КИНОДОГУ КАТАЛАР

Жашоодо ким гана жаңылбайт? Жадакалса мыкты режиссёрлор да чоң тасма жаратып жатып көптөгөн кемчиликтерди кетиришет. Кээде андай кемчиликтер билинбей да калышы мүм­күн. Бирок, кичинекей жаңылыштык болобу же чоң ката болобу, кыйын киносынчынын көзүнө илинип калса, анда киночулардын шору. Кино көрүп жатканда кунт коюп карасаңыз, жок дегенде бир ката таап чыгасыз. Кинодогу каталардын саны өтө көп болгондуктан, алардын атайын тизмесин жазып, энциклопедия чыгарып коюшкандар да бар. Гезитибиздин кино рубрикасына эң кызыктуу жана күлкүлүү кино каталарды чыгарууну чечтик. Балким, арасынан сиз да байкап калган каталар кездешээр.

  • Байыркы Рим окуяларын чагылдырган “Гладиатор” фильминде уруш майданындагы бир эпизоддо ат арабанын ичинен газ баллонду байкоого болот. Же римдиктер өтө акылдуу болушкан, же режиссёр акылынан адашкан. Кадрлардын биринде асманда учуп бараткан самолёттун элеси да түшүп калган. Ал кезде кайдагы самолёт?!
  • “5-элементте” Лилу менен Даллас ааламдын бейиши болгон Флостон планетасына учуп келишет. Көп элдин арасынан өтүп баратканда майор Даллас Лилунун аркасында келе жаткан эле. Бир кезде кереметтин күчүбү, айтор, Далластын үстүндө кара чапан кийилип калат. Мурунку кадрларда каарман майкечен гана болчу. Дагы бир ката: Лилу душманы Зоргду көздөй кутуну ыргытат. Алгач куту саат жебесине каршы айланып жаткан эле. Ал эми камера кадрды жайлатып көрсөткөндө куту саат жебеси боюнча айланып калат.
  • Тартуучу топтун мүчөлөрү кээде кадрга түшүп калышат. Алардын бирөө­сүн Кариб деңизинин каракчылары” фильминин 2-бөлү­гүндө байкоого болот. Согушка даярданып жаткан толгон каракчылардын жанында жөн гана деңизди тиктеп, ак көй­нөкчөн, көз айнек кийген бир адам турат. Монтаж учурунда аны “кесип салууга” кеч болуп калган.
  • Даңазалуу “Титаникте” да каталар табылбай койбойт. Мисалы, Роуздун бетиндеги мең бирде оң жагында болсо, бирде сол жагына өтүп кетет. Жек Роуздун сүрөтүн тартууда көө колдонгон. Анан тасмада арадан көп жыл өтүп, тартылган сүрөт суу алдынан табылганы көрсөтүлөт. Сү­рөт­­­түн жакшы абалда сакталып калганы таңкалууну жаратат. Дагы бир нерсе чындыкка жатпайт: пакеттеги чайлар, Рузвельттин сүрөтү тартылган 10 центтик тыйын, электрондук саат 1912-жылы пайда боло элек буюмдардын катарына кирет.
  • Бондарчуктун “9-ротасындагы” атактуу катаны президент Владимир Путин да байкап калган. Анда солдаттардын бири согуш учурунда атайын батинке эмес, таптаза, апакай болгон “Адидас” маркасынын спорт бут кийимин кийип жүргөн болот.
  • Баарыбыз жакшы көргөн “Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен” фильми башталаарда экранга “эта история могла произойти исключительно в новогоднюю ночь” деген титр жазылат. Сүй­лөм­­дөгү «исКЮчительно» сөзү грамматикалык ката менен жазылганын мугалим көрсө, режиссёр Рязановго “2” коймок. Ушул тасмадагы дагы бир кемчилик: башкы каарман Мягковду алгач “ИЛ-62” маркасындагы учакка отургузушат. Асманда учуп баратканда ал “Ту-134” болуп калат да, Ленинградка конгондо табышмактуу жол менен “Ту-154” маркасына айланат.
  • “Чарлинин периштелери” тасмасында роль аткарган эки актриса Дрю Берримор менен Люси Лиу бир адамга каршы согушушат. Сценарий боюнча Дрю курбусу Люсини көтөрүп, ал эми Люси душманын тепмек. Кинодо Дрю көнгөн адатынча “Люси” деп кыйкырат. Бирок, Люсинин тасмадагы аты Алекс болчу.
  • “Гарри Поттерде” күн менен түн­дүн мезгилсиз алмашылышы, кийимдердин өзгө­рүшү көп байкалат. Гарринин бетиндеги тырык кээде оң бетинен, кээде сол бетинен көрү­нөт. Эң кызыктуусу, башкы каармандар сү­зүп өт­көн көл фильм аяктаганда такыр эле жоголуп кетет.
  • “Жөргөмүш адам” фильминде 4 адам Мэри Жейнге кол салышат. Жөргөмүш адам алардын экөөсүн көтөрүп туруп терезеге ыргытканда айнектер сынат. Бирок, кийинки кадрда терезелер эмнегедир бүпбүтүн бойдон экени көрүнөт.
  • Атактуу “Матрицада” каталар абдан көп. Нео өзүнө учкан октордон буйтап жатып аман калат. Ал эми анын аркасындагы бүтүн терезелерчи? Алар да буйтаганды билишеби? Дагы бир кемчилик: көп учурда каармандардын көз айнектеринде камера, ашыкча буюмдар, оператор, жарык берүүчүлөр чагылышып турат.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан