САРЫ ДОЛОНО – ЖҮРӨК ООРУСУНА ДАРЫ

Улуттук илимдер академиясынын Дары өсүмдүктөр ресурстарына мониторинг жасоочу лабораториянын жетекчиси Кайыркул Шалпыков:

– Сары долоно түрүнө жараша бадал же анча чоң эмес дарак түрүндө өсөт. Боюнун бийиктиги 4-7 метрге чейин жетет. 200-300 жылга чейин жашайт. Кыргызстанда долононун 15 түрү бар. Алардын ичинде сары түстүүсү – королькова, кнорринг, понтийский. Калгандары кызыл өңдө. Понтийский долоносу өлкөбүздүн түштүгүндө жалпысынан 18 000 гектар жерди ээлейт. Арсланбап, Кара-Алма, Сары-Челек аймактарынан жолугат. Эл сары долоно, “айбан сары”, “сары айван” деп аташат. Мөмөсүнүн диаметри – 1,5-2,8 сантиметрге чейин. Даамы алманыкына окшошуп кетет. Жегенге, кыям, шербет жасаганга болот.

Королькова долоносу Таласта, Токтогулда жолугат. Кнорринг сорту Чычкан, Чаткал, Фергана өрөөнүндө, Алай тоо кыркаларында кездешет. Өзгөчө Кара-Алма жана Тоскоол-Ата токой чарбаларынын аймагында көп өсөт. Кнорринг жана понтийский долоносу кызыл китепке киргизилген.

Курамы

– Сары долононун мөмөсүнүн курамында аскорбин кычкылы, каротин, пектин, фруктоза, крахмал, май жана башка керектүү заттар бар. Мөмөсүнөн жана гүлүнөн алынган экстракты медицинада жүрөктүн аритмия, жогорку кан басым, атеросклероз ооруларын дарылоодо колдонулат. Экстракты дарыканаларда сатылат.

Элдик медицинада колдонулушу

Табып Дүйшөн Чомо уулу:

– Жүрөктүн бардык оорусунда колдонулуучу дарынын рецепти.

•Сары долононун гүлүн терип алып салкын жерде кургатып, майдалап алуу кажет. Анын 150 граммын 300 грамм балга аралаштырып, күнүнө 1 чай кашыктан 3 маал ичүү кажет. Дарылануу курсу – 3 ай. Бул дарыны ашказан ооруп, тамакка табит жоголгондо да колдонсо жакшы.

•Мөмөсүн кургатып, майдалап алуу зарыл. Анан 1 чай кашыгын 1 литр сууга кошуп, 1 саат кайнатып, муздаганда сүзүп алуу керек. Үстүнө 3-4 тамчы алма уксусу кошулат да, күнүгө 30 граммдан 3 маал ичилет. Дарылануу курсу – 2 ай.

Ич өткөндө ушул эле рецепт колдонулат, бирок алма уксусу кошулбайт.

Бөйрөктүн жана табарсыктын оорусунда, өт жана жатын сезгенгенде да сары долоно пайдалуу. Тамырынын кабыгын аарчып, көлөкөдө кургатуу керек. Анан майдалап, 100 граммын 0,5 килограмм балга аралаштырып, күнүгө 1 чай кашыктан 3 маал ичүү сунушталат. Дарылануу курсу – 2 ай.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан