«МУНАБИЯ» тасмасынын таржымалы

Кыргыз адабиятынын шедеври катары бааланган «Мунабия» чыгармасы экрандаштырылып, 2017-жылы тасма тартылып, ага экинчи өмүр берилди. Кино кантип тартылды, ага жазуучу кантип уруксат берди, “Киношок” фестивалында Гран-прини алганы жана башка кызыктар тууралуу баяндап беребиз.

Режиссёру
– Таалайбек Кулмендеев

Сценарийин жазган – Казат Акматов, Таалайбек Кулмендеев

Жанры – драма

Оператору – Марс Умаров

Башкы ролдордо – Мээрим Атантаева, Сакыбек Карабаев, Улан Султангазиев, Гүлзинат Суранчиева

Бет ачары – 2017-жылы 13-октябрда Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн

КЫСКАЧА МАЗМУНУ

Окуя Жанузак деген жашамал адамдын уулуна келген каттан башталат. Кат “атаңардын төшөгүн Мунабия деген тексиз аял булгап жүрөт. Атаңарды шаарга алып кеткиле” деген таризде жазылат. Шаардан келген уулу атасы менен Мунабиянын ортосундагы бери дегенде 20 жылдык сүйүү бар экенин билет. Көрсө, Мунабия менен атасы жаш кезинде сүйүшүп, бирок баш кошо албай калышкан экен. Андан да жаманы – апасы каза болордо “мен өлгөндөн кийин он түтүн Танай уруусунун биринин да босогосун Мунабияга аттатпагыла” деген керээз айтып кетет. Өмүр бою күйөөсүнүн жүрөгүн ээлей албаган аял керээзи аркылуу да аларга тоскоолдук жаратат. Керээз – кыргыз элинде сөзсүз аткарыла турган шарт. Жанузак менен Мунабиянын ортосундагы сүйүү, элдин ушагына, нарк-насил, керээзге да баш ийбейт. Алардын тымызын жолугуп жүргөнүнө туугандар “апаңдын керээзин аткарбай жатат. Атаңа чара көрүш керек” деп чыгышат. Жанузак уулуна түшүндүрө албайт, анткени ал аз сүйлөгөн, эмоциясын айтып чыгара албаган бир мүнөз адам болот. Уулу “сиз апамдын керээзин аткарышыңыз керек” деп катуу айтат. Ушул чырдан үч күндөн кийин атасы Жанузак каза болот. Азага барган уулу тууган-урук арасында “Мунабия азага келсин” деген бир тарап, “келбесин” деген бир тарап болуп жатканын угат. Уруунун аксакалы чакырып “Атаң Жанузак “мен өлгөндө Мунабия башымда отуруп, кара кийип ыйласын” деп керээз калтырыптыр, биз аны аткарышыбыз керек” дейт. Уулу атасынын өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп келген сүйүүсүн, өлүмгө да баш ийбеген сезимин ошондо түшүнөт. “Атам байкуштун керээзи мага катуу тийди. Анын жаш аралаш кыпкызыл болгон көзү менен мени акыркы жолу карашы ок болуп келип, жүрөгүмө кадала түшкөндөй алсырадым” деп баяндайт уулу. Окуя Мунабия азага келип элди ыйлаткан кошогу менен өмүр бою сүйгөн Жанузагын тиги дүйнөгө узатканы, экөөнүн сүйүүсүнө баш ийген эл Мунабияны узата карап калганы менен аяктайт.

“МУНАБИЯ ЧЫНЫГЫ ТУРМУШТА БОЛГОН”

Мунабия өмүр бою бир адамды сүйүп, ага өмүрүн арнаган аял. Бул аялдын прототиби болгон экен. Жазуучу Казат Акматовдун режиссёр Таалайбек Кулмендеевге айтып берген баяны боюнча мындай: 70-жылдары кыргыз жерине саясат менен даргин, чечен, карачай улутундагылар жер ооп келет. Бостери айылына карачай улутундагылар жайгашып калышат. Канча бир убакыт өткөндө алар кайра кетишет. Арасынан бир жаш келин калып калган экен. Бөлөк жерде калып калган жаш аял тууралуу айылдагылар эмне деген гана аңыз кепти чыгарышпайт. “Баңгизат сатат экен, ал биздин күйөөлөрүбүздү дубалап алат окшойт” деген сыяктуу сөздөрдү чыгарышып, келиндин жанын коюшпайт. Көрсө, ал кыргыз улутундагы үй-бүлөсү бар жигит экөө сүйүшүп калып, ошону таштап кете албай калган экен. Келин кемпир болгуча Кыргыз жеринде жашап, бирок салт, ошол кездеги абал экөөнүн чогуу жашашына мүмкүнчүлүк бербептир. Аялдын сүйүүсүнө баа берген жазуучу “Мунабия” аттуу шедевр чыгармасын жараткан экен.

Таалайбек Кулмендеев: “МУНАБИЯ – МЕНИН БИРИНЧИ ЖОЛУ ТАРТКАН ТАСМАМ”

– Мунабияны мен мурун эле экрандаштырсам кандай болот деп жүрчүмүн. 2016-жылы Казат Акматовго барып уруксатын алдым. Ал киши бир ооз эле “эмнеге Мунабияны тарткың келип жатат?” деди. Мен “ата менен баланын ортосундагы муундардын кагылышын көрсөткүм келди” дедим. Жообум жакты окшойт, уруксат берди. Казат абам тасма тартып баштоого бир ай калганда каза болуп калды.

Бул дебюттук тасмам. Буга чейин кино чөйрөсүндө жүргөнүм менен, уюштуруу, жетекчилик кызматтарда жүрдүм. Бирок ошондо эле кайсы бир учурда чыгармачылыкка барарымды билчүмүн. Биринчи тасмам болгону менен, эл аралык сыйлыктарда эки жолу, бири “Киношок” фестивалында, экинчиси Лондондо өткөн “ECG” фестивалында Гран-прини алып келди. “Ника” сыйлыгына номинант болду, дагы далай фестивалдарга катышты. Мен тасмада каалагандай бере албай калганым – Мунабиянын кадрга эрте чыгышы болду. Каалоом боюнча, элдин баары Мунабияны жамандап "шуркуя", "үй-бүлөнү бузган", "уяты жок" дешип көрүүчү кошо жек көрүп калышы керек болчу.

Жанузак каза болгондо азага келгенде Мунабия сүйүүсү үчүн курмандыкка барган күчтүү аял болуп чыгышы керек эле. Кино – бул процесс да, ойлогон оюм ишке ашпай, Мунабия көрүүчүгө эрте чыгып калды. Дагы бир окуя, мен иштер менен Ысык-Көлдө жүргөм. Ошол учурда Мунабия “Киношок” фестивалында көрсөтүлүп жаткан. Уюштуруучулар чакырып калышты, бирок биз бара албайт болчубуз. “Сыйлыкка жарап калса, салып жибергиле” деп койдук. Гран-при аларыбызды ойлогон эмеспиз да. Чыйпылыктап эле улам чалышат. Барбай калдык, фестивалдын өтүшүн онлайн карап отурсак, бардык сыйлыктар берилип жатат. “Аа, биздикине эч нерсе жок окшойт” деп калсак “Гран-при Кыргызстандыкы” деп жарыялашты. Жаңылып калыштыбы деп расмий сайтын ачсак чын экен. Бири-бирибизди куттуктап эле жыргап калдык.

ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

• “Мунабия” тасмасы 4 миллион сомго тартылган.

• Тартуу иштери Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жүргөн.

• Жазуучу Казат Акматов өз кызына да Мунабия деген ысым койгон.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан