Бүгүн мен кызыма ыраазычылык билдирип, андан кечирим сурагым келди. Алтын кызым Бишкектен атасы экөөбүзгө дагы белек берип жибериптир. Атасынын жакшы көргөн момпосуйларын, телефонго караганда экраны чоң, ошондон өзү жакшы көргөн айтышты көрсүн деп планшет. Мен китеп окуганды жакшы көрөм, мага китептерди жана мен кызыгып жүргөн гүлдөрдү салып жибериптир. Бат-баттан бизди ушинтип кубантып турат, алтыным. Былтыр Египетке алпарып эс алдырып келген, мурдагы жылы Түркияга жолдомо алып берген. Балдар кыйын чыкса ата-эненин бактысы ошол. Төбөң көккө жетет, ар таңда сыймыктанып ойгоносуң. Карлыгачым менин сыймыгым болду. Ага эч көңүл бурбаганыбызга карабай жакшы окуп, тырышып аракет кылып жатып максатына жетти. Мыкты психолог болом деген, Орусиядан окуп келди, азыр жакшы жерде иштейт. Мунун баары сыймыктанчу окуялар. Уялта турчусу болсо – кызыма жашоодо башка балдарыбызчалык көңүл бурбаганыбыз, колдоо көрсөтпөгөнүбүз. Кудай улук, ал баарын таразалап турат, мен жашоодон ушундай сабак алдым. Анда кеп башынан болсун, түшүнүктүү болушу үчүн кызым менен байланышым, мамилем кандай болгонун айтып берейин.
Атасы экөөбүз тең эмнегедир көп балалуу болгубуз келчү эмес. Баш кошкондо эле бизге 1 кыз, 1 уулубуз болсо жетет деп пландап алганбыз. Анан улуу кызыбыз төрөлдү, тун наристебиз деп кубандык. Планыбыз боюнча экинчиси уул болушу керек болчу. Бирок экинчибиз да кыз болду. Эми үчүнчүсү эркек болбой калса, акыр заман келчүдөй сезилди. Үчүнчү кызым ушул Карлыгачым. Ал төрөлгөндө дароо эле кабыл ала алган жокмун. Бир аз жеридим. 5 айлыгында кызым ичи өтүп катуу ооруп калды. Ич өткөктүн балдар үчүн олуттуу оору экенин ошондо билдим. Доктурлар деле кызым жашабачудай мамиле кылышты. Ошондо кыздын керек эмес экенин көр. Энелигим ойгонду. Бул кызды жоготуп аларымды эстеп корктум. Күнү-түнү кызымдын жанынан чыкпай Кудайга жалындым, көз жашым көл болуп төгүлдү. Кыймылдабай, эч нерсе жебей калган кызым бир күнү жандана түштү, айыгып аз-аздан тамак жей баштады. Кудайдын боору ооруду көрүнөт. Эми күнү-түнү ыраазычылык билдирип калдым. Карлыгачымдын жанынан чыкпай, аяр мамиле жасап, анын аман болгонуна кубанып жашап калдым. Адам баласы ушундай экенбиз, жамандык өткөндө аны бат эле унутуп коёт экенбиз. Баягы окуя эсибизден чыкты.
Кызым чоңойгондо да биздин бир топ колдообузга муктаж болду. Бирок чынын айтам, анын кылган аракеттерине маани бербей эле жүрдүк. Бир күнү “силер эч качан жанымда болгон жоксуңар” деген нааразычылыгын айтты. Өз күчү менен ийгиликке жетип, минтип азыр бизди көзүнүн карегиндей аяп, оорусак чуркап келип караган, көңүлүбүздү көтөрөм деп аракет кылганыбыз ушул кыз болду. Кудай атасы экөөбүзгө дагы бир сабак берди. Азыр анын бизге көрсөткөн камкордугун көрүп кээде уялып кетебиз. Баса, биз кийин 2 уулдуу болдук. Жараткан бизден уулду да аяган жок. Арасынан эң күйүмдүүсү, карамдуусу Карлыгачым болду. Жаным кызым, аман бол. Ал эми атаң экөөбүз кээде колдой албай калсак, көңүлүңдү калтырсак, аныбызды кечир.
Апаң Жамал