Эл аралык кабарлардан
Дүйнөдөгү футбол боюнча эң абройлуу деп эсептелген Чемпиондор Лигасынын тайпалык турлары аяктоо астында. 32 команда 1/8 финалга өтүү үчүн жан үрөөдө. Бирок арасынан англиялык «Тоттенхэм», «Манчестер Юнайтед», «Челси», испаниялык «Реал», «Барселона», «Валенсия», италиялык «Интер», «Милан», германиялык «Шальке 04», «Бавария», франциялык «Лион», «Марсель» футбол командалары 1/8 финалына мөөнөтүнөн мурда жолдомо алып коюшту. Калган жолдомолордун тагдыры акыркы 6-турда билинет.
ЖЫЙЫНТЫК
23-24-ноябрь күндөрү Чемпиондор Лигасынын тайпалык 5-турунун оюндары болуп өттү.
«А» тайпасы
«Интер» (Италия) – «Твенте» (Голландия) – 1:0
«Тоттенхэм» (Англия) – «Вердер» (Германия) – 3:0
«B» тайпасы
«Шальке 04» (Германия) – «Лион» (Франция) – 3:0
«Хапоэль» (Израиль) – «Бенфика» (Португалия) – 3:0
«C» тайпасы
«Рейнджерс» (Шотландия) – «Манчестер Юнайтед» (Англия) – 0:1
«Валенсия» (Испания) – «Бурсаспор» (Түркия) – 6:1
«D» тайпасы
«Рубин» (Орусия) – «Копенгаген» (Дания) – 1:0
«Панатинаикос» (Греция) – «Барселона» (Испания) – 0:3
«E» тайпасы
«Рома» (Италия) – «Бавария» (Германия) – 3:2
«Базель» (Швейцария) – «ЧФР» (Румыния) – 1:0
«F» тайпасы
«Спартак» (Орусия) – «Марсель» (Франция) – 0:3
«Челси» (Англия) – «Жилина» (Словакия) – 2:1
«G» тайпасы
«Аякс» (Голландия) – «Реал Мадрид» (Испания) – 0:4
«Осер» (Франция) – «Милан» (Италия)- 0:2
«H» тайпасы
«Брага» (Португалия) – «Арсенал» (Англия) – 2:0
«Партизан» (Сербия) – «Шахтёр» (Украина) – 0:3
Залкарбек Карабалаев
sport@super.kg