Чоро Думанаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВДОН КИЙИН ЭЛЕ ЭҢ КӨП СЫЙЛЫКТЫ МЕН АЛДЫМ”

Чоро Думанаев дегенде көзүбүзгө кыргыз керемети тартылат. Агабыз 70 жашка чыкса да тасмаларга тартылып келе жатат. Бүгүнкү күндөгү тасмалардын абалы, кайын атасы легендарлуу Болот Бейшеналиев экөөнүн мамилеси, уулу Нурболот искусстводо жолун улап келе жатканы, залкарлар менен чогуу жүргөн күндөрү тууралуу кызыктуу маектештик.

– Саламатсызбы, агай? Билишимче, жакында эле бир тасмага тартылдыңыз. Азыркы режиссёрлорго кандай баа бердиңиз?

– Саламатчылык, “Жалбыз” деген сериалга тартылдым, андан кийин “Кошуналар” деген тасмада аксакалдын ролун ойноп бердим. Негизи акыркы жылдары режиссёрлор терең нерсени бере албай эле, интриганы тартып калышкан. Кайнене-келиндин мамилеси, бирөөнүн үй-бүлөсүн бузгандар, ала качмай деген нерселердин алкагынан чыга албай жатышкан. Бул жолу киного тартылып, режиссёр балдардын оюн угуп ии” деп калдым. Келечеги бар, терең кинону тарта алчудай балдар экен. Негизи көп жыл жашай турган кинону эл өзү тандап алат, жанакындай интриганы тарткандар унутта калат.

– Кино жана театр дүйнөсүндө 50 жылдан бери келе жатыпсыз, баары эмнеден башталды эле?

– 10 жашымда “Космонавттар көчөсү” деген тасмага тартылдым. Жалаң залкарлардын арасында чоңойдум. Агам Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асанкул Осмонов мени “шаарда окусун” деп алып келип алган. Мен Думанаев Чоро Осмонович болсом, ал жөн эле Осмонов. Короодон Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов сыяктуу залкар инсандарды көрүп, алардын көз алдында чоңойдум. “Байкең чыгармачылыкта, сен эми башка кесипти танда” деп үйдөгүлөр болбой коюшкан. Курулуш техникумуна тапшырып өтүп, 1-курста окуп жүргөн кезим эле. Бир күнү эле тартуучу топтогулар мени көрүп калып, көчөдөн эле фотопроба жасап киного чакырышты. Болот Шамшиевдин “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасына чакырылдым. Киного болгон кумарымды эптеп басып жүргөн окшойм, окууну таштап кетип калдым. Агам “кино тартылып бүттү, эми эмне кыласың?” деди. Анан эле Төлөмүш Океев “Уркуяны” тартып баштаптыр, ал киного өтүп кеттим. Ал бүттү, байкем “эми эмне кыласың?” деди. Анан “Көчө” тасмасы тартылып калып, башкы ролго мени тандашты. Ошону менен жылдызым жанып кетти. Театрдын алдында биринчи жолу актёрлорду окута турган студия ачылып, ага өттүм. Анан улантып Островский атындагы Ташкенттеги театралдык институтка тапшырып, Эгемберди Бекболиев экөөбүз өтүп кеттик. Биз окуп жүргөн маалда өзбек-кыргыз коогалаңы башталып калбадыбы. Маданият министрлиги коркуп кайра жибербей, “өзүбүздө эле окууну бүтүргүлө, ачып беребиз” деп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда актёрлукту сырттан окуп бүттүк. Театрда иштеп калдык. Эчен ролдорду жараттым.

– “Көчө” тасмасын канча көрсөң да көрө бере турган тасма, кантип башкы ролго тандалып калдыңыз?

– Кечээ эле тасманы телевизордон көрдүм. Жашып кеттим. Муратбек Рыскулов баш болгон жалаң мыктылар ойношкон, азыр бири да калбаптыр. Мен анда 20 жашта элем, театрдын короосунда чоңойдум дебедимби, “өзүбүздүн бала” деп өзгөчө мамиле жасашчу. Балким, ошол үчүн ролду жакшы чыгарып берсем керек.

– Актёрлор өмүр бою жакшы ролун күтүп жашашат дешет, сизде да ушундай болдубу?

– Туура, ал нерсе ар бир артисттин оюнда бар. Мен көп тасмада чоң роль жараттым. Бүткүл союздук фестивалдарда Сүймөнкул Чокморовдон кийин эле мен көп сыйлык алдым. Аябай эле роль күттүм деп айта албайм.

– Агай, Болот Бейшеналиевдин күйөө баласы болгон турбайсызбы? Кандай мамиледе болдуңуздар?

– Жеке мамилени кошпой эле койбойлубу?

– Залкар адам менен болгон мамилеңизди айтып берсеңиз сонун болмок...

– Болот байке Москвада көп жыл жашады, бул жерге киного тартылууга келгенде мейманканадан тажап, менин үйүмө келчү. Сүйлөшүп отурчубуз. Анда мен биринчи жубайым менен жашачу элем, кайната болуп калат деген ой кайдан келсин. 90-жылдары баш аламан болуп эле эл чайпалып калды. Москвада иш жок, Бокем Кыргызстанга келип театрга ишке орношту. Ошол жылдары биринчи жубайым менен эки айрылыш жолго түштүк. Үйдү эки балама таштап чыгып кеттим. Балдардан үй талашамбы? Чолпонбек Базарбаев ал кезде маданият министри эле. Окуяны айтып берсем “турмушта мындай нерсе боло берет, үйгө кезекке туруп кой, ага чейин актёрлордун жатаканасында жашап тур. Сени көчөдө калтырсак уят болот” деди. Жатаканада көп жыл жашадым. Болот Бейшеналиев бул жерден башка аялга үйлөндү. Бокемдин өз баласындай эле болуп калгам да, “менин жаңы үйлөнгөн аялымдын кызы бар, ошого үйлөнүп алчы” деп көп айтчу. Үйдөгүлөр да “үйлөн” деп айламды кетире баштаган маал эле. Бир күнү агам менен жеңем шаарга келип калыптыр, аларды Бокемдикине алып бардым. Жеңем шар киши болчу, болочок жубайымды көргөндө эле “Нарынга кеттик, машинеге отургула” деп шарт экөөбүздү алып кетип калды. Барып жоолук салып салды. Үйлөнүп калдык, ошентип Болот Бейшеналиевдин күйөө баласы болуп калдым. Ата-баладай мамилебиз өмүрүнүн аягына чейин сакталды.

– Бир жолу Болот Бейшеналиевдин аялынан интервью алып калдым. Ошондо “Болоттун уулу” деп кичине баланы көрсөттү эле.Кийин билсем, ошол сиздин уулуңуз экен... Эмнеге Бокеңиз “менин уулум” деди болду экен?

– Бокем небересин кичинесинен “эч ким жолобосун” деп өзү киринтип, өзү бакты. Төрөтканадан өзү чыгарып кеткен. Көрсө, өтө баласаак адам экен да. Бизди такыр жолоткон жок. Уулум экөө өтө жакын эле, ээрчишип эле жүрүшчү. Уулум Нурболоттун аты башында Нур эле болчу, кийин Болот байкенин урматына Нурболот болуп калды. Атасы экенимди кийин эле билди окшойт балам (күлүп). Азыр цирк актёру, бою узун, келбеттүү жигит. Циркте жигитовкада ойночу,кийин “ат көтөрө албай калды” деп жонглёр жагына кетти. Труппа менен чет өлкөнү эле кыдырып жүрөт. Жашы 27ге келип калды, “үйлөн” деп жатабыз.

– Сизге бир курулуш компаниясы үй белекке берди эле, ошол үйдү алдыңызбы?

– Бергени чын. Бир бөлмөлүү үйдүн коробкасын эле берген, эч нерсеси жок болчу. Өзүм жашаган жатакананы сатып, анын акчасына оңдоп-түзөө жасаганбыз. Ошону менен анын белекке келгени деле билинбей калды. Жөн эле жарнама үчүн окшойт, азабы көп экен. Андан көрө ошол бир бөлмөлүү үйдү сатып алсам болмок экен деп калдым. Азыр Нурболот үйлөнсө ошол жерде жашайт деп калабыз.

– Өмүрүңүздү киного арнадыңыз, өкүнгөн жоксузбу?

– Элдин сыйлоосу, сүйүүсү чоң нерсе да. Наамдарды алдым, көчөдөн баары сыйлап өтүшөт, өкүнүч жок. Азыр театрдын кампасында (хоздвор) учурдагы театрды көтөрүп келе жаткан жаш артисттер жашашат. Бош болгондо ошол жерге барып сүйлөшүп, тамашалашып келем. Алар мени “батя” деп коюшат. Жашоо ушунусу менен кызык экен.

– Маегиңизге рахмат, көп жашаңыз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Adi010891
2021-11-01 09:27:34
Кайран киши, мен сыйлап урматтаган актёрлордун бири. Чиркин омур теле сериалында да оз ролун жакшы ойногон.
+2
MIRBOLOT
2021-11-01 18:04:46
Мыкты актёр. "Көчө" деген кинодо Аваздын ролун катыра ойногон, жаш болсо да. Азыркы 20 жаштагы жигиттер андай ролду ойной албаса керек. Не демекчибиз, бекем ден-соолук, узун өмүр тилейбиз.
+2
Nursul
2021-11-03 19:16:03
ушундай инсандардан интервью алышынар керек болчу анан коментари жазса өчүрө бергенинер вапше жакпады, ушул инсандар тартылган кинолор жагат көрсөң да көргөндөй болосун. Ден соолукта болуңуз агай дагы да көп кинолорго тартыла бериңиз.
0
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан