СҮЙҮШКӨНДӨР БАСЫП ӨТЧҮ 7 ЭТАП

Ар бир түгөй мамиледе өтө турган этаптар бар. Ошондуктан көпчүлүк учурда сүйүшкөндөр ортодо эмне болуп жатканын түшүнбөй калышат. Эгерде алар белгилүү этаптардан өтөрүн жана бул процесс нормалдуу экенин билсе мамиле жакшы сакталат дешет психологдор. Кээ бир түгөйлөрдө бул этаптар биринчиден алтынчы баскычка чейин ырааттуу өнүксө, башкаларда адегенде сексуалдык тартылуу пайда болуп, андан кийин гана романтикалык сезимдер күч алышы мүмкүн экен.

БАЙЛАНУУ

Ар бир жуптун мамилеси ар кандай жол менен өнүгөт. Кимдир бирөө биринчи көргөндө эле сүйүп калса, башка бирөө сүйлөшүп, жолугушуп жүрүп байланып калат. Организмдеги окситоцин гормону башкалар менен достук мамиле түзүүгө зарыл болгон байлануу сезимине жооп берет. Ошондуктан дос болгон кыз менен жигиттин ортосунда сүйүү болушу мүмкүн эмес деген сөздөргө ишенбөө керек. Көпчүлүк адамдын сезими досуна байланып калуудан тутанат.

СҮЙҮП КАЛУУ

Биология жана нейробиология илими боюнча сүйүп калуу – бул химиялык реакция. Тагыраак айтканда, тукум улоого мажбурлаган механизм. Бул химиялык реакцияда бакыт гормону деп саналган дофамин өз ишин аткара баштайт. Дал ушул гормон жакшы көрүү сезимин ойготуп, дүйнөнү күлгүн көз айнек менен көрүүгө мажбур кылат. Биз жактырып калган адамыбызды идеалдаштырып, аны ханзаада же ханыша элестете баштайбыз. Ошондуктан философтор бир ооздон «сүйүүнүн көзү сокур» дешсе керек.

МАМИЛЕНИН БАШТАЛЫШЫ

Эгерде экөө тең бири-бирин жактырса, анда мамиле жаңы деңгээлге чыгат. Бул этапта жүрөктү дүкүлдөткөн алгачкы жолугушуулар болот. Кыз менен жигит дагы деле бири-бирин күлгүн көз айнек менен карашат. Себеби дофаминден кийин адреналин гормону пайда болот. Биринчи айларда болочок түгөйүн көргөндө толкунданткан, тайсалдаткан, эстегенде баш айланткан сезимдердин күнөөкөрү ошол гормон деп билиңиз. Бирок кемчиликтери да бар. Себеби адреналин серотонин гормонунун деңгээлин төмөндөтүп, маанайды өзгөртүп турат. Башкача айтканда, коркууну, шектенүүнү, негизсиз кызганычты жаратат. Тилекке каршы, бул этапты кыз-жигиттердин баары басып өтө албай калат.

ЖУПТАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ

Эгер кыз менен жигит бири-бирин түшүнүп, эмоцияга алдырбай, келечекте бирге болуу тууралуу сүйлөшсө, анда 4-деңгээлге өтүшөт. Бул этапты расмий түрдө түгөйлөрдүн жаралуусу деп атаса болот. Бул сөзсүз эле нике эмес. Балким, бирге план түзүп, же чогуу жашап башташат. Чогуу жашоо эндорфин гормонун пайда кылып, ал коопсуздук тартуулайт. Бирок 2-3-этапта пайда болгон гормондор жүрүм-турумга жана эмоцияга азыраак таасир эте баштагандыктан өнөктөшүн күлгүн көз айнексиз карап, чыныгы жүзүн даана биле баштайт. Мындан улам сүйүп калган адамга болочок түгөйү жакпай калышы мүмкүн.

КӨҢҮЛ КАЛУУ

Сүйүктүүсүн идеалдуу санабай калгандан кийин анын терс сапаттарын, жаман адаттарын, бир сөз менен айтканда, дофамин гормону көрүүгө тоскоол кылып жаткан нерселердин баарын байкап баштайт. Дофамин менен адреналин гормондору мурункудай бөлүнүп чыкпай калгандыктан, түгөйлөргө ортодогу сезимдер өчүп калгандай сезилиши мүмкүн. Мурда өнөктөшүнүн терс сапаттары көз жаздымда калып келсе, бул этапта терс сапаттарына гана көңүл бура башташат. Бул сөзсүз чыр-чатактарга алып келет. Ошондуктан бул этапта көпчүлүк түгөйлөр эки башка жолго түшөт. Бирок шашылбай бир аз күтө туруш керек. Анткени окситоцин гормону кайрадан жардамга келет.

МАМИЛЕНИН ҮСТҮНӨН ИШТӨӨ

Жогоруда айтылгандай, окситоцин – жубайларды байлаган, ишенүү сезимин өстүргөн гормон. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, окситоциндин деңгээли канчалык жогору болсо, жубайлардын союзу ошончолук күчтүү болот. Бул этапта бири-биринин жанында ыңгайлуу сезип, көп нерсени акылдуулук менен карап калышат. Мамиледе көйгөйлөр жаралса да чогуу талкуулап, компромисске келүүгө аракет кылышат. Бири-биринин кемчиликтерин кабыл алышпаса да, жок дегенде көз жумуп калышат. Психологдор дал ушул этапта кыз менен жигиттин сезимдери чыныгы сүйүүгө айланат деп белгилешет.

АҢ-СЕЗИМДҮҮ СҮЙҮҮ

Акыркы финалдык деңгээлге жетүү үчүн ондогон жылдар талап кылынышы мүмкүн. Бул аң-сезимдүү сүйүү этабында жубайлар бири-бирин кандай болсо ошондой кабыл алып калышат. Албетте, бул учурда сүйүктүүсүн караганда толкунданып дем жетпей калбайт же алаканы тердебейт. Бирок бири-бирин көз караштан гана түшүнүп, дайыма колдоп, ансыз жашоону элестете албай калышат.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2021-11-15 15:44:50
Суйуу кандай жакшы. Баарыныздарга суйуудо бактылуу болушунуздарды каалайм.
+6
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан