Аял 3 жыл сайын 3 кызын тең бир датада төрөдү

АКШнын Флорида штатынын 32 жаштагы тургуну Кристен Ламмерт 3 кызын тең бир датада, аралыктарын да 3 жылда бир кылып төрөгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Үй-бүлөнүн биринчи кызы София 2015-жылы 25-августта төрөлгөн. 3 жылдан кийин ошол эле күнү экинчи кызы Жулиана төрөлгөн. Ал эми 2021-жылдын 25-августунда үчүнчү кызын жарыкка алып келген.

Ата-энелердин айтымында, эже-сиңдилер туулган күндөрүнүн бир күндө болгонуна таптакыр капа болушпайт. Тескерисинче, 2 улуу кызы майрамды өткөрүү планын чогуу ойлонуп, декорацияны тандашат.

Кристен Ламмерттин акушер-гинекологу Кристина Гревс мындай көрүнүш өтө сейрек болорун белгилеген. Бирок бир күндө төрөлгөн бир туугандар боюнча бул жалгыз үй-бүлө эмес. Алсак, америкалык бир үй-бүлөдө 5 бир тууган ар кайсы жылда, бирок бир күндө – 20-февралда төрөлүп, бул көрүнүш Гиннесстин рекорддор китебине катталган.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
marjan00
2021-11-08 16:39:47
Менин жеңем да 2уул 1кызын, бир датада 4-августта төрөгөн.
+5
Sakubek
2021-11-09 17:59:50
Кемерово
-1
Sakubek
2021-11-09 18:00:16
Кесерово
-1
Sajakat14
2021-11-10 00:21:35
Жакшыда. Үчөөнүн туулган күндөрүн бир өткөрүп койушат.
+1
Asmat84
2021-11-12 12:45:39
Күйөөсү Күчтүү математик экен да
0
zilish_kg
2021-11-13 22:48:13
Кандай бактылуу адамдар, өмүрлөрү узун болсун!
0
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан