АЙЫЛ БАНКЫНЫН «ТИРИЧИЛИК» КЕРЕКТӨӨ КРЕДИТИ

Кредит кандай максаттарда берилет?

Кредит адамдардын керектөө (өздүк, үй-бүлөлүк) муктаждыктарын канааттандыруу үчүн берилет. Андыктан экономикалык (бизнес жана коммерция) иш багытына тиешеси жок.

Кредит кандай максаттарга жумшоо үчүн берилет?

  • Кыймылдуу мүлктү сатып алууга;
  • Турак-жайды оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүүгө;
  • Үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүгө (үйлөнүү той жана башка);
  • Окууга төлөөгө;
  • Дарыланууга жана эс алууга;
  • Сатып алып жаткан кыймылсыз мүлк наркынын 60%дан ашык эмес өлчөмүн каржылоого жана башка керектөө максаттарына.

Кредит канча убакытка берилет?

Кредит 5 жылга чейин берилет.

Кредитти кимдер ала алат?

  • Туруктуу кирешеге ээ, учурда иштеп жаткан чакан жана орто бизнеси бар субъекттер;
  • Кыргыз Республикасынын жарандары – ар айлык туруктуу акчалай кирешеге ээ адамдар же менчигинде олуттуу активдери болгон жеке адамдар.

Кандай документтер керек?

Паспорт, жубайынын паспорту, нике күбөлүгү, жашаган жеринен аныктама, кирешени тастыктаган документ (жеке ишкердин күбөлүгү же патент).

Күрөө

50 000 сомго чейин – камсыздоосуз;

100 000 сомго чейин – учурда кредиттери болбогон карыз алуучулар үчүн камсыздоосуз;

200 000 сомго чейин – кеминде 1 кепилдик (жубайы), кыймылдуу мүлк;

200 000 сомдон ашык – кыймылсыз мүлк.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан