Екатерина: "МЕНИН КОШ БОЙЛУУ ЭКЕНИМЕ ЧЫНДАП ИШЕНБЕЙ ЖАТТЫК"

Кыргызстанда ачык айтылбаганы менен, аял-эркектин жеке мамилеси жаатында көйгөйлүү маселелер өтө арбын. Бул маселелерди ачык талкуулоо биздин элде уят иш катары кабылданат. Мисалы, балалуу боло албай жаткан үй-бүлөлөр врачка кайрылбай жүрө берип, убакыттан уттурушат. Биздин каарман дал ошол убакытты туура колдонууну сунуштап, өзүнүн кыскача таржымалы менен бөлүштү. Ал Кыргызстанда 6 жылдан ашуун убакыт ичинде көптөгөн жубайларга наристе жытын тартуулаган “Анкалайф” клиникасы аркылуу эне статусуна ээ болгон.

– Саламатсызбы? Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.

– Саламатсызбы? Менин атым Екатерина, жолдошум Алексей.

– Сиз “Анкалайф” клиникасына кандай көйгөйлөр менен кайрылдыңыз эле?

– "Анкалайф" клиникасына кайрылганыбыздын себеби, көптөн бери балалуу боло албай жүрдүк. Бул жактан менде жатын түтүкчөлөрүмдүн өтүмү жок болгондугун билдик. Биз түтүкчөлөрдү байлоо операциясын жасап, анан ЭКУ процедурасына аракеттерди баштадык. Алгачкы эки ирет жасалган процедура ийгиликсиз болду. Бирок үчүнчү жолу ийгиликке жетиштик. Ошондуктан мен болочок энелерге үмүттү үзбөгүлө деп айтмакчымын. Кудайым баарын көрүп турат жана дайыма өзүңүзгө ишеним менен бакыт кааласаңыз сөзсүз орундалат.

– Клиника жөнүндө кайсы жактан маалымат алдыңыз?

– Клиника тууралуу маалыматты жумушта отуруп радиодон уккам. Анан тааныштарыбыз менен бул жөнүндө сүйлөшүп жатып, күйөөмдүн кесиптешинин апасы “Анкалайф” клиникасында иштээрин билдик. Андан кийин дароо консультация алганга клиникага бардык.

– ЭКУ процедурасы учурунда кандай кыйынчылыктар болду?

– Менимче, кыйынчылыктар ар бир адамдын өзүнө байланыштуу болот. Башкача айтканда, сиз өзүңүздү моралдык жактан кантип даярдайсыз. Ар бир адам биринчи аракеттен эле баары ийгиликтүү болот деп даярданышат. Бирок кээде андай болбой калат. Баары күтүлгөндөй болбосо, анда кандайдыр бир кемчиликтер бар. Мисалы, ден соолугуңуздун абалы, жаш курагыңыз жана башка себептер болушу мүмкүн. Мен жөн гана үмүтүңөрдү үзбөгүлө дейт элем. Негизи биринчи жолку процедура ийгиликсиз болуп калса, психологиялык жактан өтө кыйын болот экен. Үчүнчү жолу ЭКУ жасатканда кош бойлуу экенибизди укканыбызда аябай кубандык. Бирок ошол эле учурда буга чейинки ийгиликсиз аракеттерден улам ишенүү да кыйын болду. Ошондуктан эч качан үмүтүңүздү үзбөңүз.

– Кош бойлуулук жана баланын жынысы жөнүндө билгениңизде кандай эмоцияларды сездиңиз?

– Биз менин кош бойлуу экениме чындап ишенбей жаттык.

Балабыз көпкө чейин жынысын көрсөткөн жок. Башкача айтканда, бизге көпкө чейин табышмак болуп келди. Өзүбүз жынысын билүү үчүн кыялданып, эл арасында колдонгон белгилерге жана ырымдарга жараша жынысын билүүгө аракет кылдык. Кыздуу болорубузду кош бойлуулуктун бешинчи айында гана билдик. Атабыз кыздуу болууну эңсеп жүргөн.

– ЭКУ процедурасын жасатарыңызды укканда тааныштарыңыз кандай кабыл алышты?

– Алар кадимкидей эле реакция беришти. Тескерисинче, “ийгиликсиз процедуралар болгондо үмүтүңөрдү үзбөгүлө, башкысы, маанайыңарды түшүрбөгүлө” деп дайыма күч-кубат берип, колдоп турушту. Албетте, эң маанилүүсү, жолдошумдун моралдык жана физикалык жактан жардамы, чыдамдуулугу, мага тирек болуп тургандыгы үчүн ийгиликке жетиштик.

– Эмне үчүн “Анкалайф” клиникасын тандап алдыңыз?

– Башында ойлонуп жатканда, бир нече клиникаларды карап жаттым. Алгач врачтардын тажрыйбасына, жасаган жумушуна карап чечим чыгардым. Биз профессор менен таанышканда, албетте, ал көбүнчө операцияларды Түркияда жасагандыгы анык эле. Биз келгенде клиника жаш, ачылганына дээрлик бир жыл толо элек болчу. Башкача айтканда, адамдар клиникага баруудан кооптонушкан, көп ишенишкен эмес. Анткени клиника өзүн жеткиликтүү деңгээлде таанытып, сунуштай элек болчу.

Биз клиникага эмес, врачтын мамилесине, иш тажрыйбасына карадык. Башкача айтканда, ал сизди кандай кабылдайт, кандай көрөт. Биз профессорго кайрылганыбызда, чынын айтканда, ал бизге башкаларга караганда көбүрөөк жакты, жакшы таасир калтырды. Ачыгын айтканда, биз анын мамилесин аябай жактырдык.

– Алгачкы консультацияда сизге канча пайыз мүмкүнчүлүк берилди?

– Бизде табигый жол менен балалуу болуу мүмкүнчүлүгү жок болуп турган соң ЭКУ жасатууга чейин эле мүмкүнчүлүгүбүз аз экенин билип турганбыз. Алгачкы консультацияда эле 100дөн 30 пайыз гана мүмкүнчүлүк бар экенин айтышкан. Ошого карабастан биз бул жолду тандадык.

– Кош бойлуулукка кантип даярдануу керек?

– ЭКУ процедурасын жасатардан мурун аял киши өзүн эне катары сезиши керек. Качан гана энелик сезимдер ойгонгондо, сен өзүңдү ичиңден “мен энемин” деп сезе баштаганда сен чындап эне статусуна ээ болосуң. Кимдир бирөө жөн эле туруп эне боло албайт, бул нерсени ичтен сезиш керек. Эгерде мага мурун “сен эне болосуң” деп айтса, анда мен “жок ай, мага азыр эрте” деп айтмакмын. Ал эми ЭКУга болсо сен өзүң даярданасың. Бул учурда жакын адамдарыңдын, өзгөчө жолдошуңдун “баары жакшы болот, кабатыр болбо” деген колдоосу абдан маанилүү болуп саналат. Бул мамилелерден улам балалуу болуу бактысына ээ болосуңар.

– Көптөр ЭКУ кызматы абдан кымбат деп айтышат. Бул тууралуу кандай ойдосуз?

– Кымбат, бирок азыр арзан нерсе жок. Сиз үчүн бакыт кымбатпы? Бактылуу болууга кандай баа бере аласыз? Бакыт бул балада да. Азыр машине сатып алуу да кымбат, ресторандарга баруу да кымбат. Ал эми биз ошол каражаттын ордуна балалуу болуп жатпайбызбы.

– ЭКУ жөнүндө ойлонуп жаткан башка энелерге кандай сунушуңуз бар?

– Негизи биз убактыбызды өткөрүп жүрө беребиз да, биринен болбосо биринен болот деп. Бирок муну менен биз өзүбүздү гана алдап жүрө берет экенбиз. Эгер чындап балалуу болууну кааласаңыз, убактыңызды текке кетирбеңиз. Канчалык эрте аракет кылсаңыз, боюңузда болуу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Ар бир ай сайын энелик жумуртка резерви азая берет эмеспи. Мындай учурда убакыт сизге каршы иштеп калат. Эгерде ишке ашпай калса, үмүт үзбөңүз. Кайра аракет кылыңыз. Ошондо гана ийгиликке жетишесиз.

– Түйүлдүктү жатынга салып бергенден кийин кандай көрсөтмөлөрдү аткардыңыз?

– Эгер сиз апа болгуңуз келсе, мен бир нерсени айткым келет. Түйүлдүктү жатынга салгандан кийин эненин ички жан дүйнөсүнүн тынчтыгы өтө маанилүү. Себеби сиз буга чейин өзүңүздү эне катары кабыл ала баштадыңыз, ошол үчүн жумушуңузга, карьераңызга көңүл бөлбөшүңүз керек. Мен буга чейин көп жылдар бою иштеген жумушумду убактылуу токтоттум. Анткени мага балалуу болуу карьерадан дагы биринчи орунда турду. Дарыгердин бардык сунуштарын аткардым. Мен ашыкча үй оокаттарын жасаган жокмун, жолдошум көп жардам берди. Чынында, кашыктан оор нерсе көтөргөн жокмун (күлүп). Бул үчүн мен ага абдан ыраазымын! Кош бойлуулук тынч өттү. Азыр кызыбызга үч ай болду. Буюрса, клиникада дагы тоңдурулган түйүлдүктөрүбүз бар. 2-3 жылдын ичинде кайра ЭКУ аркылуу дагы бир баланы төрөөнү пландап жатабыз. Учурдан пайдаланып клиниканын жалпы жамаатына, профессор Жихангир Чакыжыга терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Сиздер көптөгөн үй-бүлөгө балалуу болуу бакытын тартуулап жатасыздар!

Ализа Жапаркулова, клиниканын башкы PR адиси:

– 25 жылдын ичинде 10 000ден ашык наристени ЭКУ жолу менен дүйнөгө алып келген, Кыргызстанда 6 жыл ичинде 500дөн ашык үй-бүлөгө наристе жытын тартуулаган түрк ЭКУ-адиси, доцент, медицина илимдеринин доктору ЖИХАНГИР ЧАКЫЖЫ 18-ноябрдан 25-ноябрга чейин Бишкек шаарында консультация өтөт.

Эгерде сиз көп жылдан бери балалуу боло албай жатсаңыз, анда консультацияга келиңиз. Биздин эшик сиздер үчүн ар дайым ачык!

Байланыш телефондору: 0770530067, 0701530067

Инстаграм: Aliza_kasey_tegin

Клиниканын дареги: Бишкек шаары, Горький көчөсү, 21

Телефондор: 0770220157, 0701220175

www.ankalifebishkek.com

Instagram: ankalife_official

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан