"Менин атым", "Юминин клеткалары" сериалдарынын жылдызы АН БО ХЁН

“Ушул кезге чейин “алдыга жыла бер, кыйынчылыкка багынба” деп өзүмө-өзүм дем берип жашап келем. Анткени азыркы колумда бар нерсе оңой эле келген жок. Жүк ташыгыч болдум, кечкисин бармен, кийин май куюучу жайда иштедим, таң атпай көчө кыдырып гезит таратчумун, айдоочулук менен да алектендим. Айтор, дайыма жашоо үчүн күрөшүп келем”,- дейт актёр Ан Бо Хён. Анын кино тармагына аралашканына бир топ жыл болсо да, популярдуулук акыркы 2-3 жылда гана келди...

Туулган жери:
Түштүк Корея, Пусан шаары

Туулган жылы: 1988-жыл, 16-май

Жылдыз белгиси: букачар

Бою: 187 сантиметр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Күн мураскерлери”, “Итэвон класс”, “Кайрос”, “Менин атым”, “Юминин клеткалары” жана башка

БОКС, СЫНГАН ТИШТЕР...

33 жаштагы келишкен мырза Түштүк Кореянын Пусан шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлгөн. Мектепте спортко, анын ичинде бокско кызыкты. Бир нече абройлуу мелдештерден алган медалдары дале үйүндө сыйлуу орунда турат. Окуучулук менен кош айтышкандан кийин Ан Бо Хёнго моделдик агенттиктен сунуш түшүп, чымыр денелүү жаш жигит модель болуп иштеп баштаган. Бирок моделдиктен тапкан каражаты жетишсиз эле, ата-энесинен жардам алчу эмес. Анткени ата-энесинин тапканы күнүмдүк керектөөдөн ашчу эмес, карындашынын кем-карчын да толукташ керек эле. “2-3 жумушта иштесем да каражат жетпей калчу. 2007-жылга чейин бокс менен машыктым да. Ал жактан түрдүү соккуларды ала берип тиштерим кыйшайып, түшүп, сынып калган. Стоматолог барсам баарын оңдоого 5600 доллар керек деди. Мындай акча менде кайдан болсун? Анан доктур менен сүйлөшүп, айына 400 доллардан бөлүп төлөгөм”,- дейт Бо Хён.

“ИТЭВОН КЛАСС” МЕНЕН КЕЛГЕН АТАКТУУЛУК

2002-жылы Түштүк Кореянын чемпиону болгон мушкер Ким Дук Куга арналган “Чемпион” тасмасы жарыкка чыккан. Келечекте көптөн үмүттөндүргөн мушкер 23 жашында рингде америкалык мушкер менен беттешип, алган жаракатынан улам каза болгон эле. Жаш мушкердин кыска өмүрү, спорттогу ийгиликтери тууралуу тартылган тасмада Ким Дук Кунун образын актёр Ю О Сун аткарган. Дал ушул актёрдун талантына таасирленген Ан Бо Хёндун да актёрлукка кызыгуусу ойгонот. Анын ою 2014-жылы ишке ашып, “Алтын крест” аттуу тасмада эпизоддук роль алган. Андан бери актёр ондон ашык дорама-тасмаларга тартылды. Бирок анын талантын толук ачып, бүт дүйнөгө тааныта турганы жок эле. Анан көптөн күткөн күн да, роль да келди. 2019-жылы “Итэвон класс” дорамасы тартылып, анда Ан Бо Хён терс каармандын ролунда эле. “Буга чейин деле жалаң спортчу, бандит же аскер кызматкери сыяктуу ролдорду ойночумун. Режиссёрлор физикалык даярдыгыма байланыштуу ушундай ролдорду беришсе керек. “Итэвон класс” менин чыгармачылыгымдагы бурулуш болду окшойт. Андагы элдин баарын кыжырданткан Чан Гын Вондун ролу менин визиттик карточкам болду”,- деп ой бөлүшөт актёр.

“МЕНИН АТЫМ” + ЮМИНИН КЛЕТКАЛАРЫ”

“Кайрос” дорамасы да сюжетинин өзгөчөлүгү, мыкты актёрдук курам менен жогорку рейтингди багындырган дорама болду. Дорамадагы ролу боюнча Ан Бо Хён: “7-8 ай Со До Гёндун образында тартылгандан кийин мындан кийинки образым шайыр, жашоону сүйгөн каарман болсо экен деген ой келди. Дораманын баштан-аяк жүрүшүндө мен ойногон каармандын жүзүнөн 1-2 эле жолу жылмайганын байкайсыз. Дорама чынында эле күчтүү да, оор да болду”,- дейт.

2021-жыл. Буга чейин экинчи пландагы актёрлорду ойноп келген Ан Бо Хён бир эмес, эки дорамада башкы ролдо. Экөөндө эки башка образ, эки башка Бо Хён. “Нетфликс” платформасына чыккан “Менин атым” сериалы дүйнөлүк рейтингде 3-орунга чейин чыкты. Мындай ийгиликти бир чети “Кальмар оюну” сериалынан кийин дүйнөлүк коомчулуктун корей тасмаларына болгон кызыгуусунун өөрчүшү менен түшүндүрсө болсо керек. Экинчи жагынан чынында эле кызыктуу тасма жаралды. Баңгизат менен күрөшүү бөлүмүнүн детективинин ролун ойногон актёр: “Бул тасмадагы каарманымдын көп жагы мага окшош экен. Детектив Чон Пиль До сыртынан кыйын, менменсинген адам көрүнгөнү менен, жашоодо жакындарына берилген, жумшак адам”,- дейт.

Ан Бо Хёнду такыр башка тарабынан ачкан “Юминин клеткалары” сериалы болду. Апта сайын көрсөтүлүп, аягына жетейин деп калган комедия, романтика жанрындагы сериалда Ан Бо Хён актриса Ким Го Ын менен башкы каармандардын ролунда. Бул сериалды көрсөңүз сиз жылмая турган көз ирмемдер көп болот, окурман.

ПОПУЛЯРДУУ БОЛГОНУ ЭМНЕ ӨЗГӨРДҮ?

Адам жөнөкөйлүк сапатын унутпаш үчүн жөнөкөй жашоодо жашаш керек” деген актёрду жакындары ачык, боорукер, жөнөкөй деп мүнөздөшөт. Бош убактысында велосипед тепкенди, балык уулаганды, гитара чертип ырдап отурганды жактырат. Кесиптештеринин арасынан актёр Ким У Бинди жакын досум дейт. “Ким У Бин экөөбүз моделдик мектепте бирге окуганбыз. Кийин тасма талаасынан кайрадан жолуктук. Аскерде жүргөндө менден кабар алганы досторумдун арасынан Ким У Бин эле келген”,- деп күлүп эскерет.

Башында ата-энем менин актёр экенимди уялып эч кимге айтышчу эмес. “Итэвон класстын” 4-сериясы чыгып, мен жөнүндө интернетте жазылып, эл таанып баштагандан кийин гана алар да тааныштарына мактанып калышты “биздин бала” деп. Карындашым болсо “жаман ойноп мени уят кылсаң өлтүрөм” деп коркутат. Өзүм болсо популярдуу болгондон бери жалкоо болуп баратат окшойм. Көптөн бери эле жалгыз жашайм. Мурда кир жууп же үй жыйнап, таштанды төгүш керек болсо дароо жасап отуруп калчумун. Азыр болсо “анан, эртең деле жасайм” дегенге өттүм. Балким, катуу чарчап жатамбы, билбейм. Башка өзгөрүү деле жок”,- дейт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан