БЕТА-КАРОТИНДИН ТААСИРИ

Жашылча, мөмө-жемиштер түсүнүн өзгөчөлүгүнө жараша ден соолукка ар кандай пайдасын тийгизе алат. Алардын түсүнүн өзгөчөлүгү бета-каротин, ликопин, зеаксантин, аллицин, антоцианин сыяктуу курамындагы табигый пигменттерге жараша болот. Алсак, бета-каротин көпчүлүк учурда сары, кызгылт сары түстү берет. Ал эми ликопин кызыл, кочкул кызыл түстү, аллицин ак түстү берет. Муну менен катар бул каротиндер антиоксидант (организмдеги ууларды чыгаруучу) болуп саналат да, жүрөк-кан тамыр системинин ооруларын, кээ бир онкологиялык оорулардын алдын алат. Ошондой эле жаш балдардын калыптагыдай өсүшү жана өнүгүшү үчүн абдан зарыл.

КАЙСЫ АЗЫКТАРДА БАР?

Сабиз, ашкабак, курма, коон, манго, апельсин, лимон, сары болгар калемпири, өрүк, шабдалы, чычырканак. Башкача айтканда, сары, кызгылт сары түстөгү жашылча, жемиштерде, ошондой эле шпинат, петрушка, брокколи, жумуртканын сарысында да бар.

ПАЙДАСЫ:

Антиоксидант болгондуктан бүткүл организмдеги клеткаларыбызды коргоо менен картаюу процессин жайлатат;

Иммунитетти бекемдөөгө таасирин тийгизет;

Көздүн калыптагыдай көрүүсүнө таасир этип, катарактанын алдын алат;

Мээнин иштөөсүнө оң таасирин тийгизип, кабыл алууну, эс-тутумду жакшыртат;

Стресске туруктуулукту жогорулатат;

Теридеги жарааттын бат айыгышына жардам берип, терини күндүн түз тийген нурларынан коргойт. Клетка, ткандардын жаңылануусун шарттайт, айрыкча ашказандын былжыр челинин.

ЖЕТИШСИЗ БОЛСО:

Жаш балдарда бойдун өсүүсү начарлайт;

Тери нымдуулугун азайтып кургайт, бырыш түшөт, безеткилер чыгат;

Чач кайраттуулугун жоготуп, түшүп, тырмак катмарланып сына баштайт;

Иммунитет түшөт;

Көрүү начарлайт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан