LEED CARAVAN-2021! ЭФФЕКТИВДҮҮ ЭКОЛОГИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ КЕРБЕНИ

23-октябрдан 12-декабрга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин колдоосу менен Access Alumni Association Кыргызстанда биринчи жолу 16 жаштан 23 жашка чейинки жаштар үчүн Leed Caravan-2021 эко-кербенин уюштурат!

Эко-кербендин максаты – активдүү жаштарды конкреттүү экологиялык көйгөйлөрдү түшүнүү, чечимдерди табуу үчүн бириктирүү жана Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган эки күндүк тренингдерде эксперттерден компетенттүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

Кербендин алкагында катышуучулар социалдык долбоорлорду түзүүнү үйрөнүшөт жана өз идеяларын ишке ашыруу үчүн 500 долларга чейинки кичи гранттарды ута алышат.

Долбоордун негизги милдеттери: коомчулук алдындагы экологиялык жоопкерчилик боюнча аудитория менен кызматташуу жана медиа адамдары аркылуу таасир этүү. Кыргызстандын бардык аймактарында (Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад) экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн чыгармачыл жана кызыктуу идеяларды жаратууга кызыккан жаштарды мобилизациялоо. Эко уюмдардын жана өнөктөштөрдүн катышуучулар менен иш боюнча кызматташуусу.

Программа эко-системалар, глобалдык жылуулук, жашыл мейкиндиктердин мааниси, абанын булганышы, суу ресурстары, жооптуу керектөө, утилдештирүү ыкмалары, "5R" концепциясы, экоактивдүүлүк, айлана-чөйрөнү коргоодо жаштардын ролу, жашыл сектордо жаштардын активдүүлүгүн өнүктүрүү жана башка суроолор боюнча иш алып барат жана практикалык иштерди жүргүзөт.

Бул иш-чаранын тренерлери Азат Мурадыл менен Назик Мамасадыкова болушат. Тренингдердин жүрүшүндө эксперттер топтор менен иштешет, ошондой эле долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары жардам берүү үчүн мыкты идеялары бар командалардын насаатчысы болушат. Бардык аймактардагы иш-чаралардын жыйынтыгында социалдык долбоорлоо боюнча онлайн тренинг өткөрүлөт. Экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сынактык тиркеме ачык болот жана тандоонун жыйынтыгы боюнча алардын ичинен эң мыктыларын ишке ашыруу үчүн каржылоо жүргүзүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан