“ПЕНТХАУСТУН” ХАНЫШАСЫ ЛИ ЖИ А

Окурмандардын суранычы боюнча бул ирет “Пентхаус” сериалынын ханышасы Сим Су Рён же болбосо актриса Ли Жи А тууралуу кенен маалымат берели дедик. Каарманыбыздын сериалдагы жашоосу менен чыныгы жашоосунда окшоштуктар бар. Кандай десеңиз, макалага көз чаптырыңыз.

Аты-жөнү:
Ким Сан Ын

Псевдоними: Ли Жи А

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы: 1978-жыл, 6-август

Жылдыз белгиси: арстан

Бою: 168 сантиметр

Кесиби: актриса, ырчы

Үй-бүлөдө: 5 бир тууган, 3 эжеси жана агасы бар

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Легенда”, “Бетховен вирусу”, “Афина: Согуш Кудайы”, “Мусудан”, “Мен дагы гүлмүн”, “Менин аджоссим”, “Пентхаус” жана башка

КОРЕЙ МАГНАТЫНЫН КЫЗЫ

“Пентхаус” сериалы аяктаса да, тасманын таасири, андагы каармандардын образы көпчүлүктүн эсинен кете элек. Көп кабаттуу ак сарайдын ханышасы Сим Су Рёндун ролун ойногон актриса Ли Жи А жашоодо деле ханыша. Анын чоң атасы көп жылдар бою жибек чыгарган компанияга ээлик кылган.

Андан сырткары алардын үй-бүлөсүнүн карамагында бир нече билим берүүчү окуу жайлары бар. Кичинесинен бардар турмушта жашаган кызга кинодо ханышанын образын жаратуу оорчулук жараткан эмес.

Актрисанын төрөлгөндө коюлган ысымы Ким Сан Ын. Сан Ын өзү "1978-жылы жарык дүйнөгө келгем" дегени менен, анын жакындарынан 1981-жылкы деген маалыматтар тараган. Кыргызда жакшы сөз бар “кыздын жашын сурабайт” деген. Андыктан актрисанын так жашы өзүнө гана белгилүү бойдон калсын. Кореяда төрөлгөнү менен, жашоосунун көп бөлүгү АКШда өттү. “Pasadena City” колледжинен искусство жана дизайн тармагында билим алды. Актриса өзү белгилегендей, корей тилине караганда англис тилинде түш жоруйт, андан сырткары япон тилин да жакшы өздөштүргөн.

КИМ САН ЫНДАН ЛИ ЖИ АГА ӨЗГӨРҮҮ

Чыгармачылыкка болгон кадамы 2004-жылы башталган. Кореяга аз убакытка келген кыздан тааныштары жарнамага тартылып берүүсүн суранышат. Макул болгон Сан Ын “LG Telеcom” компаниясынын ролигине дүйнөгө “кореямания” толкунун тараткан “Кышкы соната” сериалынын баш каарманы актёр Пэ Ён Жун менен бирге тартылып калат. Мына ошондон актриса болуу кыялы жаралган. 2005-жылы АКШдан куржун-кечесин жыйыштырып алып кыз Сеулга сапар алды. Эми ал Ли Жи А деген ысым менен белгилүү актриса болушу керек.

2007-жыл. Тарыхый-фантастикалык жанрдагы “Легенда” аттуу сериалга болгон кастингде популярдуу актрисалар Ха Жи Вон, Ким Тэ Хини чаңында калтырып, Ли Жи А өтүп кеткен. Белгисиз актрисаны алганы үчүн режиссёрдо да, кино дүйнөсүнө биринчи жолу кадам таштаган кыздын өзүндө да чоң жоопкерчилик бар эле. Кино адиси бекеринен Жи Ага көз салбаса керек, анткени бул долбоордон кийин Ли Жи А бир нече абройлуу кино сыйлыктарга ээ болуп, дебюттук ролу менен эле популярдуулукту багынта алган.

“ПЕНТХАУС” МЕНИ КОЁ БЕРЕ ЭЛЕК...”

Актрисанын карьерасына үңүлсөңүз, ал жараткан кызыктуу, ар тараптуу образдар көп. Романтикадан баштаган, комедия, драма, фантастика, боевик, айтор, Ли Жи А ойноп көрө элек жанр аз болсо керек. Кызыгы, сыртынан назик көрүнгөн актриса физикалык даярдыкты, кара күчтү, уруш өнөрлөрүн талап кылган ролдорду көп аткарат. Кайсы? Мылтык көтөрүп аскер кызматкери болуп чуркап жүргөн актрисаны “Мусудан” боевигинен көрсөңүз болот. “Афина: Согуш Кудайы” дорамасында атайын кызматтагы агент, “Мен дагы гүлмүн” сериалында полиция кызматкеринин ролунда жана башкалар.

Ли Жи Анын аты 2020-2021-жылдары кайрадан оозго алынып, Кореядагы эң көп сөз болгон белгилүүлөрдүн катарына кошулду. Буга, албетте, “Пентхаус” сериалы негизги себеп эле. 3 сезонго созулган дорама жогорку рейтингден дагы деле түшө элек. Дорамадагы ролу боюнча актриса: “Сим Су Рён катары 1,5 жылдан ашык иштедим, мындайча айтканда, анын жашоосу менен жашадым. Азыр деле “Пентхаустун” ичинде жүргөндөй, Сим Су Рёнмун дегендей сезим жарала берет. Дорама мени коё бере элек...” деп эскерет. “Пентхаус” анын сыйлыктар турган текчесин дагы бир нече статуэтка менен толуктоого мүмкүнчүлүк түздү.

“Пентхаустан” кийин Ли Жи Аны кайдан көрөм десеңиз, актриса учурда кесиптештери менен биргеликте “Мен кыялданган деңиз” (The Sea I Desire) аттуу шоу-берүүгө катышып жатат. Анда Корея шоу-бизнесинин белгилүү адамдары деңиз жээгине чогулуп алып тамак жасашат, ырдашат, бийлешет, айтор, жөнөкөй атмосферада чер жазышат. Бул берүүдөн бүгүнкү каарманыбыздын ашпозчулук өнөрүнө да күбө боло аласыз.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Актрисанын экран сыртындагы жашоосуна кайрыла кетпесек болбос. 2011-жылы интернет желесине Ли Жи А менен актёр Чон У Сондун Парижде эс алып жүргөн сүрөтү тарап кеткен. Экөө “Афина: Согуш Кудайы” дорамасында өнөктөш эле. Кыз-жигит экенин моюнга алгандан көп өтпөй эле Ли Жи А маалымат каражаттарынын бутасына алынып, ызы-чууга кабылган. Буга чейин көпчүлүккө бойдокмун деп жүргөн актриса чынында турмушка чыгып, ажырашканы белгилүү болгон. Анын мурунку жолдошу белгилүү музыкант, ырчы Со Тэ Жи эле. Экөө поп-рок музыканттын Лос-Анжелесте өткөн концертинде таанышат. 1997-жылы курулган үй-бүлө 2006-жылы урап, ажырашуу процесси мүлк бөлүшүүдөгү келишпестиктерден улам үч жылга созулган. 2011-жылы сот процессиндеги айрым маалыматтар интернетке тарап кеткенден кийин көпчүлүк актрисанын жалган айтканына нааразы болгон. Мындан улам Чон У Сон менен мамилесине да жарака кеткен. Андан бери актрисанын жүрөгүн багындырган мырза тууралуу расмий маалымат жок.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mariolan
2021-11-22 14:43:17
корей актрисаларына көп деле кызыга бербейм, бирок ушул актриса жагат да жагат
+3
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан