“Tesla” жана “SpaceX” компаниясынын башкы директору Илон Маск өзүнүн Twitter баракчасынан адамзатты ачарчылыктан куткаруу үчүн каражатынын бир бөлүгүн берүүгө даяр экенин билдирди.
Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бисли чоң көйгөйгө айланган ачарчылыктын алдын алуу жана аны менен күрөшүү үчүн Масктын учурдагы 289 миллиард доллар байлыгынын 2 гана пайызы жетерин айтып чыккан.
Илон Маск: “Эгер БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы 6 миллиард доллар дүйнөлүк ачарчылык көйгөйүн кантип чече аларын так түшүндүрө алса, азыр эле "Tesla`нын" акцияларын сатып, бул көйгөйдү чечүүгө даярмын. Бирок коомчулук каражат кандай, каякка сарпталып жатканын көрүп турушу үчүн финансылык отчёттор ачык болушу керек”,- деп жооп берди.
“SpaceX” компаниясынын башчысы буга чейин АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы миллиардерлер үчүн сунуштаган жаңы салык планын сынга алган.
Асел Ишенбай кызы