Бөлмөдөгү аба кургак болсо жөтөл күчөп кетеби? Педиатр кеңеш берет

Педиатрия жаатында окурмандардан келген суроолорго Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын педиатры Султан Жумагожоев жооп берди.

– Бала ооруп жатканда бөлмөдөгү аба кургак болсо жөтөлү күчөп кетеби? Оорубаган учурда деле абанын кургактыгынан жөтөл пайда болушу мүмкүнбү?

Айтолкун Серипбаева, Бишкек

– Мурундагы былжыр чел аба аркылуу кирген бактерия, вирустарды болушунча кармап калып, өткөзбөй адамды оорулардан сактап турат. Бирок бөлмөдөгү аба кургак болсо былжыр чел кургап, вирус, бактерияларды кармап кала албай баштайт. Катып калган былжыр чел чаң, гүлдөрдүн чаңчасы сыяктуу аллергендерге туруштук бере албай, алар дем алуу жолдоруна өтүп, жөтөлдү күчөтөт.

Мындан тышкары кургак аба дем алуу жолдорундагы каңылжаарды, кекиртекти, бронхторду да кургатып катырып, дем алууну кыйындатат. Тамак ачышып, кычышат. ОРВИ, сасык тумоо менен ооруп жаткан баланын, чоң адамдын да жөтөлү күчөп, какылдап жөтөлүп баштайт.

Кыш мезгилинде үйдү өтө ысытуудан, жылыткычтарды көп саюудан аба кургап кеткенде соо балада, чоң адамда да жөтөл пайда болот. Андыктан бөлмөдөгү нымдуулукту сактоо кажет. Нымдуулукту өлчөөчү гигрометр аспабын сатып алса болот.

Ал аспап жок болсо батареяларга калың, чоң сүлгүлөрдү абдан суулап туруп жайып койсо болот. Батареяларга жуулган кийимди жайса да болот, бирок алардан колдонулган порошок, самындын жыты чыкпагыдай болуп таза чайкалышы зарыл. Бөлмөгө суу куюлган идиштерди коюп коюңуз. Ваннага сууну толтуруп, эшиктерди ачып койсо да болот. Бөлмөнү кышында 1 күндө 2-3 ирет желдетүү зарыл. Анан дагы ичине суу куюп, розеткага сайып коюп бөлмөнү нымдандыруучу буюм дүкөндөрдө сатылат.

“ТЕМПЕРАТУРАНЫ СУУ МЕНЕН СҮРТҮП ТҮШҮРГӨНГӨ БОЛБОЙБУ?”

– Айрым врачтар бала ооруп, дене табы көтөрүлгөндө денесин муздагыраак суу менен сүртүп температурасын түшүрсө болот дешсе, айрымдары болбойт дешет. Кимисиники туура?

Лейли Темирова, Талас

– Орусиялык окумуштуу-педиатрлар жана украиналык белгилүү педиатр Евгений Комаровский температура көтөрүлүп жатканда денени муздак суу менен сүртүп түшүрүүгө болбойт деп айтып чыгышкан. Бул туура. Анткени муздак суу менен сүрткөндө теридеги температура ылдыйлайт, бирок ичтеги органдардагы температура кескин көтөрүлүп кетип, баланын абалын оорлотот. Айтылган ыкма илгери колдонулчу, азыр колдонулбайт.

Дене табын түшүрүүчү дары берген туура.

“КАКЫРЫКТЫ ДАРЫДАН БАШКА ЭМНЕ МЕНЕН ЧЫГАРСА БОЛОТ?”

– Бала сасык тумоо менен ооруп жатканда чимкириги агып, какырып калары белгилүү. Какырыкты чыгаруучу дарылардан тышкары кандай ыкмалар какырыктын бат, оңой чыгып кетишин шарттайт?

Элвира Маратова, Ош

– Баланын жашы 2 жаштан өйдө болсо колдорун кыймылдатып, көнүгүүлөрдү жасатса өпкө да жакшы иштеп, какырыктын батыраак чыгышын шарттайт.

Баланы көмкөрөсүнөн жаткызып, ичине жаздык койсо, башы төмөн салаңдап калат. Анан баланын эки далысын колдун кыры менен акырындан ургуласа какырыктар чыгат.

Кол менен 2 далысын сылагылап массаж жасагандан кийин скипидарь дары майын жука сүйкөп койсо да какырыкты чыгарат. Бирок аны жүрөк тушка сыйпабоо керек. Бала ооруса да аны алаксытып кыймылдата берсе какырык чыгат.

“ПАРАЦЕТАМОЛ БАЛАНЫН САЛМАГЫНА ЖАРАША БЕРИЛЕБИ ЖЕ ЖАШЫНАБЫ?”

– Баланын дене табы көтөрүлгөндө парацетамол же ибупрофен беребиз. Буларды баланын жашына карап бериш керекпи же салмагына жарашабы? Температура болгондо неге баланын колу-бутуна массаж жасоо керек?

Аима Сатарова, Бишкек

– Дене табы көтөрүлгөндө кан коюуланып, жайдан айланып калат. Андыктан баланын колу-буту муздап баштайт. Ошол үчүн колу-бутун сүртүп же сылагылап массаж жасоо керек.

Парацетамол, ибупрофен дарысы да баланын салмагына жараша берилет. 1 килограмм салмакка парацетамолдон 15 миллиграмм, ал эми ибупрофенден 5-10 миллиграмм берилет. Мисалы, баланын салмагы 10 килограмм болсо парацетамол бир берилгенде 150 миллиграмм берилет.

“БАЛАНЫН ТИШИ ЧЫККАНДА НЕГЕ ТЕМПЕРАТУРА БОЛОТ?”

– Балдардын тиши чыгып жаткан кезде дене табы көтөрүлөрү баарына маалым. Бул эмнеден?

Айжаркын Балтаева, Жалал-Абад

– Бала тиш жарып жатканда дене табы көтөрүлүшү мүмкүн. Аны менен кошо тамакка табити тартпай, ичи өтүп, чырланып да калат. Анткени тиш жарып жаткан кезде организминин бактерия, вирустардан коргоо системи алсыздана түшөт да, бала инфекцияны бат жугузуп алат. Ошондуктан тиш жарып жатканда оору жугузуп албашы үчүн баланы башка балдарга кошпой караган жакшы.

“БАЛАНЫ ЖУУНТКАН САЙЫН САМЫН КОЛДОНУШ КЕРЕКПИ?”

– Тун балам жакында эле төрөлдү. Аны күн сайын жуундурушум керекпи? Самынды да күндө колдономбу?

Айпери Турсунбаева, Бишкек

– Бала 1 айга толгуча күндө киринтүү керек. Бирок муну бала 6 айга толгуча деле жасай берсе болот. Самынды 1 аптада 2 жолу эле колдонуу керек. Анткени күндө самындай берсе теринин коргоочу функциясы бузулат. 6 айдан кийин аптасына 2-3 ирет, 1 жаштан кийин аптасына 1-2 ирет жуунтса жетиштүү.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан