АЧКА БОЛО БЕРҮҮНҮН СЕБЕПТЕРИ

Ачка болуу – бул биздин организмибиздеги азык түгөндү деген кадимки эле сезим. Бирок “эптеп эле бир нерсе болсо жейт элем” деген деңгээлдеги ачкачылыкка жол бербөө керек. Тамактануу учуру келгенин же тойгонун билгизип жаткан организмибизди угуп, ар кандай көйгөйлөрдүн алдын алыңыз.

1. Психологиялык себеби. Бул сиз өзүңүздүн ичиңиздеги боштукту же кээ бир көйгөйлөрүңүздү, эмоционалдык абалыңызды тамактын ордуна “жей” бересиз. Бул учурда тамак-аш жебей, жесеңиз да кайсы жакка кеткенин билбей каласыз. Ошондуктан курсагыңыз тойбой жаткандай сезим болот. Же жашоодон тамак аркылуу гана ырахат алууга аракет кылып жатасыз. Мындай абалыңызды көзөмөлдөбөсөңүз ашыкча салмакка, ооруга алып барат. Эгер көзөмөлдөй албай жатсаңыз психологдун жардамы керек болот.

2. Өнөкөт оорулар. Көптөгөн оорулар, айрыкча тамак сиңирүү системиндеги ооруларда ачка болуу организм аркылуу сезилбей, жөн гана “соруу” абалы жүрөт. Мындай учурда ашказан тушта тамактангандан 1-1,5 саат өткөндө кайрадан ошол абал пайда боло берет. Кайсы ооруларда болушу мүмкүн? Гастрит, өт жолдорунун дискинезиясы, өнөкөт панкреатит, калкан безинин оорулары. Эгерде бул ооруларда тамак-аштын сапатына көңүл бурбай, тамактануу режимин бузсаңыз, ачкачылык сезиле бериши мүмкүн.

3. Тамактануу режиминин бузулушу. Тамактануу режими – буга чейин өткөргөн өмүрүңүздөгү эртең мененки, түшкү, кечки тамактанууну дээрлик бир убакта кылганыңыз. Эгерде сиз өз убагында толук, туура тамактанууга үлгүрбөсөңүз, анда сиз ар нерсени жеп жатасыз, бул организм үчүн аздык кылат жана көп өтпөй ал кайрадан ачкалыктын белгисин берет. Анан дагы бир нерсе жейсиз, бирок андан да майлуураак же тоюмдуураак нерсе жейсиз. Ошентип организмге ашыкча күч келтиресиз, ашыкча салмакты, ар кандай ооруларды чакырасыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан