Маек төрүбүздө сологой акын Кубат Тукешов. Сахнадагыдай эле жашоодо дагы эмоциясын жашырбай, берилип сүйлөп берген адам экен. Жайдары акын менен төкмөлүк дүйнөнү тааныган учурдагы сезимдери, сахнадагы толкундоолору, өзү, үй-бүлөсү тууралуу кеп курдук. “Казактар айтыштарга кош байге сая башташыптыр” деген жаңылыкты да Кубат Тукешовдон уктук.
Туулган жылы: 1992-жыл, 19-сентябрь
Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы району
Билими: Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы
– Кубат, салам! Алгач окурмандарга сиз тууралуу кенен маалымат берсек...
– Салам. Жакшы болот. Менин ата тегим Жумгалдан болот. Өзүм Ат-Башыда доктурлардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Ата-энем, чоң атам-чоң апам, баары доктур. Ата-энеме “доктурлар бычак менен адамдын ден соолугун дарыласа, мен комуз менен адамдын көңүлүн дарылайм, кесиптешпиз” деп айтып калам. 94-жылдары ата-энем кызматы боюнча которулуп, Чүй боорундагы Станция Ивановка деген айылда жашап калдык. Чоң атам шайыр, салтка, наркка жакын киши эле. Манас айтчу, комуз чертчү, чакан чөйрөдө болсо да төгүп ырдап калчу. Мага өнөр ошол кишиден өткөн деп билем. Ал кишинин таасири көп. Бала чакта комуз ойноп жатканда мага комуздун кулагын тиштетип койчу. Кийин бул тууралуу издеп көрдүм. Көрсө, бала тиштеп турганда комуздун дырылдаганы тиш аркылуу жетип, мээдеги уктап калган клеткаларды, катылып жаткан сезимдерди ойготот экен. Кийин баланын комуз чертип кетүүсү оңой болот экен.
– Сизге оңой болдубу?
– Ооба. Мен мектепте окуп жүргөндө Манас айтып, кароо-сынактарга катышчумун. Кайсы акынды сурабаңыз, баары өнөр жолун Манас айтуудан баштаганын айтат. 7-класстан кийин айтпай калдым, уялып калдым окшойт. Кийин комуз чертүүгө кызыгып, черткенди өзүм эле үйрөнүп алдым. Кээ бир ырларды жаттап алып комузда өзүм обонго салып ырдап жүрдүм. 8-классымда атам мени айтышка алып барды. Ага чейин теледен көрүп калчумун, бирок көңүл бурчу эмесмин. Ошол жерден акындардын төгүп ырдап жатканын көрүп таң калдым. Бири суроо берсе, экинчиси ирония менен уйкаштырып жооп берет. Бул керемет да. Ошол күндөн баштап айтыш оюмдан кетпей калды. Теледен көрсөм телефонго жаздырып алып кайра-кайра угам, ырларды жаттап арасына өзүм бир-эки сап кошуп ырдайм. Айтор, кызыгуум күч болду. Бир ирет атам Жумгалга кетмекчи болду. Чоң атама ыр түрүндө кат жазып атамдан берип жибердим. “Жайлоодо жылкы, тай кандай? Быйылкы өткөн жай кандай? Күмүшай жеңем куйган чай кандай?” деген саптар бар болчу. Чоң атам аны окуп аябай толкунданыптыр. Кайра мага ыр түрүндө 10 барактай жооп жазып жиберген. “Атаңдын оозун урайын, ушинтип жазып жибериптир” деп отурган жерден мактана берчү. Талант кызыгуудан башталат экен. Адам кызыкса Кудай берет экен.
– Айтышка качан чыктыңыз?
– Ошентип айтыштын артынан түшүп калдым. 1-курста окуп жүргөндө айтышка бардым. Бардык устаттар жүрөт. Аларды көргөнүм эле бакыт болду. Тыныгуу болгондо сахнанын артына барсам Асылбек Маратов жүрүптүр. “Асылбек, комузуңду берсең” деп алып ырдап бердим. “Сен акын турбайсыңбы” деп Аалы Туткучевге ээрчитип барды. Жүрөгүм тим эле опкоолжуйт. Аалыке “кана ырдачы” деди, ырдап бердим. “Чыгат экен сенден, эртең саат 2де филармонияга кел” деди. Түнү бою уктабай чыктым. Саат 1де эле барып алгам. Филармониянын алдында качан 2 болот деп отурдум. Жакшы кабыл алды. 2011-жыл болсо керек, ошол кездери “Айтыш” фонду иштебей турган. Ошондо фонд кайра жанданды. Жылдызбек Төрөканов, Болот Назаров, Турат Жумаев, Баян Акматов, Тынчтык Эсенбай уулу болуп чогуу келгенбиз. Ошентип уланып кетти. Ошол эле жылы Барпы атабызга арналган айтыштын тандоо туруна чыкканбыз. Аалы Туткучев менен чыгып калдым. Ал жакшы ырдап батасын берген. Аябай сүрдөгөнүм эсимде. Бирок Аалы Туткучев менен чыгуунун өзү бакыт болчу, көтөрмөлөп ырдаарын билгем.
– Ошондогу сүрдөө азыр деле барбы?
– Ашыраалы Айталиев атабыз 60-70ке келгенде деле сахнага чыгарда алапайын таппай сүрдөп турчу экен. Сүрдөгөн жакшы. Сүрдөбөсө ыр чыкпай калат. Бул жоопкерчилик. Сүрдөбөсөң ток пейил, кош көңүл болуп, теңсинбей каласың да. “Айтышып коём” деп теңсинбей койсоң ошол бүткөнүң. Сүрдөө сахнага чыгып, отургучка отурганга чейин болот. Отургандан кийин башка сезимдер арбап алат. Ал төкмө акындар гана түшүнө ала турган сезим.
– Бир айтышта “чапанын кийип Эстекеңе айландым” деп залда отурган Эстебес Турсуналиевдин жубайы Рая апага тийишип ырдадыңыз. Ушул айтыштан кийин элден кандай сөздөрдү уктуңуз?
– Ал айтышта ойлоп жатканымдай айта албай калдым. Өзүм да бир аз нааразы болдум, “башкачараак айтышсам болмок” деп ойлонуп калдым. Бирок ал учурдагы абал ошондой болду. Ошол айтыштан кийин “кандай кабыл алдыңар?” деп көп сурадым. “Жакшы эле болду” дегендер, “башкача айтсаң болмок” дегендер болду. Бул сабак. Эмкиде башкача айтышым керек экен деген сабак алдым.
– Кимдердин сыны, кеңеши маанилүү?
– Апам сөзгө жакын киши, макалдаштырып сүйлөп кээде кишини сөз менен отургузуп коёт. Көп учурда апамдын сынына маани берем. Ар айтышта апам кандай баа берет болду экен, кандай сынайт болду экен деп турам, кеңештерин угам. Атам да айтышты жакшы көрөт. Анын да сынын, кеңешин угам. Мен бактылуу адаммын, жакшы адамдардын баласымын. Ата-энем дайыма колдойт, жетишкендигимде алардын эмгеги чоң.
– Сологой деп тийишкендерге капа болбойсузбу?
– Бул менин артыкчылыгым. Кайсы акын сол колу менен комуз чертип жатыптыр? Мен Болот Назаровдон жакшы сабак алдым. Ал кара деп айтканга такыр чычалабайт, кара деп тийишкен сайын күчөйт.
– Өзүңүздүн кичинекей мамлекетиңиз тууралуу айтыңызчы.
– Келинчегим менен студент кезде табышкам, экөөбүз тайпалашпыз. Ал Ак-Талаадан болот. Чыгармачылыкка тиешеси жок адам. Мени башында түшүнбөй жүрдү. Анткени айтыш болордо мен эч ким менен сүйлөшпөй, өзүм менен өзүм болуп калам. Аялга көңүл буруу, сүйлөшүү керек экен. Кийин түшүндүрүп койдум. Биздин жашообуз айтышка чейин, айтыштан кийин болуп бөлүнүп калган. Айтышка чейин ашыкча сүйлөбөйт, өзүм менен өзүмдү калтырат. Айтыштан кийин эмне жумуштар болсо айтат. Экөөбүз 1 уулду тарбиялап жатабыз. Уулубуз 4кө чыгып калды, баарыбыздын эрмегибиз.
– Казакстанга айтышка жөнөп жатыптырсыз...
– 5-ноябрь күнү Алматы облусунун Талдыкорган шаарында Казак Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган айтыш өтөт. Ага Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Баян Акматов, Асылбек Маратов бешөөбүз баратабыз. Бул ирет кош байге сайылат экен, жакшы жаңылык. Бирок биз үчүн негизгиси байге эмес, жакшы айтыш куруп элдин намысын коргоп келүү.
– Сонун. Ийгилик каалайбыз!
Перизат Музуратбекова