Кызык экен
ДУБАЛГА СҮРӨТ ТАРТУУ
Дубалдарга сүрөт тартуу живопистин бир түрү болуп саналат жана анаморфоз деген аталышка ээ. Анаморфоздо 3 өлчөмдү (нерсенин узундугу, бийиктиги, туурасы) берүү жөндөмдүүлүгү башкы ролду ойнойт жана жыйынтыгында адам көргөн көзүнө ишенбегендей сүрөт жаралат. Өткөн сандарда көчөдө асфальтка сүрөт тартуу тууралуу берсек, бул ирет дубал живописи тууралуу маалымдайбыз.
Калифорниялык сүрөтчү Жон Пьюнун дубалдарга тарткан сүрөттөрүн дүйнөнүн көптөгөн бурчтарынан кезиктирүүгө болот. Мисалы, Жаңы Зеландиядан, Гавайи аралдарынан.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg