалгандан бери өзүнө жолуга элекмин, бирок жолуккандар айтышты “төлөп берем” деп жатыптыр. Адвокаты менен сүйлөшсөм “арыз жазбай туруңуз, акчаңызды ордуна коюп берет экен” деп айтты. Мен анын үстүнөн арыз да жаза элекмин, угушумча андан жабыркагандардын саны алда канча көп экен. Мага үстөгүнүн кереги жок, өзү алган 5000 долларды эле төлөп берсе болду. Болбосо кечээтен бери туугандарым мени “үстөк акча арам, эмнеге аласың” деп урушуп жатышат. “Гүлзаттын туугандары карыздарды төлөп беребиз деп жатышыптыр” деп уктум, азырынча арыз жазбай турам го.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Datka7777
2021-11-01 12:56:53
Озуно озу отчёт бере албай калган
0
Egizderim-baktim
2021-11-01 19:45:08
Кантип эле долларларды карматып саласынар, процент аш болбойт эч качан,рекламадан коруп эле инвестор болуп алганынар кызык тообо,азыр бир тууганына да акчаны санап берчу заман. Процентке кызыгып ушу болдунар. А Гулзаттын куйоосу адам деле эмес экен чогу иштешели деп
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-11-01 19:54:14
Айкерим Жайырбекова,инстаграмда элге кыйын акыл үйрөтөсүң го.Уят процент эч качан аш болбойт,арам!
+2
bela77
2021-11-02 09:44:08
Гүлзаттын турмодо отурганына куйоосу аралашкан точно, ага нааразы адамдарды чогултуп Гулзатка каршы тукурган корунуп эле турбайбы. Гулзат иштеп акырындан толоп жатам дегенн болчу,азыр отурганда булар по любому акча ала алаышпайт.Куйоосунун максаты Гулзатты надолго турмого отургузуу.Бул адамдар ошонун куралы болуп жатышкан сыягы.Болбосо чыгып иштеп толоп берсин акчабызды дешмек да.
0
Datka7777
2021-11-02 14:57:44
bela77,койчу ай
0
al79mi
2021-11-03 17:47:46
bela77,Туура куйоосу до конца барам деп журот. Бирок эмне учун билесизби?! Анткени Гулзат сектант! Сеантолог! Интернетке кирип карап корунуз сеантология деген эмне экенин. Бул сектанын мучолору соттолуп жок болгонуна коп жыл болуп баратат. Гулзатка окшогондор акыркы мучолору. Так что билип билбей актагандан мурун жакшылап изилдеп корунуз.....
+1
bela77
2021-11-04 16:26:45
al79mi,сектантпы эмеспи озунун иши!Жабырлануучулардан акчасын толоп берсин ал учун боштондукка чыгышы керек ал жакта отурганда кантип толоп бермек эле?
-2
Mister-XXX
2021-11-04 20:36:33
bela77,Койчу ай,Гүлзаттын орду түрмөдө.Ушунча элди алдаганы жалганбы?
+1
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан