(Башы өткөн санда)
– Ты что рано пришёл? Зима же ещё не пришла?- эми Даниель Тургунга суроо узатты.
– Бул оруспу?- деди Тургун жанындагы адамдарды карап.
– Жок, кыргыз,- Дария корккон адамдай жооп берди.
– Кыргызча түшүнөбү?
– Жок...
– Сен эмне ошол маселе менен келдиң беле?- кемпири жактырбагандай үн катты.
– Эй, сен оозуңду жаап турчу!- Тургун кемпирин какты. Анан ал ылдый отура калып, маңдайында аны таң калган көздөрү менен карап турган Даниелге кайрылды: «Балакай, сенин атың ким?»
– Имя...- Нурия Даниелге ымдады.
– Даниель... У тебя что подарки есть для меня?
– Белекти мен жаңы жылда берем да. Мен азыр бул кишилер менен эле сүйлөшкөнгө келгем. Бул жерде кичинекей бала бар экенин мага эч ким айткан эмес. Ошондуктан сен мени туура түшүнгүн, ээ? Жаңы жылда сөзсүз белек менен келем...- Тургун баарын айтып, балакай түшүндүбү дегендей аны саамга карап турду. А Даниель болсо бир апасын, бир Нурияны тиктеп, акыры чыдабай кетти да, «что сказал Санта?» деп кыйкырып жиберди.
Нурия дароо которуп баштады. Сөздү угуп бүтөрү менен бала кубангандай баш ийкеди. Ал эң башкысы жомоктордун каарманын көргөнгө, өзү ишенген Сантасы аны менен сүйлөшүп жатканына эле сүйүнүчүн жашыра албай жатты.
– Эмне эле болуп жатат? Бала менен бала болуп...- Айша мурун учунан бурк этти. Тургун анткенин элес алган жок. Аны суктана карап турган балакайды мурдунан чымчымыш болду да, «баса, сен кыргызча үйрөнгүн, ээ? Жаңы жылда котормочулары жок сүйлөшөлү, макулбу?» деди.
Нурия кайра которду. Балакай угуп бүтүп баш ийкеди да, күтүүсүздөн «Сантанын» моюнуна асылып бекем кучактап алды. Дария муну күткөн эмес, эмне кыларын билбей катып туруп калды да, анан эсине келгендей «балам, жүрү» деп Тургунду кучактап турган кичинекей колдорду бошотуп, аркы бөлмөгө жетелеп кетти.
– Эмне эле анын баласы менен кошо бала болуп жатасың?
– Койчу сен, баланын назарын сындырмак белем?! Карабайсыңбы, жан дили менен ишенип алганын!
– Жок, биз бул жакка эмнеге келдик эле?
– Аны азыр сүйлөшөбүз. Тиги келинди да чакыргын. Ашканага киргиле,- деди Тургун.
ххх
Аздан соң баары ашканада отурушту.
– Эми мага түшүндүргүлө?- деди Тургун ыңгайлуу отуруп.
– Эмнени, ата?
– Бул келин ким?
Дария оңтойсуз боло түштү. Калп эле жөтөлүмүш этти.
– Мен Каныбектин мурунку аялы болом. Каныбек биздин үй алабыз деп чогулткан акчанын баарын алып, бул жакка келип Нурияга үйлөнүп алыптыр. А негизи... Негизи ал уурдаган акчалардын баарын жалгыз иштеп чогулткам. Балдарыма үй алайын дегем... Бул үй ошол акчага алынган. Менин акчама алынган үй. Балдарымдыкы... Ошондуктан мен бул жерде балдарым менен жашап жатам.
– Таак...
– Эмне таак? Айтпайсыңбы бир нерсе деп? Кой дебейсиңби?- Айша ызылдап чыкты.
– Токтот! Эмне ызылдайсың? Сенин да кезегиң келет сүйлөгөнгө... Же шашып жатсаң айткын баарын. Айтчы кана?! Айт! Ии...- Тургун кемпирине ачууланып аны жарга такады.
– Эмнени?- Нурия суроолуу карады ата-энесин.
– Азыр апаң баарын төкпөй-чачпай айтып берет. Айт туткунга түшкөн немистей болбой!
– Башка күнү айтып берейинчи? Азыр морально даяр эмесмин!
– Ыя де?.. Айтасың азыр! Айт. Такташып алалы ушул жерден!
– Мейли...- Айша ушинтип бир сөз сүйлөдү да, анан столго жабылган дасторкондун бир учун кармалап отура берди.
– Айтпайсызбы?
– Атаң экөөбүз ажырашкан жатабыз...
– Эмне дейт?- Тургун чочуп кетти.
– Ыя?- Нурия да чала уктумбу дегендей такып сурады.
– Ажырашкан жатабыз. Ооба... Биз азыр ажырашып кетишибиз мүмкүн. Туурабы, Тургун? Баарын айтсак, анда ажырашып кетишибиз мүмкүн.
– Сен антип мени коркутпай эле кой. Көздөрүңдү антип ымдаба! Айт баарын!
– Тургун!- Айша кантип айтам дегендей чалын тиктеп тыбырчылап жиберди.
– Айтасың! Башка жол жок...
– Апа, эмне болуп жатасыздар? Айткылачы, жүрөгүм жарылып кеткене калды.
Айша бир күйөөсүн, бир кызын карап алайды. А Дариядан болсо аябагандай уялып жатты. «Сен кызыма зыян тийгизесиң» деп кызына жуутпай жүрчү. Аныгында болсо өзү кызынан чоң сырды жашырып келген. Азыр айтса шермендеси чыгат го.
– Атаң токол алам деп жатат!
– Омей, жинди го... Эмне эле айланып качат могу?! Тантыбачы, кемпир! Айт ачыгын!
Дария менен Нурия бири-бирин тиктеп калышты.
– Ой, эмнени эле айта албай жатасыңар?
– Сен айтпасаң, өзүм айтам. Кызым, сенин күйөөң Каныбек тирүү экен. Сенин күйөөң дейм да... Мунун да күйөөсү да. Сенин күйөөң да тирүү экен. Эми экөө бир киши да. Ошол... Ошол күйөөңөр тирүү экен.
Нурияны бул маалымат жарга такап койду. Же азыр атасы айткан үчүн бул кабар башкача угулдубу, айтор, уккан сөздөрдү кабыл ала албай туруп берди.
– А мен сезип жаткам тирүү экенин,- Дария «айттым эле го» дегендей бир чекитти карап катып калган Нурияны карады.
– Апаң аны мурда эле билип, Каныбек менен жолугуп жүрчү экен!
Атасынын ушул сөзүнөн кийин Нуриянын көзү караңгылап кетти. Ал таянууга бир нерсе издеп, акыры ашкана стулуна жөлөнө калды. Кантип? Кантип апасы ушул сырды жашырып жатты? «Кара жолтой аял окшойм, апа» деп боздоп ыйлаганын көрбөдү беле. Ичи уйгу-туйгу болуп жатканын көрбөдү беле! Башынан эле Каныбектин тирүү экенин билсе кантип жашырды? Каныбек күйөө баласы, а бул кызы да...
– Тургун! Дайым ушинтип мени күнөөлүү кылып басып жүрөсүң? Айттым го, «Нурияга зыяны тийип калышы мүмкүн» дегенинен жашырып жүрдүм деп. Нурия, кызым... Сага зыяны тиет, ал билбесин деди мага. Сени өлтүрүп коюшу мүмкүн экен деди. Мен ошон үчүн сенден жашырдым.
– Тирүүбү чындап?- Нурия терең дем тартып алып сурады.
– Ооба...
– Калганын да айтасыңбы?- Тургун дагы бирдин ичинен чыкчудай үн катты. Айша аны нааразы боло тиктеди.
– Жок, калганын айтпайм. Кызым баарын бүгүн аш кыла албайт.
– Жок-жок! Айтыңыз баарын! Азыр дагы айтыла турчу нерселер бар экенин билгенден кийин мен кантип эртеңкиге чейин чыдайм?
– Жок, бүгүн айта албайм.
Айша болушунча жооптон качканга аракет кылып жатты. Ушу тапта эшик кагылды.
– Ким келди? Мен эшикти ачайын?- каякка качарын билбей турган Айша эшик ачмакка жөнөдү. Аздан кийин ашканада тургандарга чоочун жигиттин: «Апей, эже, сиз да бул жактасызбы?» деп каткырганы угулду.
Бул ким дегендей баары кире беришке жөнөшкөн. Тургун гана тааныган жок. Дария менен Нурия өткөндө карыз доолап келген жигиттердин бири экенин көрдү. А Айшанын көзү алайып калган. Маңдайында аз убакыт мурун эле анын моюнуна олчойгон карыз илген эңгезердей жигит турду...
(Уландысы кийинки санда)