ТЕКЕБАЕВ МЕДВЕДЕВ МЕНЕН КАРИМОВДУН КӨЗҮН АЧТЫБЫ?

Мезгил үнү

Кыргызстан ажосун экинчи ирет тактан кулатып, парламенттик башкарууну тандап алганын дүйнөлүк коомчулук таң калуу менен карап турду. Биздеги өзгөрүүлөр коңшуларыбызга таасир бергенби, алар Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү ойлоно башташты.

Кыргызстандын ажолору бийликти өз кланына оодарып алып, кагазда президенттик-парламенттик деп жазылганы менен, иш жүзүндө авторитардык башкаруу болуп кетерин түшүнгөн кыргыз эли 7-апрелде Бакиевдин бийлигин кулатты. Ал эми Убактылуу өкмөт алдына башкаруу системасын өзгөртүү максатын коюп, негизги демилгечи Өмүрбек Текебаев башында турган топ жаңы Баш мыйзамды жазып чыкты. Ошентип, Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алды. Бизде мындай өзгөрүүлөр болуп жатканда “колдорунан эч нерсе келбейт” деген кыязда кеп айткан кошуналар көп эле болду.
Алсак, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев: “Кыргызстан үчүн парламенттик республика болуу катастрофага барабар”,- деп балп эттирген. Бирок “аюу” байкебиз жакында эле өзүнүн интернет баракчасында: “Орусиянын саясий жашоосу бир жерде токтоп калганы байкалууда. Мындай жагдай бийликчил партияга да, оппозициялык күчтөргө да зыяндуу. Эгерде адилеттүү күрөштө оппозициянын жеңип чыгуусуна эч кандай мүмкүнчүлүк болбосо, анын күчү жоголот. Улам жеңишке ээ боло берген бийликчил партия деле күчтүү оппозиция болбогон соң акырындап жок болот...”- деген оюн жазган. Анын айтымында, парламенттеги саясий көпчүлүк жалаң бийликтин оозун тиктеген аткаруучулардан турбашы керек. “Биздин негизги милдет – элдик өкүлчүлүктүн сапатын жогорулатуу”,- дейт Дмитрий Медведев. Кечээ эле “Кыргызстанга парламенттик бийлик жарашпайт” деп жаткан Дмитрий акенин пикиринин өзгөрүшүнө ошол эле Кыргызстандагы өзгөрүүлөр таасир бердиби деген ой жаралат.
Минтип Орусия оозубузду Ошко каратса, демократиянын “д”сы түшүнө кирбеген Өзбекстан мындан дагы кызыктуу кабарын ачыкка чыгарды. Ислам Каримов карылыкка моюн сунганбы же 20 жылдан бери муштумунда мыжыгып турган бийлиги бошой баштаганбы, кыскасы, бийлигин парламент менен бөлүшмөк болду. Ислам Каримов “парламентте көпчүлүктү ээлеген партия өкмөт башчыны көрсөтүүгө укуктуу болуш керек” дейт. Азыркы Өзбекстандын Баш мыйзамы боюнча, премьерди президент дайындайт. Конституцияга мындай өзгөртүүлөрдүн Каримов тарабынан киргизилиши бекеринен эмес чыгар. Бул кадамды ал “демократиянын жаңы баскычы” деп атап жиберди.
Парламентаризмге өткөнүбүздү көрө албагандар өздөрү ошол багытка карай кадам таштаганын кантип түшүнөбүз? Текебаевдин демилгесин үч-төрт ай мурун эле тепкилеп жаткан өлкө башчылары эми ошол жол туура жол экенин айтып, саймедирей башташты. Же Өмүрбек мырзанын көрөгөчтүгү аларга жетип, качандыр бир мезгилде элинин кыргызстандыктар сыяктуу көтөрүлүп чыгышынан чочулап жатышкандыр. Кантсе да азырынча алардын демократияга умтулган аракеттерин карап, Кыргызстандын оң таасири тийип жатканына кубана туралы.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
antislav
2010-11-28 07:52:52
Сталин бийликтен баш тартса да,Каримов баш тартпайт.Каримов жыландын уусун жалаган,шайтандын оюна келбегенин жасаган жомоктогу тулкудон да куу.Качан эле орустар бизден таасир алып калышты эле.90 жылдан бери позициясындан тайбаган орусия бизди коруп эле озгоруп кетпейт.
0
antislav
2010-11-28 07:55:10
Супер-Инфо,Медведовду "аюу" деп чон суйлоп койгон эмессинерби,ыя?Бироонун аброюна шек келтиргенинер учун чооон жаза жеп калбагыла.Мунунарды капарына да албайт дечи бир тараптан.Бирок,журналистика адебине туура келбейт ко.
0
antislav
2010-11-28 07:58:30
20 жылдан бери оппозиция болуп келгерн Текебаев дагы эле ушул жолун улайт ко чамасы.Туркиянын да Дениз Байкал деген саясатчысы бар.Текебаев экоонун окшоштуктары бар.Ал дагы ушул кунго чейин партия лидери болуп бийликке келе элек.Экоосу тен жашыруун камералардын курмандыктары ж.б.
0
Baichechekey
2010-11-28 13:10:25
Туура айтасын Janchar оозу менен иш бутургон байкебиз элин эмес озун гана ойлойт.
0
Oshington
2010-11-29 00:47:25
e kop mozgini 4akpai tuura karasanar sa9sat4ylardyn en tazasu Omurbek myrzago e4 kimgo satylbagan... tuura syilogulo4u
0
Elvira Karaeva
2010-11-29 11:31:27
zamir: Мен Текебаевдин тууганы эмесмин! Ал эми бул материалда кандайдыр бир окуя жана далилдерге таянып, анын жыйынтыгы менен жазганбыз.
0
Elvira Karaeva
2010-11-29 11:34:59
Урматтуу окурмандар! Анда эмне үчүн жогорудагы президенттер жарым жыл мурун, же жарым жыл соң эмес, Кыргызстандын окуясынан кийин "парламентаризмдин өнүгүшүнө" көңүл буруп калышты? Кантсе да, өз ой-пикириңизди калтырып кетесиз деп күтөм.
0
Debi
2010-11-29 15:40:40
Парламенттик башкаруу жеке эле Текебаевдин эмес, жекебасарлардын бийлигинин натыйжасын көргөн көп адамдардын тыянагы болчу. Атамбаевдин да демилгеси күчтүү болгон десек болот. А биздин саясатчылардын такшалгандыгы, коңшу өлкөлөргө таасирлүү болушу жөнүндөгү байкамдар аша чапкандык эмес.
0
antislav
2010-11-29 19:56:27
Супер-Инфо бейтарап болгулачы сураныч.Ата-мекенге жан тарткандай коз карашта жазып жатасынар.Текебаев эле дейсинер,эгер коалиция тузо албай калсак оппозицияга кетууго даярбыз дейт наркы бетте Р.Жээнбеков.Эгер чын дилден иштешти каалашканда оппозитция болууну паландашпайт эле.Кыргызстанга кубанмак тугул кулуп атышат.Шайлоо отконуно 1,5 ай болуп атат.Дале болсо коалициянын дареги жок.
0
Duulat
2010-11-30 11:00:24
Туугандар!, менин билишимче Текебаев бизнеске, коррупцияга аралашбаган, бир позицияда турган саясатчы! Бул нерселер аны башкалардан айырмалап турат! Анын планы 15 кундо же бир жылда ишке ашчу нерсе эмес. Убакыт корсотот баарын! Ал эми парламенттик олко болгонубуз, жамандыр жакшыдыр бир аз озгоруу болгонун айтып турат. Ушундай озгоруулордон анан чон ийгиликтер жаралат! Ар бирин озунду ойлочу, эмне кылдын Кыргызстан учун?..
0
konya
2010-11-30 15:21:20
урматтуу суперчилер акылга сыйган нерсени жазсанар.Текебаевти бугун кордунорбу кыйратам деп кыйкыргандан башка эчтеке кыла алган жок. Бека
0
Shumkarbek
2010-11-30 21:12:56
баарынардан конул калды.кыргызстан онолбойт эми
0
tokobay
2010-12-01 10:10:49
Супер-инфо силер кошомат гезит болуп баратасынар! Текебаевден башка эч нерсе жазбай калдынар... эмнеге менин буга чейинки комментарийими очуруп койдунар. же бул жерге Текебаевди мактаган гана комментарийлер туруш керекпи?!
0
Арина
2010-12-01 10:23:08
Менин оюмча, ар бир басылма кандайдыр бир идеология менен жашайт, ал үчүн күрөшөт. Анткени ошол эле басылманын таасири өлкөгө жакшы таасир алып келиши ыктымал! Ал эми "Супер-Инфону" Текебаевди мактай дегенине кошулбайм, себеби бул гезит парламентаризмди жактаса керек.
0
Арина
2010-12-01 10:25:32
Баардык жалпыга маалымдоо каражаттарына "демократия" абадай керек, ушул принциптин айынан парламентаризмди жактап жатат го... Жумурткадан кыр издегендин ордуна ар бириңер убактыңар болгондо парламентаризм жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга чакырып кетер элем!
0
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан