КАРДЫ ЖЕСЕ БОЛОБУ?

Күз аяктап баратат, алдыда кыш. Кыштын белгиси болгон кар кыш айы келгиче эле жаап салды. Бул жолу кар тууралуу кызыктарды сунуштайбыз.

Кар кантип пайда болот?

Булуттардагы суунун тамчылары чаң бөлүкчөлөрүнө айланып, анан тоңгондо кар пайда болот. Тагыраагы, суу деңиздерден жана океандардан бууланып, асманга көтөрүлөт, ал жерде муздап, тамчыларга чогулат. Анан суук болгондо тамчылар тоңуп, муз кристаллдарына айланат. Диаметри 0,1 миллиметр ашпаган муз кристаллдары ылдый кулайт да, абадагы нымдуулуктун конденсациясынын натыйжасында чоңоюп отурат. Бул учурда алты кырдуу кристаллдык формалар пайда болот. Суу кристаллы кадимки алты бурчтуктун формасына ээ. Мындай алты бурчтуктун учтарына жаңы кристаллдар, алардын үстүнө жаңылары тоңуп отурат да, кар бүртүкчөлөрүнүн ар кандай жылдызча формалары пайда болот. Кар бүртүкчөлөрү 95 пайыз абадан турат, бул алардын тыгыздыгы төмөн болушун шарттайт жана жерге түшүү ылдамдыгын жайлатат. Кар бүртүкчөлөрүнүн диаметри болжол менен – 5 миллиметр жана салмагы – 0,004 грамм.

Кар эмне үчүн ак түстө?

Кардын ак түсү кар бүртүкчөсүндөгү аба (95 пайыз) менен шартталган. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, күндүн нуру кар бүртүкчөлөрүнүн арасына жарым-жартылай кирип, жарым-жартылай андан чагылышып турат. Мына ушундай процессти биздин көзүбүз ак кылып көрөт. Эгерде күндүн нуру кызыл же жашыл болгондо карды да ошол түстө көрмөкпүз, демек, химиялык курамына жараша кар ар кандай түскө ээ болушу да мүмкүн.

Карды жегенге болобу?

Биринчиден, кар муздак. А суукта муздак нерсе жеш оору чакырышы мүмкүн. Андан сырткары кар бүртүкчөлөрү чаңды өзүнө сиңирип алат, ал эле эмес, андан башка да көө, коргошун, сымап жана башка ушул сыяктуу оор металл чаңчаларын, бактерияларды, зыяндуу заттарды да соруп алышы мүмкүн, булар уулуу жана организмден чыгышы кыйын. Анын курамында зыяндуу заттардан тышкары кум жана реагенттер да болот. Демек, кар аппак көрүнгөн күндө да, таза болбошу мүмкүн.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Gulina00
2021-11-15 09:54:05
Ииии биз кичинекейибизде карды марожна кылып жейт элекко.
+3
Danysh1
2021-11-19 18:39:31
Gulina00,азыр жегенге болбойт анткени аба абдан кир азыр балдарга жедирбеш керек тоолу райондо деле абага ишениш кыйын
-1
Asmat84
2021-11-17 09:30:44
Аллахтын керемети да ар бир кар ❄️ бири бирине окшошпогон суудан ушундай ар түрдүү формада болуп жерге түшкөн бир гана Алланын кудурети
+3
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан