САНЖАРБЕК КЫДЫРАЛИЕВ: «СПОРТ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КЛИЧКАМ «КАРЫШКЫР» БОЛЧУ»

Мезгил агымы менен мамлекеттеги 3 бийлик бутагынын бири болгон Жогорку Кеңеште сөзгө дыйкан, жүрөгүндө оту бар жаштар пайда боло баштады. Алардын бири – эң жаш депутат Санжар Кадыралиев. Санжар өзүнүн курч сөздөрү, орундуу сунуштары менен аз убакыттын ичинде парламентте ордун табууга жетише алды. Жаш депутат ушул темп менен кете берсе, маалына келгенде жалпы кыргыз элинин сыймыгына айланган инсан болуп калыптанаарынан шек жок. Шайлоочулары жана элди келечегинен көптү үмүттөндүргөн Санжарбек 1977-жылдын 16-ноябрында (көпчүлүк маалымат каражаттары Санжар мырзаны 1976-жылкы деп туура эмес маалымат берип жүрүшөт) Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. Азырынча үйбүлө кура элек.

ААЛАМГА КЕТКЕН ЖОЛ
– Санжарбек Кармышакович, “ааламга кеткен жол өз айылыңдан башталат” демекчи, балалык чагыңыз кайда жана кандайча өткөн?
– Бала чагым Өзгөндүн Куршабында өткөн. Кичинекейимде өтө шок, көк жана өжөр болуптурмун. Ал мүнөздөрүм азыр да бар. Кээде “Санжар катуу күйдүрөт, ага чыдаш гана керек”,- деп атам айтып калат. Тентектик кылганымда атам көп сабачу, бирок, аларга таарынып качып кетүү, тамак ичпей коюу деген адат менде жок эле. Башынан дарыгер болуп иштеп келаткан атам, апам аз убакыттан соң пенсияга чыкканы турушат.
Өспүрүм кезимде атам шашки ойногонду үйрөтүп койгонунан улам ага абдан кызыгып кеттим. Төрт жашымдан баштап өзүмдөн бир топ жаш улуулар менен шашки ойноп, аларды утуп койгон учурларым болуптур. Эгер жеңилип калсам, ыйлачу экенмин. Окуучулук күндөрүм математика сабагына өзгөчө басым жасап окуткан Ысмайыл Бектемиров атындагы лицейде өттү. Тарыхый жана адабий китептерге жакын болуп чоңойдум. Себеби, үйбүлө­бүздө китеп окуган адам көп болчу. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле “Каныбек”, “Сынган кылыч”, “Зар заман”, “Келкел” сыяктуу романдарды окуп, абдан таасирленчүмүн. Эми ошол китептеги окуялар менен азыркыларды салыштырып, абдан кейиймин.
– Эмнеге?
– Себеби, кыргыз эли ошол учурда эле уруучулукка, кокту-колотко бөлүнүп келишкен. Тилекке каршы, ошол түшүнүк аз-аздан унутулуп бара жатканда азыр кайра жанданып отурганы мени ойлонтпой койбойт. Мындай түшүнүктөн арылбасак экиге бөлүнүп, душмандарга жем болуп калышыбыз ыктымал.
– Түндүк-түштүк маселесин кантип жок кылсак болот?
– Уруучулук, түндүк-түштүк маселесин курчутуп жүргөн саясатчы сөрөйлөргө катуу жаза колдонушубуз керек. Анткени, алар бул сөздү курал катары колдонуп, өз максаттарына жетип жүрүшөт. Алакандай кыргыз элинин түндүгү менен түштү­гү бөлүнүп-жарылбастан куда-сөөк, дос болуп келатканы баарына эле маалым. Бирок, “бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей болуп жатат.
– Канча бир туугансыз?
– Өзүм 8 бир тууганмын: 4 кыз, 4 эркекпиз. Мен алардын төртүнчүcү болом.
– Ар бир адам өспүрүм кезинде келечектеги кесиби тууралуу кыялданып, сөз кылат. Сиз ким болууну каалачу элеңиз?
– Врач-академик болууну самачумун. Бирок, ал тилегим ишке ашпай калган. Себеби, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, мектепти аяктап, бир эле убакта Оштогу Мамлекеттик университеттин медициналык факультетине жана Кыргыз-өзбек университетинин экономика факультетине тапшырып, экөөнө тең өтүп кеткем. Бирок, атамдын врач болуп иштеген досунун: «Азыр көптөгөн врачтар дарыканаларда жана базарларда дары-дармек сатып, фармацевт болуп иштеп жүрү­шөт. Андан көрө экономист болсоң саясий чөйрө менен аралашууңа шарт түзүлөт. Дарыгер болсоң элдин агымынан да, саясаттан да четте каласың» деп айткан кеңеши медицина факультетинде окубай калышымдын башкы себеби болгон. Анын үстүнө, окуучулук күндө­рүмдө математика сабагынан мыкты окуганым да экономика тармагында окуума таасир берди десем болот.

«САЯСАТ – АДАМДЫ ТЫНЧ УКТАТПАГАН НЕРСЕ»
Аяш атаңыздын сизге саясатка болгон жолду көрсө­түп бергени, учурда саясаттын чордону болгон парламенттеги кабинеттердин бирин ээлеп отурганыңызга жеткирген тура. Бирок, сурайын дегеним, чоң саясатка аралашканыңызга өкүн­­бөй­сүз­бү? Себеби, айрымдардын айткандарына кулак салсак, саясат деген сасык жана ыплас иш экен.
– Саясий оюндарда утулуп, саясаттын чыныгы маңызын мыкты түшүн­бө­гөндөр ошондой ойду айтышы мүм­күн. Себеби, саясат – адамды бушайманга салып, тынч уктаттырбай турган нерсе. Кыскасы, аргасыздан турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп чыдаш керек.
Жашоо өзү жунгли, тагыраак айтканда, чытырман токойго окшош. Аны аралаган сайын ошончо кызыктуу жана коркунучтуу. Алдыңдан чыккан жырткычтар менен таймашып, аларга жемиңди жедирбей, таймашууң керек. Аларды жана алдындагы тоскоолдуктарды жеңип чыккан адам гана жашоодо да, саясатта да жашап кете алат деп айтаар элем. Биологияда жазылгандай, жашоо үчүн күрөштө күчтүүлөр гана калып, алсыздары жок болуп кете берет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Саясатка аралашканыма өкүнбөймүн.
– Сизди парламенттеги эң жаш депутат катары билгенибиз менен Жогорку Кеңешке келүүдөгү башкы максатыңыз тууралуу укпаптырбыз.
– Менин башкы максатым – жаштардын кызыкчылыгын коргоп, аларды иш орундары менен камсыз кылууга салымымды кошуу. Эгер жаштар татыктуу жумушта иштеп жү­рүшсө, ата-энесинин да, өзүнүн да, курсагы ток болуп, мамлекетке да пайда келип, экономикалык кризистен чыгууга шарт түзүлөт эле. Тилекке каршы, учурда тоону томкоро турган жаштардын күч-кубаты, энергия­сы, курчтугу колдонулбай жатканына өкүнөм.
– “Жаштарды бийликке тартыш керек” деген сөз саясий чөйрөдө көп колдонулат. Карапайым калк арасынан “жаштар бийликке келет, бирок, картайганда” деген пикирди угууга болот. Мунун азыркы учурга кандайдыр бир тиешеси бардай. Дегеле мындай пикирге сиз кандай карайсыз?
– Жаштарга бийликте орун же жумуш жок деген түшүнүк терең жаңылыштык. Эгер жаштар өздөрү уюмдуу, ынтымактуу болушса, бири-бирин жетелеп азыр да бийликке келишсе болот. Бирок, биримдиктин жогунан жаштардын арасында саналуу гана чыгаан жигиттер алдыга суурулуп чыгып жатышат. Андыктан, күнөөнүн баары жаштардын өздө­рүндө. Жаштар жаш курагында бийликке келбесе да, кийинчерээк келишет. Себеби, саясаттагы аксакал чиновниктер бийликти өздөрү менен кошо тигил дүйнөгө алып кетпейт. Алардын ордун башкалар басат. Бир аксакал өз кезегинде: “Эй, уулум, мен да болгом сендей, сен да болосуң мендей”,- деп айткан экен. Андыктан, алардын кылгандарын сындап, айткандарынын баарын туура эмес дегенден көрө, алардын тажрыйбасын үйрөнүп, жакшы жактарын, сапаттарын алып калууга аракет кылышыбыз керек. Кудай өмүр берсе, биз дагы ошолордун жашына жетээрбиз.

«ДЕПУТАТ НАПСИСИНИН ЖАНА ПЕЙИЛИНИН КОЖОЮНУ БОЛУШУ КЕРЕК»
– Депутат болгондон кийин досторуңуздун сизге же сиздин досторуңузга болгон мамилелеринде кандайдыр бир өзгөрүү болдубу?
– Андай болгон жок. Себеби, адамга кандай мамиле кылсаң, алар да сага ошондой мамиле жасашат. Ал эми менде бой көтөрүп, текеберчилик кылуу, теңсинбөө деген сапаттар жок. Тескерисинче, ошол досторум мени депутат кылышты десем аша чапкандык болбос. Казактарда мындай жакшы сөз бар: “Жакшы адам жаман досун да “бул – биздин келечегибиз, баатырыбыз” деп жатып аны көтөрөт. Жаман адам болсо жакшы досун да “бул бизди курутат” деп жамандап отуруп, анын түбүнө жетет”.
“Кайратың тоону бузса да,
Кашыгың көлдү сузса да,
Оозуңдан чыккан сөзүңдөн,
Зоо кулап учса да,
Дос менен сен бийиксиң,
Досу жок сен кийиксиң”,-
деген жакшы сөз бар.
– Элдин атынан сүйлөө үчүн кайсы сапаттарга ээ болуу керек?
– Эл өкүлү үч нерсеге, тагыраак айтканда, өзүнүн сөзүнө, напсисине жана пейилине кожоюн болушу зарыл деп эсептеймин. “Ооздон чыкканга чейин сөз сенин кулуң, ооздон чыккандан кийин сен сөздүн кулусуң” дегендей, депутаттар ар бир сөзгө аяр мамиле кылып, “ойго келгендин баарын эл угуп жатат” деп айта бербөөлөрү керек. Напсини тыйып, бирөөнүн ийгилигине көз арткан жарабайт. Пейилди сактап, обу жок ырсалактай берген болбойт. Себеби, элдин көңүлү өтө назик болот.

ПАНКРАТИОН БОЮНЧА ЧЕМПИОН
– Сиздин эрежесиз мушташ боюнча чемпион болгонуңузду калың элдин катмары биле бербесе керек. Кантип спорт дүйнөсүнө аралашып калгансыз?
– 1996-жылдан тартып Ошто дзюдо менен машыга баштадым. Төрт айдан кийин Ошто өткөрүлгөн панкратион боюнча мелдеште чемпион болуп, “Карышкыр” деген наамга татыганмын. Ошол эле жылы эрежесиз мушташ боюнча Азия чемпионаты өтүп, 40 күндүн ичинде 21 беттешүү өткөрүп, 3 адамдан утулуп, калганынын баарын жеңип чыкканмын. Менден кийинки бир тууган инилерим Орунбек менен Канжар да спорт менен машыгып, эрежесиз таймашта Кыргызстандын намысын коргоп келишет. Атап айтсам, 1982-жылы туулган Канжар 21 жашында, 1978-жылы туулган Орунбек 23 жашында панкратиондон Евразия чемпиондору аталышкан. 1998-жылы Кыргызстандагы панкратион федерациясына вице-президент болуп шайлангам. Учурда эрежесиз мушташка чыгып жүргөн жигиттерге демөөр­чүлүк кылуудамын.
– “Учурунда айтылбаса сөз атасы өлөт” демекчи, аз күн мурда “депутат Санжар Кадыралиевдин иниси Ошто милиционерлерди сабап салган” деген маалымат тарады эле. Ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Чынын айтыш керек, бул маалымат менин аброюма шек келтирүү максатында атайын жасалган “чёрный пиар” деп айтсам туура болчудай. Анткени, менин иним досу менен кафеде отурса, он чакты милиция кызматкери атайын алардын жанына барып, чыр чыгарууга аракет кылышкан. Ошентип, алардын ортосунда мушташ эмес, жөн гана чатак чыгып кеткен. 9 күн өткөндөн кийин гана милиционерлердин жетекчилиги кол алдындагыларды коркутуу-үркүтүү жолу менен менин иниме карата арыз жаздырган. Эң кызыгы, арыз жазууга алардын да баары эмес, төртөөсү гана макул болот. “Эки жигит 10 милиционерди сабады” деген жалган жалаага ким ишенсин? Демек, милиционерлердин ойлогон ою ошентип ишке ашпай калган. Айрым таза эмес милиция кызматкерлери “постанова”, “шантаж” жана “провокация” кылууну адатка айлантып алганы эч кимге жашыруун эмес.

«БЕЙ-БЕЧАРАГА ЖАРДАМ БЕРГЕНДЕН РАХАТ АЛАМ»
– Сиздин жеке турмушуңузга да бир аз токтолсок...
– Учурда бойдокмун. Менден кийинки иним үйлөнүп-жайланып калса да, өзүмө түбөлүк жар болуп бере ала турган кызды жолуктура элекмин. Анын үстүнө, депутат болгондон кийин кыздар менен мамиле курууга убакыт деле таппай калат экенсиң. Себеби, аларды киного, кафеге, концертке алып барып же паркты аралап басышың керек.
– Азыр убакыт таппасаңыз анан качан убакыт табасыз?
– Кудай буюрса, жайкы эс алууга чыкканда.
– Кыздардын кандай сапаттарын баалайсыз?
– Турмушка терең көз караш менен караган түшүнүктүү, назик жана айланага нур чачыраткан жылдыздуу кыздарды жактырам.
– Сиз айткан сапаттарга ээ болгон кыз менен баш кошкон соң ал “үйдө отурбайм, карьера жасайм” деп чыкса эмне кыласыз?
– Аял үчүн жылуу-жумшак үйдө отуруп, балдарына өзүнүн мээримин төгүү менен аларды мыкты тарбияласа, мына ошол эң чоң карьера. Эркек болсо иштеп, аларды багып, кароосу керек.
– Майрамдардын кайсынысын чыдамсыздык менен күтөсүз?
– Мурда Жаңы жыл майрамын аябай күтчүмүн. Азыр болсо эмнегедир жаз мезгилиндеги майрамдарга жакын болуп кеттим.
– Сезимдерди ойготкону үчүнбү?
– Жок, жаз мезгилинде алдыга, келечекке болгон умтуулуу, пландар пайда болот. Жаздын үмүтү чоң деп айтаар элем.
– Эмнеден рахат аласыз?
– Бей-бечарага жардам бергенден рахат алып, ички дүйнөм жеңилдей түшөт. Менин бирөөгө пайдам тийсе, ошол мен үчүн кубаныч.
– Жашоодогу девизиңиз?
– “Ийилгенге ийилгин,
Атаңдан калган кул эмес.
Керкейгенге керкейгин,
Кудаяр хандын уулу эмес“,- деген сөздү баалайм.

Маектешкен Улан МАМБЕТОВ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан