Маржан менен Баатыр эшикке чыгып кеткенден кийин Байэлдин ордунан козголууга дарманы жетпей турду. Тигилер чыгып кетери менен кайрадан камерага алып кетишет деп ойлогон, бирок анын тынчын эч ким алган жок. Өзүнөн-өзү мөгдүрөп, ичи-ичине батпай ыйлап жатты. Ыйлабаганга аракет кылганы менен, ичиндеги оргуштап турган ызасын баса албай койду. Ага ушунчалык оор болуп турду, ушундай учурда жалгыз бир бөлмөдө калгандын өзү азап болсо керек. Үстөлдү үч-төрт ирет муштап жиберди. Эшикке чыгып кыйкырып-кыйкырып алгысы келди. Бирок эшикке чыгууга дагы уруксат эмес. Кечкурун Байэлди камерага алып келишти. Адатта орой мамиле кылган кызматкерлер эмнегедир жумшай түшкөнүн байкады. Керебетине сулк жыгылды. Жаздык астынан Аида таштаган сүрөт колуна урунду. Алып чыгып көпкө карады. Ата-энеңбиз деп маңдайында отуруп сүйлөшүп кеткен кишилерден да Аида менен анын уулу жакын сезилип жатты.
Аделяны эстеди, ичи туз куйгандай ачышты. “Бир тууган имишпиз, бир тууган” деп үнү титирей башын мыкчыды. Аделя менен таанышкан күнүн эстеди. Балдардан тепки жеп ооруканада жатканда тамак-ашын көтөрүп алып ден соолугун сурап келбеди беле. Улам бир окуяны эстеп жатып, ойдун тереңине кирип кетти. Аделя менен өткөргөн күндөрү шурудай тизилип көз алдынан өтүп жатты. Учурашканда бетинен же чекесинен өөп, чачын сылап эркелетип койгону болбосо, эч эле тийгиси келчү эмес. Аделя Байэл үчүн ушундай кымбат болчу. Аны эч кимге, керек болсо өзүнө ыраа көрчү эмес. Ушулардын баарын ойлоп отуруп бир кезде “балким, бизди туугандык сезим табыштыргандыр” деген ойго кептелди. Өзүн жубаткысы келдиби, же чындык ушулбу, ким билсин? Байэл үчүн кирейин десе жер катуу, өлөйүн десе жан таттуу болуп жатты. Ушул караңгы төрт дубалдан чыгып кайдадыр кеткиси келди. Ушул жактан алыстаса эле бардык жарааты айыкчудай, өткөн өмүрү унутулчудай туюлду.
ххх
Көзү эми эле илингендей болгон. Бир кезде эшик шарактап ачылып:
– Байэл Сапаров, жолугушууга,- деген күрүлдөгөн үн чыкты.
– Эми кимиси болуп кетти?- деп күңк этти Байэл.
– Бол, батыраак.
Конвой адатынча узун коридор менен Байэлди жолугушуу залына алып жөнөдү. Кире бергенде көзүнө Аделя урунду. Кыз алыстан эле сакалы өсүп, жүдөй түшкөн Байэлди жалооруй карап турган.
– Жок, мен жолукпайм,- кыздан жүзүн алып качып Байэл артка кетенчиктеди.
– Ал сени эртеден бери күтүп жатат.
– Кетсин, мен жолуккум келбейт.
Кыз аны көрүп туруп кетип калган Байэлге таңыркап кала берди. Мага таарынып калган экен деп ойлоду. Байэлдин жашоосунда кандай төңкөрүш болгонун кыз кайдан билсин? Эгер баары баштагыдай болсо, Аделяны көргөндө Байэлдин дүйнөсү түгөл боло түшпөйт беле...
Жолугам деп дегдеп келген кыз шаабайы сууп шалдырап сыртка чыкты. Сыртта аны Барсбек күтүп турган эле.
– Эмне болду?- маанайы суз келе жаткан кызды көрүп жанына жетип барды.
Кыз кабагы салыңкы башын чайкап жерди карады.
– Жүрү, бул жактан кетели,- кызды жетелеп унаасын көздөй алып жөнөдү. Кандай учур болбосун дайыма жанында жүргөнү үчүн Барсбекти баалачу. Азыр дагы жанында экенине ыраазы болуп кетти.
Барсбек унаасын от алдырып узун көчө менен зуулдап жөнөп берди. Кыз кайда барарын сураган дагы жок. Бир кезде Аделянын жакшы көргөн кофейнясынын алдына токтоду. Маанайы жок турган кызды ары-бери бастырып кыйнагысы келген жокпу, өзү унаадан түшүп жүгүрүп кетти. Бат эле кофе көтөрүп жетип келди. Аделя маанайы түшкөндө кофеден күчүн чыгарарын Барсбек жакшы билет.
ххх
Кызынын бөлмөсүнө эч эле кирбеген Баатыр бүгүн анын бөлмөсүнө баш бакты.
– Аделя, эртең сабакка барбай эле кой.
– Эмнеге?
– Эртең сотко барабыз. Сени Байэл уурдабаптыр, аны ак жеринен күнөөлөптүрбүз. Арс менен мамилеңер кандай эле?
– Эме... Ал өзү эле,- кыз ыңгайсыздана түштү.
– Арс, кармалыптыр. Көрсө, баары Арстын кылганы экен. Сени уурдатып эмне пайда көргүсү келгенин билбейм, ошол ишке жардамдашкан балдарга акча убадалаптыр. Убагында бербегени үчүн алар Арстын уятын минтип чыгарып коюшту. Дагы жакшы, билбей калсак эмне болот эле?
– Мен аны байке деп эле сыйлап жүрчүмүн...
– Болду, аларды ойлонбо, андан көрө эрте жатып эс ал,- Баатыр кызын өзүнө тартып чекесинен өөп койду. Дайыма эле көзөмөлдөп турчу атасынан кандайдыр бир жумшактыкты байкады Аделя.
ххх
– Сенде дагы, анда дагы күмөн болбосун, ДНКга тест тапшыруу керек,- деди Маржан оюн ортого сала сот залынын алдында туруп.
– Күмөн деле санаган жерим жок. Кебетеси менин көчүрмөм эле болуп турбайбы. Ишенбей турган болсом ушунча аракет кылат белем? Чоң ишке кириптер болуптур, кайдагы Капар деген неменин тобуна кирип алыптыр. Ал өзү баш болуп кармалбадыбы, муну деле ала жатышмак. Кудум, илгери мен баскан жаңылыш жолду басыптыр да.
– Анан эмне, иши бүтчүдөй эмеспи?
– Бүтөт, буюрса. Колдо бар далилдерди жок кылышты, оозун басчулардыкын бастык, болгону Аделяны уурдаган окуя боюнча иш каралат. Ал боюнча Арс кармалбадыбы, эми Байэл акталып чыгат.
Атасын көздөй келе жаткан Аделяны көрүп Маржан Баатырдын сөзүн аягына чейин укпастан ары көздөй басып кетти.
ххх
“Аделяны уурдабаганым менен, андан башка кылганым канча? Мени чыгара коюшпаса керек” деп алдын ала эле өзү тыянак чыгарып койгон Байэл. Бирок баары ал ойлогондой болгон жок. Сот залында анын алдамчылыгы, Капардын тобунда жүргөнү тууралуу эч кандай сөз болгон жок. Болгону Аделяны уурдаганга тиешеси жок экени гана айтылды. Байэл баарынын мынча тез болорун, “кызылдардын” колунан оңой эле кутула каларын күткөн эмес. Чынында, Баатыр аралашпаганда Байэл эркиндиктен күдөрүн үзө берсе болмок. Бирок Баатырдын таасири күчтүү экенин ушул иштен даана баамдады.
Сот отуруму бүткөнчө Аделя Байэлден көзүн албады. Бирок жигит бир ирет жүз багып кызды карап койгон жок...
(Уландысы кийинки санда)