8-кабаттан секирип каза тапкан жигиттин эжеси: “ЧЫНДЫКТЫ МУНАРБЕК ӨЗҮ АНАН БИР КУДАЙ ГАНА БИЛЕТ..."

27-октябрда Бишкекте үрөй учурган окуя катталды. Мунарбек Ташкулов аттуу 22 жаштагы студент курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттын үстүнөн боюн таштап каза тапты. Куткаруу кызматы 5 сааттай ошол жерде жүрүп, жигитти оюнан кайтууга көндүрө алган жок. Аягында жаш өмүр жалп өчтү. Учурда Куткаруу кызматын шалаакылыкка айыптагандар да чыкты. Биз тараптардын оюн уктук.

“ЭСИНЕ КЕЛБЕЙ, ООРУКАНАГА БАРАТЫП КАЗА ТАПТЫ”

Бул окуя тууралуу Бишкектин Октябрь РИИБи буларды билдирди:

– 27-октябрда саат 12:30 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн үстүнкү кабатында Т.М. аттуу жаран “өз жанымды кыям” деп коркутуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ошол замат аталган дарекке милициянын ыкчам тергөө тобу жана Октябрь РИИБинин жетекчилиги барып, тийиштүү иштер жүргүзүлгөн.

Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 1999-жылы туулган Т.М. 8-кабаттан секирип кеткен. Окуя болгон жерде турган “Тез жардам” кызматы аны 4-шаардык ооруканага алып жөнөшкөн. Жаран жаракаттан улам эсине келбей, жолдо баратып каза болгон. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.

“5 СААТ БОЮ КУТКАРЫП КАЛУУГА ДАЯРДЫК КӨРҮШКӨН ЭМЕС”

Маркумдун эжеси, бул окуяга баштан-аяк күбө болгон Кундуз Бердишова милициянын жана куткаруучулардын ишин сындайт:

– Мен Мунарбектин атасы менен бир тууганмын. Атасы мага чалып “Мунашка бар. Бир кыз менен урушканбы же алам деп жатканбы, билбейм. 3-кабаттан өзүмдү таштайм деп жатыптыр. Жалдырап, жалынып оюнан кайтар. Ошол кызды алам деп жатса, алып келгиле, үйлөнтөлү” деди. Такси менен айтылган жерге барсам окуяны телефондоруна тартып жаштар жүрүптүр. Имараттын үстүндөгү инимди таанып, ага барайын десем курчап турган милиция кызматкерлери өткөрбөй коюшту. “Эжеси катары өзүм сүйлөшүп, көйгөйүн угайын” деп жалдырасам, бирөөсү “5 сааттан бери сүйлөшпөй бул жакта бизди эмне кылып турат дейсиз?” деди. Жулкунуп, бакырып ыйлап баштасам имаратка коё беришти. Барып “иним, кел экөөбүз сүйлөшөлү. Ал кызды алам деп жатсаң, макул, алып айылга чыгалы” дедим. Аңгыча иним бетондун артына жашынганда 2 милиция кызматкери мени сүйрөп алып кетти. Мени 8-кабаттан 7-кабатка түшүрүп салышкандан кийин баамдап карасам 5 саат бою куткарып калууга эч кандай даярдык көрүлбөптүр. Ошол жерде жүргөн куткаруучулардын бирин токтотуп, “силер 5 сааттан бери эмне даярдык көрдүңөр? Кокустан бийиктен боюн таштаса аны тосуп алганга жок дегенде одеяло таба алган жоксуңарбы? Секирип кетсе эмне кыласыңар? Бир нерсе жайып тосуп алсаңар эптеп аман калат да” десем унчукпай ары басып кетти. “Тез жардам” кызматкери “биздин ордубузда сен болгондо кыйратат белең?” деди эле, аны менен уруша кеттим. Аңгыча Мунарбектин үстүнкү кабаттан кулап түшкөнүн көрдүм. “Тосуп калышса керек” деген үмүт менен чуркап барып ылдыйды карасам, жерде көмкөрөсүнөн жатыптыр (ыйлап).

Куткарып калуу ӨКМнын милдети болгондон кийин мындай кырдаалга даяр турушу керек эле. Ылдыйга түшүп, иниме чуркасам жолотпой коюшту. Мен 7-кабаттан түшүп келгиче баланы оодарып да коюшпаптыр. Ошол боюнча жатыптыр (ыйлап).

Өз жанын кыйганга сүйлөшкөн кызы себеп деп айтып жатышат. Бирок ал деле бирөөнүн кызы да. Чындыкты Кудай, Мунарбек эле билет. Мунарбек Бишкекте жогорку окуу жайда билим алып жаткан. Такси кызматында да иштечү. Ата-энеси Чаткалда турат, 4 уул, 1 кызы бар. Чырактай бир уулунан ажырап сыздап жатышат.

“САКТАП КАЛУУГА ЖЕТИШСЕ БОЛМОК, ШАЛААКЫЛЫК КЫЛЫШТЫ”

Маркум Мунарбек Ташкулов менен чогуу жашаган классташы Арген Кудайбердиев да куткаруу кызматына нааразы.

– Каргаша болор күнү эртең менен Мунарбектин маанайы жакшы болчу. Мындай каргаша болот деп ким ойлоптур. Бир маалда досумдун атасы мага “ушундай болуп жатыптыр, кабар алчы” деп чалды. Досторду чогулттум. Бирок жетишпей калдык. Имараттан боюн таштап жибериптир... Ооруканага барсак өлүкканага алып кетишиптир. 5 саат – көп убакыт. Милиция кызматкерлери, Куткаруу кызматы Мунарбектин өмүрүн сактап калууга жетишсе болмок, шалаакылык кылышты. 5 саат ичинде туура сүйлөшүү жүргүзүп Мунарбекти оюнан баш тарттырса деле болмок. Секирип кеткиче эч чара көрбөй карап турушуптур.

Мунарбек так жүргөн, маселесин өзү чечкен, жарык маанай жигит эле. Анын кайсы кыз менен качантан бери мамиле түзгөнүн, Мунарбектин эмне үчүн мындай кадамга барганын билбейм.

“ЖИГИТ ӨМҮРҮН САКТАП КАЛУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРГЕН ЖОК”

Интернет желесинде да куткаруучуларга сын айткандар көп. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын жетекчиси, подполковник Ырыспек Жолдошбаев куткаруучулар жигитти аман алып калууга бардык күчүн жумшашты дейт:

– Маркум куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Ал өз жанын кыюуга бел байлаганын чечкиндүү түрдө билдирген. Биздин кызматкерлерди жанына такыр жолотпой койду. Бийик кабаттан боюн таштаган адамды куткарып калууда колдонулуучу атайын материалдар бар. Бирок нускама боюнча аларды бийиктик 8 метрден ашкан учурларда колдонууга болбойт. Буга техникалык регламенттер боюнча тыюу салынган. Биз жигитти альпинизм жана аркан менен жерге түшүрө алмакпыз. Бирок ал, балким, психикалык жактан жабыркап жүргөндүктөн эч кимди жанына жолотпой койгондур.

Социалдык түйүндөрдө "батуттарды орнотуп койсо болот эле" деп жатышат. Бирок ал жардам бермек эмес. Мынчалык бийиктиктен секирген адам тирүү калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде курулушту курчап турган коопсуздук торлору болушу керек эле. Бирок бул имаратта жок экен. Мындан сырткары ар кандай нюанстар бар. Эгерде куткаруучулар жакындап барганда ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Ал жерде 6 куткаруучу, психологдор, жакындары турушту. Атасы менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Тилекке каршы, жигитти сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Noon
2021-11-08 10:01:25
Былжыраган эшектер
-3
Datka7777
2021-11-08 10:07:21
Кызматтык иликтоо журуп, жоопкерчиликтери каралышы керек
-4
Nuuman
2021-11-08 10:19:23
Өлгондун өзүнүн шору. Бирөөнү куноологонду эле билбей, башынан балага өмүр кудай тарабынан берилген белек, татыктуу жашоо керек деген таризде тарбия бериш керек эле. Бир нерсе десе асынып алам деп жип көтөрүп чуркаган жаштар көбөйдү. Сразу айтайын өлсөнор коомго зыяны жок. Өзүнө кыйын. Ата-энеге кыйын. Кызмат адамдары туура эле тартипте иштеди. Эгер чуркап барып кармап калам дегенде боюн таштаса, мына ошондо балееге калат эле. Батут, одеяло дейт. 8 кабаттан 10 кгдык сумка кулаганы атабы? 70 кг!!
+13
Janna19
2021-11-08 15:28:52
Өлгөндүн өзүнүн шору,күнөөнү бирөөгө түртө салып шылтаганды жакшы билебиз.
+10
Isikkolumkeremet
2021-11-09 08:46:08
Жаратканым балдарыбызга ыйман берегор
+1
Alixan-Nookat.2015
2021-11-09 15:27:07
Бирок 5 саатта жолун тапса болмок бирок бизде тилеке каршы чыныгы дасыккан куткаруучу адистер жок, эч кандай куткаруучу шаймандары жок.
0
aizirek...
2021-11-10 23:02:33
Өлгүсү келиптир өлдү. Ал жерден куткарганы мн үйүнө барып деле тамырын кесип же асынып алышы мүмкүн эле да. Ошол куткаруу кызматы барбай эле койбоптур. Элдин баарына даңаза кылбай 8-кабатка чыгып 5 саат турбай сразу эле секирбейби нары. Өлгөн өзүнүн эле шору.
+1
kkkk3259780
2021-11-11 07:45:00
жин кирген, сактасанар деле олмок, сабак болуш керек калганырга.
+1
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан