ЛАВАШ МЕНЕН ЖАСАЛЧУ ДААМДАР

Оңой, бат жасала турган, ошол эле кезде даамдуу тамак ар бир кожойкенин кыялы болсо керек. Бул сапар лаваштан көз ачып-жумганча даяр болчу тамактардын рецепттерин сунуштайбыз. Бөбөктөрдү кошо тамшандырган даамдар менен үйдөгүлөрдү кубантыңыз.

ЭТ МЕНЕН КАРТОШКА РУЛЕТИ

Керектелүүчү азыктар:

Лаваш – 3 даана

Эттен даярдалган фарш – 300 грамм

Картошка – 300 грамм

Пияз – 2 даана

Туздалган бадыраң – 2 даана

Каймак май – 2 аш кашык

Жумуртка – 1 даана

Сүт – 1 чай кашык

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз, мурч, эт үчүн татымал – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Пияз, картошка менен туздалган бадыраңды майда төрт чарчы кылып туурап алабыз.

2. Көмөч казанга бир аз өсүмдүк майын куюп, алгач пиязды кууруйбуз. Пияз кызарганда фаршты, татымалдарды салып аралаштырып, дагы 10 мүнөт кууруйбуз.

3. Андан соң тууралган картошканы салып жакшылап аралаштырып, 3 мүнөт демдейбиз. Анан туздалган бадыраңды салып, дагы 5 мүнөт демдеп алабыз.

4. Лаваштардын бетине эриген каймак майды сүйкөп, четине даяр болгон азыктарды салып, анан рулет кылып ороңуз.

5. Жумуртканын сарысына сүт кошуп аралаштырып, рулеттердин үстүнө сүйкөңүз.

6. Рулетти электр мешине салып, 180 градус ысыктыкта 10 мүнөт бышырыңыз. Даяр болгондо каймак май менен майлап койсоңуз болот. Оңой даярдалуучу тоюмдуу, даамдуу рулет даяр!

ХАЧАПУРИ

Керектелүүчү азыктар:

Лаваш – 1 даана

Быштак (1%) – 300 грамм

Сыр – 50 грамм

Көк пияз – 2 даана

Петрушка – 2 талча

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Жумуртка – 1 даана

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Чуңкур идишке быштакты салып эзип алыңыз.

2. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, көк пияз менен петрушканы туураңыз. Бул азыктарды быштактын үстүнө салып аралаштырыңыз. Ага туз, мурч, май кошконду унутпаңыз.

3. Лаваштын өлчөмдөрүн 8-10 сантиметрден кылып узун бөлүктөргө бөлүп кесиңиз.

4. Кесилген лаваштын четине даярдалган азыкты салып, үч бурчтук кылып ороп чыгыңыз. Лаваштын акыркы четине жумурткадан сүйкөп жабыштырыңыз.

5. Ушундай ыкма менен бардык лавашты ороп чыгыңыз.

6. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп ысытып, оролгон лаваштардын 2 бетин тең кызарта бышырып алыңыз. Лаваш бат кызарат, эсиңизден чыгарбаңыз.

7. Бул хачапурини ысык да, муздак да кезинде жесе болот.

ЛАВАШ КАЛДЫРКАНЫ

Керектелүүчү азыктар:

Лаваш – 2 даана

Сарымсак – 2 тишче

Кызыл калемпир – 1 чай кашык

Туз – татымына жараша

Зайтун майы – 3 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Зайтун майына майдаланган сарымсак, калемпир, туз кошуп аралаштырабыз.

2. Лаваштын бетин даяр болгон аралашма менен майлап, төрт чарчы кылып кесебиз.

3. Электр табасына лаваштын кесимдерин тизип, 220 градуста ысыган электр мешине 10-15 мүнөткө салабыз.

4. Сарымсак, калемпир даамданган лаваш калдырканы даяр. Даамдуу болсун!

АЛМА ДЕСЕРТИ

Керектелүүчү азыктар:

Лаваш – 2 даана

Алма – 5 даана

Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Кумшекер, кант упасы – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алманын сыртын аарчып, данектеринен тазалап, майда төрт чарчы кылып туураңыз. Көмөч казанга алманы салып, 1-2 аш кашык суу куюп, капкагын жаап, бир аз демдеп алыңыз. Алма эзилип калбашы керек, бир аз гана жумшарышы зарыл.

2. Алманын таттуулугуна жараша кумшекер салып аралаштырыңыз.

3. Лавашты өлчөмүн 8-10 сантиметрден кылып узун бөлүктөргө бөлүп алыңыз. Кесилген лаваштын четине болжол менен 1 аш кашык тууралган алманы салып, рулет кылып ороп чыгыңыз.

4. Көмөч казанга өсүмдүк майын ысытып, лаваштан даярдалган алма рулетин салып 2 жагын тең кызартып алыңыз. Лаваш рулети бат кызарат.

5. Даяр болгон рулеттерге кант упасынан себелеп, десерт сүйүүчүлөрүн кубантыңыз!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан