Сабырбек Жумабеков: “БЕЙТАП АЙЫГЫШ ҮЧҮН ДАРЫГЕР АНЫ СҮЙҮШ КЕРЕК”

Миңдеген мекендешибиз ортопед-травматолог Cабырбек Жумабековдон шыпаа табышты. Абдан татаал деген операцияларды да ийгиликтүү жасап, Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө атагы кетти. Кыргыз медицинасында салмактуу орду бар дарыгер биздин маектешибиз.

– Саламатсызбы, Сабырбек мырза? Кыргыз медицинасынын учурдагы абалы тууралуу сөз баштасак...

– Саламатчылык, Орусиянын президенти Владимир Путиндин “экономика – жашоонун негизи” деп айтканы бар. Анын сыңары Кыргызстандын экономикасы канчалык кубаттуу болсо медицина тармагы да күчтөнөт. Учурда жаманбы-жакшыбы, кошуна мамлекеттерден артта калбай, дүйнөлүк стандартта иштегенге, жаңы технология, жаңы ыкмалар менен дарылаганга аракет кылып жатабыз. Мамлекеттин каржылоосуна жараша эл медициналык жардам алып жатат. Кудайга шүгүр, дарыланбай, кароосуз көчөдө калгандар жок. Жетишпегени – компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, рентген аппараттары. Сөөккө коюлчу жабдык-импланттар мамлекет тарабынан каржыланбайт, бейтаптар өздөрү сатып алышат. Казакстан, Орусия болсо өз жарандарына бекер сатып берет. Билесиздер, бизде медицина кызматкерлеринин маянасы абдан аз, бул тармак төмөн деңгээлде каржыланат. Бюджеттен бөлүнгөн акчанын 80 пайызы эле кызматкерлердин маянасына кетет. 9 жыл окуп медициналык окуу жайды бүтүп келген кызматкер 6-8 миң сом айлык алат. Бирок жакшыдан үмүт үзбөш керек, Кыргыз медицинасынын келечеги алдыда деп ойлойм.

– Адатта мыкты кадрларга жакшы акча төлөп чет өлкөгө тартып кетишет. Сизге да андай сунуштар көп түшсө керек?

– Азыркыга чейин сунушташат. 30 жашымда илимдин доктору болуп Москвадан келдим. 1996-жылы АКШга окууга барсам, “бизде кал” деп сунушташкан. Макул болгон жокмун. Анткени сыртта 8 жыл окуп Кыргызстанды абдан сагынгам, мекениме келгенде “болду, экинчи эч жакка кетпейм” дегем. Мына, ошол дух менде дагы деле бар. Чет өлкөгө чакыруу түшсө барып, операциясын жасап кайра келе берем. Мени “кет” деп эле кууп жибербесе, өлкөдөн эч жакка кетпейм, коркпогула (күлүп).

– Сизди таасирленткен, көпкө эсте калган уникалдуу операцияңызды айтып берсеңиз.

– Менде андай таасирдүү, уникалдуу операциялар көп болот. Бир кызык окуяны айтып берейин. Москвадан мотоциклден кулап тизеси сынган Яна деген орус кыз келиптир. Кыргызстандын жараны эмес экен, ал СПИД менен ооругандыктан Москвадагы дарыгерлер аны операция кылуудан чочулап баш тартышыптыр. Адегенде мен да макул болгон жокмун. Эртеси жигитин, анын апасын ээрчитип келиптир. “Бул жигит Кыргызстандын жараны, мен буга турмушка чыгып Кыргыз жарандыгын алам. Ошондо да операция жасабайсызбы?” дейт. Айтор, 3 ай тынбай келип жатты. Акыры командам менен ага операция жасоону чечтик. 2-3 кабат кол кап кийип, көзүбүзгө көз айнек тагып, бет каптарды кийип бутуна операция жасадык. Бир айда балдагы жок басып кетти. 3 айдан кийин телефонума “мен Москвадамын, рахмат сизге” деп жазыптыр. Көрсө, мен операция жасагыча жалган айтып жүрүптүр. 2005-жылы тизеси артка кайрылган Теңизбек деген балага уникалдуу операция жасагам. Мындай мисалдар көп.

– Жакында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө дары-дармек мафиясы күчтүү экенин айтып, бул тармакты көзөмөлдөгөн үй-бүлөлөр бар экенин билдирди. Бул жааттагы абал сизге кандай көрүнөт?

– Медицина тармагын санариптештирүүгө убакыт келди деп ойлойм. Дары-дармектер чек арадан киргенден баштап, дарыканаларга бөлүнүп, керектөөчүлөргө жеткенге чейин каттоодо туруш керек. Аны кайсы компания алып келди, үстүнө канча сом кошуп сатып жатышат, баары ачык болгону туура. Дарынын баасына 3-4 эсе кошуп саткандар бар. 10 сомго алып келинген дарыны 12-15 сомго сатса болот, бирок 20 сомдон сатуу элдин канын соргонго барабар. Бул жаатта УКМКнын билдиргендерин туура деп эсептейм.

– Сизге карата “Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборун бүт ээлеп алды” деген сөздөр айтылып калып жүрөт. Дегеле сынга кандай карасыз?

– Андай сын айткандардын оюнда эмнелер бар билбейм. Мен ээлеп алгыдай бул жерге үй салып алган жокмун, аймагына жеке менчик оорукана же дарыкана салган жокмун. Кызматымды гана кылып келе жатам. Бул оорукана мындан 50 жыл мурун курулган, талкаланып жок болуп бараткан мекемени жамап-жумап иштетип келе жатабыз. Жылына 13-14 миң адам жатып дарыланат, 60 миң адам амбулатордук жардам алат. Мекеменин илимий кеңеши бар, ар бир маселени ошол кеңештин жыйынына салып талкуулап чечебиз. Үстүбүздөн Эсептөө палатасы, прокуратура текшерет. Бир нерсени менчиктеп алсам табышат эле да.

– Акчасыз жакыр адам деле сизден бекер операция жасатышы мүмкүнбү?

– Операция 100 пайыз бекер жасалат, болгону оорулуулар сөөгүнө коюлчу жабдыктарды, импланттарды өздөрү сатып алышат. Мына, сенин алдыңда бир аксакал келди, акчасы жок экен. Өз чөнтөгүмдөн акча берип имплант сатып берем дедим. Мындан тышкары кышында буту-колун кокустатып селсаяктар келишет, аларга бекер имплант салып беребиз. Акчасы жок үчүн дарыланбай калган бир да адам болгон эмес.

– Элге таанымал адам болдуңуз, миңдеген адамдарга шыпаа бердиңиз. Учурда сизде кандай максат бар?

– Менин кыялым – жаңы Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборун куруу. Мен бул борбордо 17 жылдан бери жетекчимин. Араб улутундагы жарандарга көптөгөн операцияларды жасап, алар менен тыгыз иштешип калдым. Катар өлкөсү бизге жаңы заманбап технологиялар менен жабдылган оорукана куруп бермей болду. Буюрса, ушул ноябрь айында куруу иштери башталып, 2 жылда толугу менен бүтөт деп жатышат. 10 миллион долларлык долбоор. Бишкек ЖЭБи, Тарых музейи, жолдор сыяктуу насыяга алынган акчага курулбайт, мамлекеттин акчасы эмес. Бул деген кайтарымсыз бекер – грант түрүндө келип жатат. Биз турган бул 500 орундуу оорукана ошол жакка көчөт. Менин жеке менчик ооруканам болбойт, мамлекеттики болот.

– Чыныгы медицина кызматкери кандай болушу керек?

– Дарыгер бейтапты ата-энесиндей, ага-карындашындай, баласы-кызындай жүрөгү менен сүйүшү керек. Ошондо Кудайым шыпаасын берип бейтаптар сакайып чыгышат. Беш кол тең эмес, арабызда кайдыгер кесиптештерибиз да бар. Мисалы, бирөө менин кабылдамамда ооруп отурса эч качан таштап кете албайм. Күн сайын 6-12 операция жасайм, убакыт таап 50-60 оорулууну кабыл алып кеңешимди берем. Кээде иш көптүгүнөн саат түнкү 11ге чейин жумушта калган күндөр болот.

– “Райымбек Матраимов жакшы адам, көп бейтаптын өмүрүн сактоого жардам берген” деген элеңиз. Сөз пандемия учурундагы жардам жөнүндө болуп жатабы же ага чейинки жардамдарбы?

– Ал пандемиядан мурун деле, 10 жыл аралыгында оорулууларга жардам, колдоо көрсөтүп келген. Анын берген каражатына керектүү дары-дармек, жабдыктарды сатып алчубуз. Бирок Райымбек ысымын айттырчу эмес. “Сабыр аке, бир жакшы адам жардам берди деп коюңуз, мага ошол жетет” дечү. Жардамдарды колунда жок, дарыланууга муктаж адамдарга жумшадык. Мен аны жакшы, боорукер адам деп билем. Айыгып чыккандар ага батасын берип кетишет. Өзүнө “сага ушинтип бата беришти, мынча адам айыгып чыгып кетти” деп кабарлап турам, кубанып калат. Кезинде Сооронбай Жээнбеков да жардамчысын жиберип 30дай адамдын операциясына импланттарды өз чөнтөгүнөн сатып берген.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
alisheran
2021-11-08 19:55:10
Эн мыкты врачсыз....Аллахым денсоолугунузду бекем кылсын...


0
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан