Радик Эшимов, режиссёр: “КОШУНАНЫ ТАНДАБАЙТ” ТАСМАСЫН КӨРҮП ТААРЫНГАН ЭРКЕКТЕР БОЛДУ”

Каарманым “Кошунаны тандабайт” сериалын, “Ванчопа”, “Бешбармак” тасмаларын тарткан режиссёр Радик Эшимов. Режиссёр жана сценарист менен тасма талаасындагы кызыктар, аны менен иштеген актёр, актрисалардын кылыктары, кесиби, жашоосу тууралуу сүйлөштүк.

Туулган жылы: 1993-жыл, 1-март

Туулган жери: Чолпон-Ата шаары

Билими: Кыргыз Техникалык университетинин транспорт жана машина куруу факультетин аяктаган

Хоббиси: Сүрөт тартуу

Фобиясы: Бийиктик

Үй-бүлөлүү



– Радик, салам! “Кошунаны тандабайт” сериалы жакшы кабыл алынды. Сериал эмнеси менен элди тартты?

– Салам. Кино жашоодогудай тартылыш керек деп ойлойм. Каармандар жашоодогудай сүйлөп, тамашалары да күнүмдүк турмуштагы тамашаларга окшошсо жакшы болот. Кээде кинолордо фантастика болуп кетет, “кантип ушинтип сүйлөсүн?” дейсиң. Мага андай жакпайт. Сөздөр, окуялар, каармандар чыныгы турмуштагыга окшош болгону үчүн элге жакты деп ойлойм. Мисалы, тасмадан көрүүчү өзүн болбосо таякесин, байкесин, эжесин көрөт, Жомага окшош байкеси же Адикке окшош таякеси бар болгон болот.

– Уландысы да тартылып жатыптыр...

– Уландысын толук метраждуу кино кылып тартып бүттүк. Мага ачык финалдар, аягын көрөрман өзү чечмелеп алышы керек болгон тасмалар жагат. Ошондуктан 2-сезондон кийин улантпай эле коёлу дегем. Бирок эл суранып жатат деп 3-сезонду тартканбыз. Эми “ушинтип эле бүтүп калабы?” деп жатышат деп улантып тартып калдык. Ушуну менен кошуналардын окуялары бүтөт.

– Акжол Махмудовду таанымал жүз үчүн гана коштуңуздарбы?

– Муну камео роль десе болот, белгилүү бир адам кинодо өзүн ойнойт. Мындай Америкада кеңири колдонулат. Акжолду чакырсак макул болду. Анын актёрдук чеберчилиги да мыкты экен, таң калдым. Акжол келерде баарыбыз үчүн майрам болду. Аябай күттүк, аны менен сүрөткө түштүк.

– Бул сериалды кантип тартып калдыңыздар?

– Мурда эле сериал тартам деген оюм бар болчу. Бирок командада “эл кабыл алабы?” деген коркунуч болду. “Достор”, “Америкалык үй-бүлө” деген америкалык сериалдардан улам ушундай идея келди. Сериалды көргөндөр түшүнөт, ал кошуналар тууралуу эмес, сүйүү, үй-бүлө, ата-бала мамилеси, аялдардын оор абалы жөнүндө. Продюсерлер башында ишенген эмес, бирок мен көк бетмин да, “тартабыз” деп туруп алдым. 1-серия чыккандан кийин эле эл жакшы кабыл алды, жакшы ой-пикирлер айтылды. Анан уланып кетти.

Кыргызстанда баш каармандар эркектер болгон кинолор көп. Биз баш каармандарды аялдар кылып, алардын оор абалын көрсөткүбүз келди. “Эмнеге эркектерди мындай көрсөтүп жатасың?” деп таарынган эркектер болду. “Радик, койбойсуңбу” деген туугандарым да болду.

– Актёр, актрисалардын кандайдыр бир чыргоолуктары бар бекен?

– Мага Назира Айтбекова менен иштеген жакты. Назиранын курсагы ачка болсо маанайы жок болуп кыйкырып, эч нерсени жактырбай баштайт экен. Кийин билип калдык, маанайы жок болсо эле “тамак алып келгиле, жеп алсын, анан баштайлы” деп калдык. Толгонайга “сенин каарманың азыр ыйлашы керек, түшүндүң да” десем, “ооба, безетким көрүнгөн жокпу?” дейт да (күлүп). “Кайдагы безетки, сюжетиңди ойлобойсуңбу” десем, “аны го аткарам, безетким көрүнүп жатса башкачараак туруп көрбөймүнбү” дейт.

– Тасма тартууда сизге эмнеси эң оор?

– Тасма тартуу эмес, мага жабык көрсөтүү же үй-бүлөң менен чогуу көрүп отурган учур кыйын. Алардын реакциясы кандай болот деп кабатырланасың, жакпай калса эмне болот деген коркунуч болот. Ошондуктан жабык көрсөтүүлөрдө акырын сыртка чыгып кетем. Бирок “Бешбармак” тасмасында андай болгон жок. Аягына чейин отурдум. Бул тасма өзүмө аябай жагат.

– Азыркы тасмалар жеңил-желпи деген сын көп айтылат...

– Ошондой эле. Кинематография бизнес да. Кинону продюсерлер тарттырат да. Алар биринчиден акча табууну ойлонушат. Сценарист, режиссёр, актёрлор ойлогондой кино тартсак такыр башкача болмок. Балким, тасмалар 10 жыл мурун эле “Оскарга” бармак деген ойлор боло берет. Тартып баштаганда эле жарым жыл кетирет экенмин, үй-бүлөм бар, акча табыш керек, коммерциялык эле кино тарта берейин деп ойлоносуң. Азыр өзүмдү режиссёрмун деп айта албайм. Бул чоң кесип, чоң жоопкерчилик. Өз киномду тартып чыгаргандан кийин режиссёрмун деп айта алсам керек.

– Өзүмдүн кином дегенде?

– Чынын айтсам, комедия жанры такыр жакпайт. Же жөн гана комедиядан чарчап калдым окшойт. КВНде, “Тамашоудо” ойнодум, кийин “Эл эмне дейт?” долбоорунда иштедим, комедия кинолорду тарттым. Азыр комедиядан алыстагым келип жатат. Планымда драма, боевик, хоррор тасмаларды тартуу бар. Өзүмдүн кином дегенде – кино баштан-аяк мен элестеткендей тартылса ошол менин кином. Көбүнчө тартуу учурунда көп нерсе өзгөрүп кетет да.

– Билишимче, сиз орус тилдүүсүз. Кыргызча сценарий жазып, кыргызча тасма, сериал тартып жатасыз. Оорбу?

– Орус классты бүткөм. Ойлонгонум, сүйлөшкөнүм, түштөр да орусча кирет. Бир жолу “Тамашоудо” ойноп жатканымды телевизордон туугандар менен чогуу көрдүм. Кыргызча сүйлөп жатканымды угуп аябай уялгам. Ошондон кийин кыргызчамды жакшыртам деп өзүмө сөз бергем. Анан кыргыз тилиндеги китептерди окуп, тасмаларды көрүп аракет кыла баштадым. Башында сценарийди орусча жазып, кыргызчага которчумун. Билинчү болуш керек. Азыр кыргызча жазып калдым. “Кошунаны тандабайт” тасмасынын сценарийин көрүп Аскат Сулайманов, Гүлмира Турсунбаева “ушундай каталар менен кантип жаздыңар, ушинтип сүйлөмөк беле?” дешкен. Анан башкача жазыш керек экен деп калгам. Кээде актёрлор “муну мындай айткан туура, ошондой кылалы” деп турушат.

– Бала чагыңызда эмнеге кызыкчу элеңиз?

– Кино көрчүмүн. Ошондо эле өзүм билбей кино тууралуу сүйлөй берчү экенмин. Досторума кызык болбой жатса деле көргөн кинону айтып бере берчүмүн. Балдар “башка темада сүйлөшөлүчү” дей беришчү. Кийин ЖОЖго тапшырыш керек болгондо ЖРТнын жыйынтыгы жакшы болчу. Курулуш, транспорт жана архитектура университетине бюджеттик орунга өтмөкмүн. Техникалык университетти көрөйүн деп барсам, КВНдеги балдар окуу жайдын алдында концерт коюп жатышыптыр. Ичине кирип бир мурутчан байкеден “байке, кантип ушул балдардай болуп эл алдына чыкса болот?” десем, “алар КВНде ойногон балдар да. Биз КВНди жакшы колдойбуз. Биздин окуу жайга келсең, ойной берсең болот” деди. Анан үйдөгүлөргө чалып “Политехке тапшырат окшойм” деп түшүндүрүп берсем, “каалаганыңды кыл” дешти. КВН ойнойм деп ошол жакка тапшырып алгам. Баягы мурутчан байке деканым болуп чыкты. Сабакка караганда КВН ойноп репетицияларда көп жүрдүм. Ушул окуяны айтып берсем, балдар “кызык экенсиң, башка жакка тапшырып деле ойной берсең болмок да” дешет. Анда билген эмесмин да. Ошондо Бишкекке биринчи жолу келгем.

– Жеке жашооңуз кандай?

– Үйлөнгөнүмө 2 жыл болду. Азыр “качан балалуу болосуңар?” деген этаптабыз.

– Эл оозуна алынып калган жаш режиссёрдун кандай кыялы бар?

– Кинофестивалдарга баргым келет. Канн кинофестивалы эң чоң кыялым.

– Ишке ашышына тилектешпиз. Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-11-15 10:27:59
Сонун кыйын адам
+3
aliya-leyla
2021-11-15 11:49:57
молодец, Кошунанын тандабайт жөнөкөй кино да
+4
akmanai
2021-11-15 16:02:44
Акылдуу, билимдуу анан татынакай тын бала.Иштерине ийгилик, тилектери орундалып, кыргыз киносунун куржунуна жакшы байгелерди алып келсин буйруса.
+3
balzak
2021-11-17 12:03:35
ийгилик, азаматсынар!!!
+1
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан