Жылдыздар турмушунан
«Супер-Инфонун» сүрөт-казынасы чоң экенин айтпасак да белгилүү болсо керек. Ошол архивде жылдыздардын бири-бирине окшош сүрөттөрү көп. Айрымдары чындап окшош болушса, кээ бирлери макияждын, чач жасалганын, балким, бир стилисттин айынан окшошуп калган сыяктуу.
Клара Алибекова менен Айжан Газиева окшош болушу толук мүмкүн эмес. Бирок экөөнү окшош деп айтууга кетирекей мурундары, чач жасалгалары түрткү болгон шекилдүү.
Тааныбаган адамдарга Айчүрөк Иманалиева менен Айгүл Чалованын бул сүрөттөрү бир тууган эже-сиңдидей эле ой калтырат. Тегерек беттерине, бакырайган көздөрүнө, үч бурчтук формасында терилген каштарына кошумча, макияж дагы себеп болгон сыяктуу.
«Тунгуч» театры менен таанылган Асылбек Өзүбеков менен Эгемберди Чалабаев өң-келбет жагынан гана эмес, көп жагынан окшош. Мисалы, экөө тең «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү. Баскан-тургандары, сүйлөгөндөрү да эгиздердей десек аша чаппайбыз. Жадакалса экөөнү айырмалай албаган күйөрмандары «бул Асылбек, жок, бул Эгемберди» деп чоң акчага мелдешкендерин да билебиз.
Колунан комузу, үстүнөн улуттук кийими түшпөгөн Аскат Мусабековдун турган турпаты кудум Сыймык Бейшекеев. Баралына келгенде Аскат азыркы Сыймык мырза болуп каларын айтпасам да сүрөттөн көрүп турасыз.
Ал эми “Дем” театрынын актёру Данияр Жанжигитов менен “Уурунун махабаты” тасмасында бандит жигиттин ролун аткарган Мирлан Абдуллаевдин окшош экендери чындык. Ал гана эмес, экөөнү айырмалай албагандар да бар.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg