ТҮРК КИНОСУНУН БЕРМЕТИ – БЕРЕН СААТ

Чырк-чурк деген фотоаппарат, ар бир кадамыңды тарткан камера, маалымат каражаттарына берген интервьюлар, айтор, популярдуулук жаңыдан келгенде көнбөгөн жаным чүнчүп кеткем. Кийин атактуулукту үй-бүлөмдүн бир мүчөсү катары кабыл алганга көндүм. Экөөбүз тил табышып жашап келе жатабыз”,- деп тамашалайт Берен Саат. Күчтүү актрисалык таланты менен түрк киносунун бермети аталган Берен Сааттын камера сыртындагы жашоосу да көпчүлүккө кызык.

Туулган жери: Түркия, Анкара шаары

Туулган жылы: 1984-жыл, 28-февраль

Жылдыз белгиси: балык

Бою: 167 сантиметр

Тартылган белгилүү сериалдары: “Сүйүү жана жек көрүү”, “Тыюу салынган сүйүү”, “Фатмагүлдүн күнөөсү барбы?”, “Даңазалуу доор: Көсөм империясы”, “Касиет” (“Атие”) жана башка

СПОРТЧУЛАРДЫН КЫЗЫ

"Спортчулардын кызы болгондуктан кичинемден катуу тартипте чоңойдум. Балалыгым спорт менен бийдин ортосунда өттү. Балетке бардым, андан кийин сальсо, танго бийлери боюнча сабак алдым. Өкүнбөйм, бир нече бий түрлөрүн өздөштүрүү айрыкча кыз бала үчүн керек экен. Ийкемдүү болосуң, өзүңө болгон ишеним өсөт дегендей. Үйдө күзгүнүн алдына келип, дезодоранттын бөтөлкөсүн кармап алып ырдайт элем. Бирок кесип тандоодо кийин ишкер болом деп менеджмент тармагында билим алдым. Колледжде окуп жүргөнүмдө студенттер арасында мюзикл коюлуп, анда баш каармандын ролу мага тийип калды. Ошондогу кубанганым, ай, өзүмө батпай бактылуу болгом",- дейт актриса жаш кези тууралуу.

Берендин жан дүйнөсү чыгармачылык дегени менен, атасы бизнес жаатында окуусун улантууну суранган. Тартиптүү кыз анын айтканын эки кылган эмес.

“ЭФЕ ТҮБӨЛҮК СҮЙҮҮМ БОЙДОН КАЛА БЕРЕТ...”

"Ал кезде Эфе деген жигит менен сүйлөшчүмүн. Эфе... Ал түбөлүк сүйүүм бойдон кала берет. Менин чыгармачылыкка болгон кызыгуумду билчү. Бир күнү эле “тур, актёрдук билим ал” деди. Анан жетелешип барып, экзамен тапшырдым. Ошентип Стамбулдагы актёрдук чеберчилик жаатындагы окуу жайга өтүп кеткем.

Эфе экөөбүз 3 жыл бирге болдук. Бир күнү жумушка кеткен боюнча жок. Бир маалда агасы чалып, анын автокырсыкка кабылганын айтты. Ооруканага жетсем мени таштап кете бериптир... Жашоом астын-үстүн болду. Эч ким түбөлүктүү эмес экен. Азыр эле сүйүп-күйүп турган адамың жок. Сага айтпай, сенден сурабай, экинчи көрүшпөчү жайга кетет экен... Анын өлүмү мени жакындарымды баалоого үйрөттү. Эфе мени актриса катары кинодон көргүсү келчү, анын кыялын кеч болсо да орундатам деген максат койдум да, 4 айдан кийин киного тартылдым".

Жашоосундагы оор учурду эскерген актриса алгачкы жолу “Биздин өлүмүбүздү убактылуу токтотушту” деген сериалда эпизоддук роль аткарган. Жаш актрисанын амбициясы белгилүү продюсер жана кинорежиссёр Томрис Гиритлиоглунун көзүнө илинип, ал Беренди “Сүйүү жана жек көрүү” сериалына чакырган. Гиритлиоглунун белгисиз актёр-актрисаларды жылдыз кылган кудурети Беренге да тийип, актриса Түркияда популярдуулукка жеткен.

БЕРЕНДИ БЕРЕН КЫЛГАН ТАСМАЛАР

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргыз мамлекетине Берен 2008-жылы чыккан “Тыюу салынган сүйүү” сериалы аркылуу таанымал болду. Белгилүү актёр Кыванч Татлытуг экөө баш каарман болгон сериалды 20 мамлекет сатып алган. Бихтердин ролу үчүн Берен Түркиядагы эң абройлуу “Алтын көпөлөк” сыйлыгына татыган. Андан сырткары 20га жакын ар кандай кино сыйлыктарга ээ болгон ал дүйнө жүзүнө белгилүү актрисага айланган.

Берендин сөз кыла турчу көрүнүктүү эмгектеринин бири, албетте, “Фатмагүлдүн күнөөсү барбы?” сериалы. “Фатмагүлдүн ролу мен үчүн кыйла татаал болду. Анын зордукталгандагы эмоционалдык абалын аял катары түшүнүп ойной алат элем. Мени кооптондурганы – анын айылдык, менин шаардык болгонум эле. Ошон үчүн айылга барып, ал жактагы кыздар менен сүйлөшүп, алардын жашоосун, ой-чабытын үйрөнгөнгө аракет кылгам”,- дейт Берен.

Дүйнөлүк популярдуулук Беренди италиялык белгилүү актриса Моника Беллуччи менен “Носорогдордун сезону” драмасында бирге иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Тасмадан кийин эки актриса жакшы санаалаштарга айланып, Моника Берендин кийинки тасмасынын бет ачарына катышканы бар.

2015-жылы Берен кайрадан экрандан жарк этти. Бул ирет тарыхый “Даңазалуу доор: Көсөм империясы” сериалында Көсөмдүн ролунда эле. Бул ролу үчүн актриса ар бир серияга 110 миң лира (1 миллион сомго жакын) гонорар алганы түрк басылмаларына чыккан. Берен аталган сериалда аягына чейин кармалбай, анын ордун актриса Нургүл Йешилчай басты. Берендин алмашуусу боюнча ар кыл пикирлер бар. Бири актриса тасмада “карыгысы” келбептир” дешсе, дагы бириБерен өзүнүн актёрдук чеберчилигине болгон сынды көтөрө алган жок” дешти. Буга чейин көп жылдык тажрыйбасы бар Нурсели Идиз аттуу актриса Көсөмдүн ролу Берен Саат тарабынан жеткиликтүү болбой жатканын, актриса дагы аракет кылышы керектигин айткан эле.

“Даңазалуу доор: Көсөм империясынан” кийин карьерасында тыныгуу алган Берен 2019-жылы гана экранга кайтты. Бул ирет Netflix платформасында көрсөтүлгөн “Касиет” аттуу фантастикалык сериалда башкы ролдо. “Атиенин ролу мен үчүн жаңы дем болду” дейт актриса. Көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган сериал 3 сезонго уланган.

ЭКРАНДАН СЫРТКАРЫ...

Колледжде англис тилинде сабак алган Берен англис, испан тилдеринде суудай сүйлөйт. Саякаттаганды жакшы көрөт. Канчалык жеке жашоосун жашырганы менен, популярдуу актрисанын артынан камералар да, имиштер да көп жүрөт. “Берен Сааттын боюнда бар”, “Берен балалуу боло албай жатыптыр”, “Берен ажырашты", "өтө арыктап кетиптир” деген сөздөргө көңүл бурбай турганын айтат.

Сулуу актрисанын жүрөгүн багындарган мырзалардын катарында актёр Бюлент Инал, режиссёр Левент Семержи, актёр Энгин Акйүректүн ысымдары аталып жүрөт. Бирок Беренди колдон жетелеп нике шакегин салган музыкант Кенан Догулу болду. Экөөнүн үйлөнүү тою 2014-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн.Экөөбүздүн жашообузда деле өйдө-ылдый учур болот. Баарын жеңип жашап келе жатабыз. Кенандын жардамы менен өзүмдү ырчылыктан да сынап көрөйүн деп жатам. Пандемия учурунда бир нече ыр жаздырдык, эми менин жашоомдун айрым сүртүмдөрүн чагылдырган клиптерди тартып, анан көпчүлүккө сунуштайбыз,- деген актрисанын эми ырчылык талантына да күбө болчу күн алыс эмес.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан