Күбүр-шыбыр кеп уктум...
“Эл турмушун оңдоого аракет жасайбыз” деген жаштардын башын кошуп, шайлоого аттангандардын катарын “Айкөл эл” партиясы толуктаган. Той болот, тойдун эртеси да болот дегендей, шайлоонун жыйынтыгында аталган партия парламентке өтпөй калды. Эл арасында “Байсаловдун партиясы парламентке өтпөй калды, анын үстүнө аппарат жетекчилигинен да кетип калган эле, ошого ичип кетиптир” деп шыпшынгандар көбөйдү. Ал гана эмес, басылмалардын бири “Байсалов ичип кетиптир” деп жазып чыкты.
Кептин чын-бышыгын билүү үчүн кайрылганыбызда Жазгүл аттуу жаркылдаган жубайдын, Акылай деген таттуу кыздын атасы Эдил Байсалов мындай деди:
– Мени ичип кетти дегендерге айтайын дедим эле, жаш болсом да башыма кандай гана кооптуу иштер түшпөдү. Ошондой кыйынчылыктар башка түшкөндө ичип кетпеген, эми сынып калмак белем? Мындан артык кантип актанышым мүмкүн? Ушундай кептерди чыгарган ушакчыларга айла жок экен. Мен Кудайга койдум дебейм, ушакты чыгарган адамдын өзүнө койдум.
Чет жерде жүрүп, тууган-уруктан алыс болуп кеткен элек. Кайтып келерим менен саясатка баш-отум менен кириштим. Азыр көрүшпөгөн жакындарым менен көрүшүп, сүйлөшүп, эс алып жаткан учурум. Шайлоонун жыйынтыгынан улам ичип кетпей эле, сүйүнүп отурам. Анткени өлкөбүздө демократия орноп келе жатат. Бул жолку добуш берүү таза өттү, жыйынтыгын биздин партия тааныды. “Айкөл эл” партиясынын ЖКга кирип алалы деген ою жок болчу. Өзүбүз жаш партиябыз, демек, жасачу иштерибиз алдыда.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg