"Бир тууган" рубрикабызда маектешим Алина Касымова. Ал “Кыз-Бурак”, “Элегия” топторунда ырдап, учурда жеке ырчы катары элге таанымал Асел Касымованын бир тууганы.
“АСЕЛДИН МАГА ТААСИРИ ЧОҢ”
– Мен үйдүн кичүүсүмүн. 2 байкем, 2 эжем бар. Асел эжем эң улуубуз. Аселди сен дейм. Экөөбүз курбулардай эле сүйлөшөбүз, сырдашабыз. Учурда сулуулук тармагында иштейм. Бул тармакка келишиме Аселдин таасири чоң. Анткени кичинемде Аселдин боёнуп жатканын көрүп боёнууга кызыкчумун. Эжем боёнуучу каражаттарын “жыйнап койчу” деп кеткенде алгач аны туурап боёнуп, анан жыйначумун. Кийин да ырчы Анжеликанын сулуулук салонуна визажист болуп Асел эжемдин арты менен келгем. Экөө курбу болчу, чогуу жүрүп калышчу. Бир ирет Анжелика эже кашымдын боёлгонун көрүп “кашыңды ким боёйт?” деп сурап калды. “Макияж жасаганды жакшы көрөм, өзүмдү өзүм боёйм” десем, “мага визажист болуп келбейсиңби” деп сунуштаган. Ошондон тарта Анжелика эженин сулуулук салонунда иштеп калдым. Элди сулуулап иштегеним менен, Аселди көп боёбойм, ушунча жылдан бери 1-2 жолу гана боёдум окшойт. Ал өзүн-өзү жакшы боёйт.
Асел эжем кичине кезибизде Айпери эжем экөөбүздү күн суук болсо да эринбей бийге, хорго жетелеп барчу. Жолубузду таап кетсин деп аракет кылчу. Бул нерсе ага керек болгонсуп биз "барбайбыз" дечү элек. Асел “мен улуумун, сен кичүүсүң, мени угушуң керек” дебейт. Ошонусу жагат. Бир нерсени кылбай жатсак, биз менен кырылышып отурбай эле “атама айтам” деп койчу. Айтып койбосун деп коркчубуз. Анткени атам катуу адам, күч түзүмдөрүндө иштеди. Бизди эркелетип өстүргөн, урушпайт, бирок бир көз карашынан коркобуз.
“КЫЗЫМ МЕНДЕН ӨТҮП АСЕЛГЕ ЖАКЫН”
– Асел боорукер адам. Көчөдөн үшүп бараткан бирөөнү көрсө деле жаңы алган, өзүнө жаккан кийимин берип коюп кете берет.
Менин Ошто, Жалал-Абадда, Орусияда кардарларым бар. Ошко барганда кызымды Асел эле карайт. Өзү баласаак, кызымдын көзүн карап, каалаганын алып берет. Эч качан карай албайм дебейт. 2-3 ирет Москвага барып иштеп келдим. Ошондо өз жумуштарын токтотуп, мени менен барып, кызымды карап берди. Ал жакта 10 күндөй жүргөнбүз. Менеджери “качан келесиз, тойго чакыруулар келип жатат” деп күндө жазат. Мага колдоосу чоң, мен үчүн минтип көп нерседен баш тартып да коёт, ошон үчүн ага жакынмын. Менден гана эмес, башкалардан деле жардамын аябайт.
Кызым төрөлгөндөн эле Аселге жакын, ыйлап жатканда анын ырларын коюп берсек уктап калчу. Кыркы чыга электе эле менин кучагымда уктабай, Аселдин кучагында уктачу. Бир ирет жумушум боюнча Алматыга барып калдым. Кызымды Аселге таштап кеткем, аны сагынып, уктай албай, ыйлап келдим. Ал болсо мени издебептир. Мени тосуп алганга барганда кызым мен тарапка чуркады, мага чуркап келе жаткан экен десем, чемоданга чуркаптыр. Кээде аны чемоданга отургузуп сүйрөп ойнотуп койчумун да. Кайра эле Асел эжесине чуркап кетип калды. Анан уктап калганда Асел тойго кетти. Ойгонуп алып издеп ыйлап, мага көнбөй айламды кетирген.
“КӨК БЕТТИГИ АТАМДАН ӨТКӨН”
– Аселдин мүнөзү ачык, шайыр, чечкиндүү, боорукер, оюндагысын бетке айткан кыз. Жакшы сапаттары көп. Жаман сапаты кенебестиги, жалкоолугу болсо керек. Жалкоолугу кармаса аны эч ким, эч нерсе жеңе албайт. Жетем дегенине жетет, кылбайм дегенин кылбай койгон көк беттиги бар. Бул атамдан өткөн мүнөз. Өзүнүкүн эч кимге бербейт. Аны менен бир нерсени талашуу пайдасыз. Кенебестигин мындан байкаса болот, шоу-бизнесте Асел менен бир убакта чыккандар тытынып иштеп жатышпайбы. Аселде канчалык мүмкүнчүлүк бар болсо деле ушуга шүгүр деп коюп жүрө берет. Бул деле көңүлүнүн токтугунун белгиси го.
“АСЕЛ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ”
– Асел чыгармачылыкка апам аркылуу барган. Апам “Кыз-Буракта” ырдаган. Бир ирет “Кыз-Бурактын” концертине Аселди жетелеп барган. Гүлшайыр эже жактырып, ошону менен 7-класстан баштап ырдап калды. Аселдин ырларын жакшы көрөм. Ыр тандап жатканда биз менен кеңешет, андыктан бизге жаккан ырларды ырдайт. Бир туугандар арасынан Акыл байкем бир кездери рэп айтып жүрдү. Айпери эжемдин да үнү жакшы. Анын үнү да, келбети да Аселге окшошуп кетет.
Мен Асел менен сыймыктанам. Аселдин арты менен көп нерсеге жеттим. Өзүмө жаккан тармакка да Асел аркылуу келдим. Кичине кезибизде концерттерде сахнанын артына өтүп, ырчылар менен сүрөткө түшкөн мода болчу. Ошондо “Аселдин сиңдилерибиз” деп сүрөткө түшүп алчубуз. Аселдин атын пайдалангандан уялам. Аселдин эмес, атамдын атын да пайдаланбайбыз. МАИге түшүп калсак атама чалбайбыз. Бирок жеңил мыйзам бузуулар болуп калса, кээде байкеме чалып калабыз, Акыл байкем да күч түзүмдөрүндө иштейт.
Перизат Музуратбекова