ИТТЕР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

“Ит адамдын досу” деген кеп көп жылдардан бери айтылып келет. Ооба, иттин чыныгы достук мамилесин көрсөткөн көп эле окуяларды көрүп, угуп жүрөбүз. Анда ошол досторубуз тууралуу кызыктуу фактыларды кеп кылалы.

  • Учурда иттин 400дөй породасы бар. Анын ичинен бүткүл дүйнөгө тараганы, белгилүү бир өлкөлөрдүн ичинде эле калгандары да бар. Мисалы, немис овчаркасы дүйнө жүзүнө эң көп тараган породалардан болсо, Нидерландыдагы стабихун, Норвегиянын түндүгүндөгү норбеттенхунд, Чехия менен Словакиядагы словак чувач породалары алар өстүрүлгөн өлкөлөрдө гана белгилүү.
  • Иттин куйругун шыйпаңдатканын биз дайым жакшы жагына жоруп жүрөбүз. Бирок ал иттин эмоционалдык абалын билгизгендиктен, кээде коркунуч да жаратышы мүмкүн. Эгер куйругун оң жакка буруп шыйпаңдатса, ал тамак жегиси келип же бир нерсе үмүт кылып жатканынын белгиси. Эгер сол жакка буруп шыйпаңдатса, ал коркунуч сезип же тынчсызданып жатат дегендик. Демек, ал тиштеп алышы да мүмкүн.
  • Иттер орточо 10-14 жыл жашашат. Бирок кичинекей породадагы иттер чоң породадагыга караганда узагыраак жашашат. Бычылган иттер да узагыраак жашайт дешет.
  • Сүрөтчү иттер да болорун уктуңуз беле? Тилламук Чеддер же Тилли – сүрөтчү ит. Анын Миланда, Брюсселде, Амстердамда жана башка жактарда 17ден ашык сүрөт көргөзмөсү болгон. Анын эмгектери сүрөтчү адамдар менен катар Улуттук искусство клубунда көргөзмөгө коюлган.
  • Белгилүү “Титаник” кемесинде жалпы 12ден ашык ит болсо, анын үчөө гана тирүү калган.
  • Грейхаунд – эң ылдам чуркаган ит породасы. Ал саатына 72 чакырым ылдамдыкта чуркай алат.
  • Салюки – дүйнөдөгү иттердин эң байыркы породасы деп айтылат. Алар Египетте болжол менен биздин эрага чейин 329-жылдары пайда болгон. Байыркы порода экени генетикалык изилдөөлөрдө да тастыкталган.
  • “Гиннесстин рекорддор китебине” дүйнөдөгү эң кары ит катары (29 жаш 5 ай) Блу аттуу австралиялык койчу ит кирген. Ал 20 жылга жакын бодо мал жана кой кайтарган. Ал эми дүйнөдөгү эң оор ит катары англис породасындагы Зорба аттуу ит киргизилген. Анын бою 94 сантиметр, салмагы 155,6 килограмм болгон.
  • Дүйнөдө үрбөгөн дагы ит породасы бар. Ал – басенжи. Алар дээрлик үрбөйт, бирок бул породага гана мүнөздүү өзгөчө үндөрдү чыгарышат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан