– Шаардын чок ортосунда жайгашкан эң мыкты деген ресторанда маалымат жыйын болуп жатты. Узун боюна апакай көйнөгү куп жарашкан Жылдыз Камалова ак куудай сүзүлүп элди аралап келип, өзүнө тиешелүү орундукка отурду. Жылдыз жылдыз дегендей эле бар болчу. Сулуу, таланттуу, тандаган ырлары да жарашып калса эл өзү эле төбөсүнө көтөрүп жылдыз кылып алат тура. Улам чыгарган ыры хит болуп, элдин сөз кылганы, аңдыганы, суктанганы да ушул ырчы болуп турган учуру эле. Кабарчылардын арасында Аман да отурган. Ал криминалдык окуяларды жазып жүргөн журналист. Бул жолу кесиптеши суранып, анын ордуна келген эле. Ишти аягына чыгаргыча аркасынан сая түшкөндүктөн өз чөйрөсүндө аны “из кубар” деп атап алышкан.
Жылдыз Камаловага сөз берилип, ал микрофонго сүйлөп баштады.
– Урматтуу элим, бул кайрымдуулук концертке катышуу мен үчүн сыймык...
Аман аны тиктеп калды. Жылдыздын микрофон кармаган колу титиреп турганын көрдү. Жүзү сумсайып, катырып койгондой эч эмоциясыз сүйлөп жатты. Аманга бул абал тааныш туюлду, кесибинде мындайды көп жолу көргөн. Маалымат жыйындан кийин Аман ырчынын жанына жакын барды, колу тийип кетти. Селт чочуган кыздын көздөрү бакырайып коркуп кетти да, аргасыздан колдору менен жүзүн калкалай берди.
– Коркпоңуз, мен...- сөзү жарым калды. Кайдан-жайдан пайда болгон бойлуу, ак куба жигит Жылдыздын жанына келе калды да, сылык жылмайды.
– Жаным, бир нерсе болдубу?
– Жок, баары жайында.
Амандын көз алдына кайра-кайра ошол элестер келе берди. Ичине бир күмөн түшсө тынч ала албаган табияты бар. Ошол күнү түн жарымга чейин Жылдыз Камалованын өмүр баянынан баштап бардык интервьюларын көрүп чыкты. Эмнени байкаса ошонун баарын жазып жатты.
ххх
Түн. Жылдыз терезеден жылдыздарды тиктеп турду. 6 жылдан бери ушу терезеден жылдыздарды кусалуу тиктейт. Өзү менен өзү калган саналуу гана учурлар болот. Аркасынан келген күйөөсү ийинине колун койду.
– Бүгүн чарчадым...
– Чарчоого болбойт, билесиң.
– Бул кыйноо канчага чейин уланат? Бизге эмне жетпейт? Эч нерсебиз жок убакта үйлөнгөнбүз. Азыр эмне кааласаң баары бар. Чарчадым.
– Аз калды, дагы бир аз акча топтоп алалы. Анан...
– Эмир, балалуу болгум келет.
Күйөөсүнүн жүзү бырыша түштү. Жолдошунун жүзүндөгү мындай өңдүн артында эмне жатат билет, шылкыя түштү.
– Бизге азыр баланын кереги жок, баарына жетебиз ошондо каалагандай балалуу болобуз. Азыр эмес. Муну көп жолу сүйлөштүк. Азыр көңүлүңдү алдыда бере турган концертибизге бур.
– Чарчадым, тойго да, концертке да катыша турган алым жок, чындап алым жок.
Эмир Жылдызды чачтан алды. Алкымдан алып муунтуп баштады. Кызарып-татарып колунан бошонгонго аракет кылганын моокуму кана тиктеп турду.
– Мен сага эмне дедим?! Сен мен каалаганча ырдайсың, каалагандай суммадагы акчаны алып келесиң. Мен каалаган күнү төрөйсүң. Атүгүл мен каалаган күнү өлөсүң. 6 жылдан бери ушул чындыкты моюнуңа алгың келген жок.
Жылдыз анын колдорунан араң бошонду.
– Бас!
Үйүнүн алдыңкы кабатында үн жаздыра турган студиясы бар. Жылдыздын кыйноосу мына ушул жерде. Күндөп-түндөп машыктырат, ырдатат, ырды тандатат. Сөзүн укпаса эле тепкилейт. Башында эрки сына электе каршылык көрсөтчү. Катуу таяк жеп боюнан үч-төрт жолу алдырганда, милицияга кайрылганда да арга таба албаганда, ага жардам бере турган эч кимиси жок экенин билгенде эрки сынды. Эмирдин куурчагына айланды. Киши эмес, акча таап келе турган машинага айланды. Эмир өтө айлакер, куу, ач көз адам эле. Жылдыз таап келген акчаны өзүнө карматчу эмес. Жылдыздын ата-энеси каза болуп, жалгыз агасы Орусияда иштегендиктен жакын эч кимиси жок эле. Сырттан караганда бүт баары суктанган, эл оозундагы жылдыздын чыныгы турмушу ушундай болчу. Ар бир сөзү, интервьюсу, ыры, кийими, ал тургай ойлору да Эмирдин көз алдынан өтүп турчу. Бул кыйноонун чеги жок эле.
ххх
Жылдыз кофе ичкени келе турган бир кофейня бар эле. Орундукка отурары менен бир жигит жанына отура калды. Жүзү жылуу учурады. Бул баягы журналист эле. Чочуп кетти.
– Мен баарын билем. Бардык интервьюңузду көрүп чыктым. Күйөөңүздүн досьесин да чукулап таап чыктым. 8 жыл мурун ал бир жеке клиникада психикалык жактан жабыркаган адам катары дарыланыптыр. Оорулуу адам...
– Кайдан билесиз?- деди таң калган Жылдыз.
– Билем.
– Баары сиз ойлогондой эмес...-деп калтырады Жылдыз.
– Сизге жардам керек. Мага сөзсүз чалыңыз. Бул сиз үчүн телефон... Ушуну менен кабарлашыңыз.
Аман ушуларды айтты да, шарт ордунан туруп басып кетти. Колунда калган баракты караган Жылдыздын жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Аман болсо чыгып бара жатып жылуу жылмайып койду. Бирок ага телефон чалууга эрки жетпеди. “Мен жашап жатамбы азыр? Меники да жашообу? Мен Эмирдин куурчагы болуп дагы ашып кетсе 4-5 жыл акча табам. Андан кийин эмне болот? Же эне боло албай, же аял эмес бул жырткычтын колунда өлүп калышым мүмкүн” деп ойлоп жүргөн. Акыры чечти. Телефонду калтыраган колдору менен терди. Бул анын жанын куткаруунун бирден-бир жолу болчу.
ххх
Арадан күндөр өттү. Бир күнү кесиптештери менен тамак ичип отурган Аман телефонго келген видеону карап өңү кумсара ыргып турду.
– Жырткыч!- деди тиштене.
Туруп дароо опер досуна чалды, өзү билген, сөзү өткөн таасирдүү адамдардын баарын чогултту да, бир саат ичинде Жылдыздын особнягына жетип барды. Кулак тундурган милициянын сиренасы, опур-топур болгон элди көрүп Эмир таң кала түштү. Эшикти ачып бир нерсе дейин деди эле, Аман аны ээктен ала бир муштады. Ыргып түштү.
– Жылдыз кана?
– Кимсиң сен?
– Ажалыңмын!
– Дагы бир эсин жогото урду да, Аман үйгө чуркап кирди. Жылдыз ага күн сайын видео жөнөтүп турчу. Андан күйөөсүнүн зекигени, үйүнүн кандай экени, кайсы тарапта үн жаздырган студиясы бар экени дайын болгон. Дароо ошол жакка жөнөдү. Жылдыз кызыл жаян кан боло жерде жаткан экен. Тумандаган көз алдында Аманды көрдү.
– Жардам... жардам бер,- деди ал араң үн ката.
ххх
Уйкудан ойгонгондо күн анын палатасына тийип турган экен. Гүл көтөрүп ак халатты жамынган Аманды көрүп жылмайып алды.
– Күн,- деди эмнегедир.
– Ооба, бул Жылдыздын күнү! Кайра төрөлгөн, жаңы жашай турган Жылдыздын күнү.
– Эмир?
– Кабатырланба, эми ал кааласа да сага колунун учун тийгизе албаган абалда. Кутулдуң!
– Рахмат сага.
Көздөрүнөн эки тамчы жаш тоголонуп кетти. Туптунук жаш... Бул анын ыраазылыгы болчу.
Асия Алиева