Өзү кичинекей, таланты чоң ПИТЕР ДИНКЛЭЙЖ

Питер Динклэйж – актёр катары эле эмес, адам катары мотивация алчу адам. Аны карап туруп алты саның соо экенине шүгүр кыласың, бир чети өзүңдүн жалкоолугуңду моюнга аласың. Питер азыр дүйнөгө белгилүү актёр. Бирок бул атактуулукка жетүү үчүн ал жан кейиткен ооруга чыдады, коомчулуктун аны майып деген жектөөсүн көтөрдү. Популярдуу “Так талашуу оюну” сериалында Тирион Ланистердин ролу үчүн 4 жолу “Эмми” жана “Алтын глобус” сыйлыктарына татыган актёрдун баарыбыз сабак аларлык жашоосуна көз чаптыралы.

Туулган жери: АКШ, Морристаун шаары

Туулган жылы: 1969-жыл, 11-июнь

Жылдыз белгиси: эгиздер

Бою: 135 сантиметр

Кесиби: актёр, продюсер

Белгилүү тасмалары: «Нарниянын хроникасы: Принц Каспиан», “Сөөк коюу зыйнатындагы өлүм”, “Так талашуу оюну”, “Икс адамдар: Келечекте өтчү күндөр”, “Өч алуучулар: Бүтпөгөн согуш”,

Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун атасы

“МАЙЫПТАРДЫ ШЫЛДЫҢДАГАН АДАМДАР ООРУЛУУ”

Питер мектепте музыкадан берген мугалимдин жана камсыздандыруу агентинин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Врачтардын “балаңыз скелеттин патологиясы же болбосо ахондроплазия дарты менен жабыркайт” дегени ата-эне үчүн оор сокку эле. Дарт муундан-муунга өтөт делгени менен, Питердин ата-энеси да, агасы да бул оорудан алыс, кадимки орто бойлуу адамдар. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, дүйнөдө 75 миң адамдын биринде ахондроплазия дарты кезигиши мүмкүн. Питер 5 жашка чыкканда колу-буту деформацияланып, кыйшайып баштаган. Врачтар жан чыдагыс оорудан баса албай калган баланын бутунун сөөктөрүн талкалап, түздөп, корсет менен бекитип беришкен. Көптөгөн операцияларды башынан өткөргөн Питердин бою учурда 135 сантиметр. Башы, көкүрөк тушу кадимки адамдыкындай өөрчүп, колу-буту өспөй калган.

Мектепте башкалардан өзгөчөлөнгөн бала шылдыңга кабылып, коомчулукка жек көрүү сезими ойгонгон. “Өспүрүм кезимди бир сөз менен эле “ужас” деп сүрөттөйт элем. Бирок ойлонсом көпчүлүктүн эле жогорку класстагы жашоосу “таттуу” болбоптур. Өзүмдүн башкалардан айырмаланарымды билчүмүн. Кошумча балдар-кыздардын менин майыптыгымды шылдыңдап, келекелегени мени адамдардын баарын жек көргөнгө үйрөтүп жатты. Коргонуу катары менде да кер какшык, текеберлик, оройлук сыяктуу жаман сапаттар пайда болгонун байкадым. Убакыт өтүп, жаш өйдөлөгөн сайын баарын оңоюраак кабыл аласыңбы, айтор, моралдык жактан оор учурдан өтүп кеттим. Кийин түшүндүм, майыптык – бир адамдын эмес, коомчулуктун оорусу тура. Мен эмей эле, мендейлерди шылдыңдаган адамдар оорулуу экен”,- деп эскерет өспүрүм кезин Питер Динклэйж.

КООМГО КОШУЛУУ...

Эсимде, 5-классымда бир сынак болуп, анда театралдаштырылган сценка коймокпуз. Мен да катыштым. Окуучулар, мугалимдер сахнада мени кетирбей көпкө кол чабышканда коомго эми кошулгандай жеңилдеп, өзүмдү бактылуу сезгем. Ошондон кийин мектеп сахнасынан түшпөй калгам”,- деген Питер келечегин кинодон көрүп, Беннингтон көркөм колледжинин актёрлук бөлүмүнө тапшырган сынактан эң жогорку баа менен өтүп кеткен. Боюнун кыскалыгын кемчилик эмес, тескерисинче, өзгөчөлүк катары кабыл алса болорун сезген Питерде өзүнө болгон ишеним пайда болуп, окуусунда алдыңкы студентке айланган. Студенттик кезин эстегенде достору менен өткөн шаңдуу кечелерди, анан да “Whizzy” аттуу панк-топ түзүп ырдаганын айтып келет. Чынында эле Питер Динклэйж жакшы ырдайт.

“ТАК ТАЛАШУУ ОЮНУ”

Актёр катары тушоосу 1995-жылы “Унутулган жашоо” тасмасында кесилген. Тасма прокатта ийгиликке жетпегени менен, кино сынчылары жаш актёр катары Питердин талантына жогору баа беришкен. Питерге атактуулук алып келген тасма 2003-жылы тартылды. Режиссёр Томас МакКартинин “Станциянын башчысы” тасмасы Питерге “Мыкты актёр” деген сыйлыкты алып келген. Театрда да, кинодо да суроо-талапка ээ болгон актёрдун куржунунда 50дөн ашык ролдор бар. Арасынан эң көрүнүктүүсү, албетте, “Так талашуу оюнундагы” Тирион Ланнистердин ролу.

Дүйнө жүзү боюнча эң популярдуу сериалдардын сап башында турган “Так талашуу оюнунун” биринчи сезону 2011-жылы көрсөтүлүп, 8-сезону 2019-жылы жарыкка чыкты. 100гө жакын кино сыйлыктарды алган, көп каражат сарптаган жана топтогон сериалды көрбөгөн адам аз болсо керек. Сериалдын продюсерлери: “Башынан эле Тирион Ланнистердин ролуна Питер Динклэйжди бекиткенбиз. Питер биз кыялданган Тирион болуп берди. Башында ал экинчи пландагы каарман болчу. Бирок анын оюну көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун таап, “Тирионду өлтүрбөгүлө” деген көптөгөн каттарды алып жаттык. Анан сценарийди өзгөртүп, Тирионду башкы каармандардын катарына кошконго туура келди. Мунун баары Питердин таланты, эмгеги”,- дешет. Сериал америкалык жазуучу Жорж Мартиндин “Муз менен оттун ыры” романынын негизинде тартылган эмеспи. Китепте Тирион Ланнистер дээрлик эсте каларлык каарман эмес. Ланнистердин ролу үчүн Питер Динклэйж “Эң мыкты эркектин ролу үчүн” “Эмми” баштаган ондон ашык сыйлыктын ээси болгон. “Тирион менен Питер тамашакөйлүгү, курч юмору, керекпи, какшыктаганы менен да окшошуп кетет” дейт тасмадагы образы тууралуу Питер.

БАКТЫЛУУ АТА

Актёрдун акыркы жаңылыктарына токтолсок, Питер мюзикл, драма жанрындагы “Сирано” тасмасына тартылды. Сүйүү үч бурчтугу сүрөттөлгөн тасманын бет ачары ушул жылдын декабрь айына белгиленген. Буюрса, жакшы тасма көрөбүз деген үмүт чоң.

Карьерасында ийгиликке жеткен актёрдун жеке жашоосу кантти? Бул жакта да баары сонун. Боюнун кыскалыгы анын үй-бүлө куруусуна тоскоол болгон эмес. Театрда режиссёрлук кылган Эрика Шмидт менен досу тааныштырган. 1995-жылы таанышкан алар 10 жыл жакшы достордон болуп жүрүп, 2005-жылы гана өздөрүн түгөй катары жарыялап, баш кошушкан. Учурда экөөнүн 1 кыз, 1 уулу бар. Бактыга жараша, аларга атасынын оорусу өткөн эмес.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан