АТАКТУУ ВРАЧТАРДЫН ЭСТЕ КАЛГАН ОКУЯЛАРЫ

“ТИК УЧАКТА ЭРКЕКТИН ӨПКӨСҮН ТЕШИП...”

Гүлжигит Аалиев, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы:

– Бир ирет Союз кезинде санавиациянын тик учагы менен Токтогулдун Сары-Камыш деген жеринен бир эркекти шашылыш Бишкекке алып келүүгө туура келди. Ал аттан кулап, көп жеринен жаракат алыптыр. Ошентип учуп келе жатабыз. Жарым жолдо бейтаптын өпкөсү иштебей, дем ала албай баштады. Минтсе бир канча мүнөт ичинде көз жумуп кетери анык болуп калды. Тик учакта же операция жасай албайсың же консилиум кылганга башка врачтар жок. Шашылыш чечим кабыл алдым да, медициналык шаймандар менен көкүрөгүн тешип туруп, аба чыгып-кирип турсун деп өпкөсүнө медициналык түтүк коюп салдым. Ошону менен аны Бишкекке алып келип, аман алып калдык.

Ал киши аттан кулаганда кабыргалары сынып, алар өпкөсүнө сайылып, ошондон өпкөсү иштебей баштаган экен. Менин ал ыкмам Союзда уникалдуу ыкма деп табылып, көп мактоолорду уккам.

“ШИЛИСИНДЕГИ ШИШИК БАШТАЙ БОЛУП ӨСҮПТҮР”

Мамбет Мамакеев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, хирург:

– Мен клиникалык ординатор болуп иштеп, окуп жүргөнүмдө жетекчилер “элетте хирургдар жок, айылдарга барып иштеп келесиңер” дешти. Мени Түп райондук ооруканасына жиберишти. Ошентип дарылаганын дарылап, операция жасала турганына жасай баштадым. Бир күнү бирөөнүн сынган бутун гипстеп сыртка чыксам бир топ атчандар туруптур. Башына 2 тумак кийген эркек көзүмө шарт эле урунду. Тумагын алдырып көрсөм шилисинде экинчи баштай болуп шишик бар экен. Сурасам “ушунун айынан моюнум бурулбай калды. Башыма бир тумак батпай, эки тумак кийип жүрөм. Караколго барсам врачтар алууга болбойт дешти” дейт. Аты Асан экен. “Мага кел, операция кылып алып салайын” десем болбойт. Бирок 3 күндөн кийин келди. Жакшылап текшерсем май шишик баштай болуп чоңоюп өсүп кетиптир. Операция жасап шишикти алып, айыктырып чыгаргам.

“БИР БАЛА АПАСЫ УРГАНДАН 3 ЖОЛУ КОЛУ СЫНЫП ТҮШКӨН”

Талантбек Өмүрбеков, балдар хирургу:

– Бир жолу апасы уруп, анын айынан колу сынган 6 жашар бала түштү. Сурасак апасы “сөздү укпай тентектик кылды эле, урсам колу сынып калды” дейт. Дарылап айыктырып бердик. Кийин жумушта отурсам ошол аял ошол баласынын колун сындырып дагы алып келип жатпайбы! Сурасак баягы эле сөзүн айтат. Дагы дарылап айыктырдык. Окуя ошо менен бүтпөй, баягы бала 3-ирет колу сынып келди. Мындай болот деп күткөн эмеспиз да. Апасы бизге жооп бергенден уялып качып, өзүн жаман сезип жатты.

Бир жагынан аялга жинибиз келип, бир жагынан таң калып “өз апасысыңбы?” десек, “ооба” дейт. Бала болсо жакшы болуп калганда кайра эле апасын кучактап, өөп эркелеп калат. Бала деген бала экен да, баарын унутуп калат.

Ата-энелер, сураныч, балдарды урбай тарбиялагыла!

“БООРУНАН ТИШ ЧУКУГУЧ ЧЫККАН”

Акылбек Мусаев, Бишкек шаардык №1 клиникалык оорукананын башкы врачы:

– Бир ирет бизге Бишкектен бир эркекти алып келип калышты. Дене табы 40ка чейин көтөрүлүп, боору, ичи катуу оорутуп абалы оор экен. Текшерүүдөн өткөрсөк боорунда ириң бар экени аныкталды. Мен “боордун абсцесси” деп диагноз коюп, операцияга алдым. Ичин ачсак боорунан тиш чукугуч чыгып жатпайбы! Көрсө, тигил эркек андан 3-4 күн мурун тойго барып, ошол жерден тишин чукуп жатып тиш чукугучту жутуп алган экен. Ал 12 эли ичегисин тешип өтүп, боорго кирип кетиптир. Ошол жердин тегереги ириңдептир. Ошол окуядан кийин өзүм тиш чукугуч колдонуудан коркуп калгам.

“2 ЖЫЛ БОЮ ДЕНЕ ТАБЫ 38-39 ГРАДУСТАН ТҮШПӨПТҮР”

Сабырбек Жумабеков, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору:

– Бир ирет Москвадан балдак менен зорго баскан, арык, өтө кыйналганы өңүнөн көрүнүп турган киши келди. Ал орусиялык ырчы, композитор экен. “Орусиядагы хирург-ортопеддер сага операция жасоо колубуздан келбейт, Кыргызстанга, Сабыр Жумабековго бар деп айтышты” деп, операция жасап берүүмдү суранды. Мен “Орусиянын жараны экенсиң, өзүң жактан жасат” деп болгон жокмун. Ал болсо кетпей туруп алды.

Томографиянын жыйынтыгын карап көрсөм 2 кашка жилигинин башы чирип кетиптир. Көрсө, убагында хламидиоз оорусун жугузуп, чала дарыланыптыр. Дене табын текшертсем 38,5 градус. Ошондо ал мени алдап жатканын түшүндүм. Дене табы түшпөй тура берсе операция жасалбайт. Ошондуктан орусиялык хирургдар операция жасабай, бул айласы кетип мага келген экен. Ачыгын айттырсам, 2 жылдан бери дене табы 38-39 болуп түшпөй жатыптыр. Дене табынын ушунча убактан бери түшпөгөнү жана мунун ага чыдап жүргөнү таң калтырды. Мени алдагысы келгени ачуумду келтирди.

Анан эмне кылсам деп ойлоп, америкалык врачтардын ыкмасы менен аны 2 ай хламидиоздон дарылап, дене табын түшүрүп, анан кашка жиликтерине операция жасадым. Кашка жиликтеринин баш жагына протездерди койдум.

Операцияны бекер жасап бердим. 2 жыл мурун келип кетти, азыр балдаксыз чуркап жүрөт.

“ЖҮРӨГҮНӨН ЖАРЫМ КИЛОГРАММ УЮГАН КАН ЧЫККАН”

Калдарбек Абдраманов, Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси:

– 2020-жылы бир бейтаптын жүрөгүнө операция жасадык. Жүрөк көңдөйүндө уюган кан бар экен. Аны алып чыгуу үчүн 2ге бөлдүк. Ошол уюган кандын салмагы 435 грамм чыкты. 40 жылга жакын кардиохирург болуп иштеп ушунча чоң уюган канды ошондо биринчи ирет көрдүм. Оорулуу бизге кантип аман жеткени да таң каларлык болду.

Ошол эле жылы бирөөнүн жүрөгүнүн митралдык клапанын протездөө операциясын 10 мүнөттө бүтүрдүк. Бул жүрөккө эң бат жасалган операция, сыягы биз дүйнөлүк рекорд койдук. Ошол өтө тез бүткөн операция өзүбүз үчүн да күтүүсүз болду.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2021-11-19 10:15:10
Сонун маек болуптур, ушундай билимдуу врачтарыбыз кобойо берсин
+2
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан