– Алгач партиянын жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз. Сиз жетектеп бара жаткан “Альянс” партиясынын башка партиялардан өзгөчөлүгү эмнеде?
– “Альянс” саясий партиясы шайлоо алдында гана түзүлүп калган жок. Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов,
Абдывахап Нурбаев жана пикирлеш болгон Эльдар
Абакиров, Евраз Осмонов,
Чынгыз Айдарбеков сыяктуу реалдуу мыйзамдуулукту, парламенттик демократияны жактаган, көз караштары бир, билимдүү, бардык тармакта тажрыйбасы мол, эң башкысы, тайманбас депутаттардын тобу жеке кызыкчылыктарды четке коюп, мамлекеттин келечеги үчүн соңку бир жыл аралыгында биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Айрым партиялардан айырмаланып биз буюртма менен түзүлгөн жокпуз. Буга чейин бизнесин калкалап, өз принциптерин эмес, бирөөнүн кызыкчылыгын коргоп, бийликке ким келсе ошого кызмат кылган адамдарды көп көрдүк. Биз өз принциптерибизге бекем турган, көз карашыбыз үчүн күрөшкөн жана эл мүдөөсүн алдыга коюп, бийликке эмес, калкка кызмат кылган инсандардан чогулдук. Ошону менен бирге партиянын катары башкаруу системасын жакшырта алган, экономиканы түшүнгөн, альтернативдүү көз караштан тышкары, илимге негизделген программаларды сунуштай билген жаңы адамдар менен толукталды.
– “Альянс” партиясын баштап бара жаткан талапкерлер, жогоруда өзүңүз айтып кеткендей, кыргыз саясатында тажрыйбасы мол, чындыкты жактаган, оппозициячыл көз караштагы адамдар. Демек, партиянын багыты дагы ошондойбу?
– Биздин көз караш альтернативдүү. Албетте, бүгүнкү болуп жаткан айрым процесстер менен макул эмеспиз. Бул боюнча пикирибизди ачык билдирип келдик. Ошол кемчиликтерди жоюу максатында альтернативдүү сунуштарды берип жатабыз. Алдыда ачык парламент трибунасында адилеттик, чындык үчүн күрөшкөнгө даярбыз. Өзүңүздөр күбө болгондой, өткөн чакырылыштагы парламенттин трагедиясы – кул мүнөздүк болду. Айрымдар трибунада эл өкүлү катары өз позициясын айта албагандыктан, парламент коомдогу, саясаттагы функциясын жоготуп алды. Ар кандай атка конду. Мына ушундай кемчиликтерди жоюу,
Жогорку Кеңештин аброюн сактоо, мыйзам чыгаруу тармагына кесипкөй, чыныгы элдин өкүлүнүн келүүсүнө шарт түзүү максатында, депутаттардан турган топ шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштадык. Жыйынтыгында преференциалдык добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мыйзам аркылуу парламентке эл тандаган, принциптери бекем адамдар келиши керек деген максатты көздөдүк. Бүгүнкүдөй башкаруу системасында бийликтин көзөмөл функциясын бекемдешибиз керек. Ага парламентте толук мүмкүнчүлүк бар. “Альянс” партиясы Жогорку Кеңешке бийликти туура жолго багыттоо үчүн бара жатат. Жогоруда айтып кеткендей, биз конструктивдүү оппозиция болобуз. Дегеним, акты ак, караны кара дейбиз.
Ачык, тайманбас көз карашыбызды билдиргенден тышкары, билимге, кесипкөйлүккө негизделген, өлкөнү экономикалык каатчылыктан чыгарууга багытталган реалдуу сунуштарды беребиз.
– Мына ошол жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде бул жолу шайлоочулар чыныгы тандоо укугуна ээ болуп жатышат. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөрүүлөр өнөктүктүн административдик ресурс колдонулбай ачык-айкын өтүүсүн шарттайт деп ишенесизби?
– Албетте, ар кандай аракеттер болушу мүмкүн. Добуш сатып алууну тез арада жок кылуу кыйын. Административдик ресурс колдонуу коркунучу дагы жок эмес. Бул жолку шайлоо жаңы бийлик үчүн чоң сыноо. “Эгерде кайсы бир партия бийликке жамына турган болсо, аларга добуш бербегиле” деп президент өзү дагы айтты. Андыктан укук коргоо органдары өзгөчө көзөмөл менен мындай аракеттерге каршы ачык күрөш жүргүзүшү керек. Айрыкча өздөрүн “бийликтин партиясыбыз” деп атагандар административдик ресурс колдонуп, добуш сатып алууга аракет кылышы ыктымал. Эгер күрөш ошол бийликке жамынып жаткан партиялардан башталса, элдин үмүтү артат. Өнөктүктүн таза өтүүсүнө шарт түзүлөт. Шайлоо канчалык ачык-айкын, мыйзам чегинде өтсө, ошончолук бийликтин аброю жогорулайт. Добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу деген сыяктуу терс көрүнүштөргө жалпыбыз бекем каршылык көрсөтсөк баары жакшы болот. Кабинага киргенде шайлоочуну эч ким көзөмөлдөбөйт. Туура тандоо жасап, парламентке татыктуу адамды алып келүү мүмкүнчүлүгү элдин колунда. Эгер шайлоочу тайманбас, кошомат кылбаган талапкерди тандаса, өлкө багыты кескин өзгөрөт. Өнүгүүгө багыт алат. Учурда мамлекет сыноо апогейинде турат. Туура эмес тандоо өлкө кадыр-баркын мындан дагы төмөндөтүп, абалын мындан дагы начарлатат. Андыктан VII чакырылыштагы Жогорку
Кеңештин депутаттарын шайлоодо эл алардын билимине, кесипкөйлүгүнө, тазалыгына көңүл бурат деп ишенем. Мамлекет үчүн, калк үчүн кызмат кыла турган чыныгы элдин өкүлдөрүн шайлашат деп үмүттөнөм.