30 ЖАШТАН КИЙИНКИ ДЕН СООЛУК

Ооруну айыктыргандан көрө анын алдын алган оңой” делет. Окумуштуулардын айтымында, 30 жашка чейин адамдарда бир-эки гана оору болбосо, дээрлик дени сак болот. Оорулар 30 жаштан кийин башталат. Андыктан жаш куракка байланыштуу көп кездешчү оорулар жана алардын кантип алдын алып, өмүрдү узартуу керектиги тууралуу “Юрфа” медициналык борборунун терапевт-врачы Анара Жалил кызы айтып берет.

30-40 ЖАШТА

Бул курак – ал-күчкө толуп, бала-чакалуу болуп, аларды багуу, там салуу, мал күтүү, бизнес баштоо түйшүктөрүн артынчу курак. Андыктан чет өлкөгө иштеп, акча табуу үчүн кеткендер көп болот. Ушулардын баарын эсепке алганда кандай оорулар жарала башташы мүмкүн?

Аялдардын төрөө курагы болгондуктан толук кандуу тамактанбагандарда анемия оорусу жаралат. Төрөгөн соң эмчегин аярлабаса сезгендирип мастит, мастопатияга чалдыгат. Кош бойлуу кезде аз кыймылдап, көбүрөөк салмак кошкондорго варикоз өзү тууралуу белги берет. Төрөт курагындагыларда эн безинин кистасы, жатын түтүкчөлөрүнүн сезгениши жана бүтөлүп калышы, жатын моюнчасынын эрозиясы дарты да көп кездешет.

Мигранттар чет өлкөдө түрдүү иштерде, ар кандай шарттарда иштешет. Курулуш же башка оор иштерде иштегендерде омуртканын жылып кетиши жана грыжасы, бөйрөктүн оорулары көп жолугат. Бул куракта эркектер спирт ичимдиктерин жана тамекини көбүрөөк пайдаланышып, айрымдар боордун циррозу, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы ооруларын жаратып алышат. Мындан тышкары суукка урунуу жана инфекциялар простатитти чакырат.

Туура эмес тамактанып, майлуу, күчтүү тамактарды көп ичип-жегендерде боордун гепатозу (боорду май басуу), өттүн жана бөйрөктүн таш оорусу, атеросклероз, подагра кездеше баштайт. Суукка урунуудан жана ооруп калса убагында дарыланбай калып өнөкөткө өткөрүп жибергендер пиелонефрит (бөйрөктүн ириңдеп оорушу), простатит ооруларына чалдыгышат. Иши туруп иштөө менен байланышкандарда варикоз пайда болот. Ал эми кафе, ресторандарда идиш, пол жууп иштегендер, ошондой эле майда балдары барлар алардын кир-когу, тамагы деп отуруп колдорун муздак сууга көп салгандан муундарын сезгентип алышат. Ал бара-бара артроз оорусуна өтүп кетүүсү ыктымал. Бөйрөк оорусу билинбей күчөп, өтүшүп гемодиализге түшүп калгандар жана бөйрөктү алмаштыруу маселесине жолуккандар кездеше баштайт.

Тукум куучу оорулардан улам айрымдарда миокарддын инфаркты, инсульт, кан диабетине чалдыгуу коркунучу жогорулайт. Социалдык жашоонун төмөндүгү, стресстердин көптүгү, остеохондроз жана башкалардан улам жогорку кан басым оорусу жарала баштайт.

30-40 жашта сексуалдык каалоо да өсүп турган кез болгондуктан, жыныстык жактан жугуучу ооруларды жабыштырып алгандардын саны көп болот. Алардын ичинен хламидия, сифилис, ВИЧ, гепатит коркунучтуу. Хламидиоз оорусунан дарыланбаса кол манжалары кыйшаят. Гепатиттин B түрү жыныстык жактан жугуп, жүрүп отуруп боордун циррозуна өтүп кетиши мүмкүн. Цирроздо боорду алмаштыруу керек болуп калат.

40-50 ЖАШ

Бул куракта адам ден соолугуна көңүл бурбаса өнөкөт оорулары өтүшөт жана жаңылары кошулат. Аялдарды гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам климакс күтүп алат. Айрымдар 35-40 жашында эрте климакска туш келишет, гинеколог-эндокринологго көрүнүп, текшерилсе алар гормоналдык дарылардын арты менен климакстын убагын артка жылдырып, этек кирдин келүү ыргагын калыпка келтиришет. Эрте климакска туш болуу, миомадан улам жатынды кошо алдыруу гормондордун өзгөрүшүнө жеткирип, эрте картаюуга, сексуалдуулуктун төмөндөшүнө алып келет. 40-50 жашта эмчектин жана жатын моюнчасынын рагы ооруларына чалдыккандардын саны артат.

Эркектерде простатит жана аденома оорусуна кезиккендер (урук чыктагыч безинин залалсыз шишиги) көбөйөт.

Кант диабети менен ооругандар врачтын көзөмөлүндө болуп, дарыларын ичип турбаса көрүүсү, угуусу төмөндөп, бөйрөктөрүнүн иштөөсү бузулуп гемодиализге байланып калуусу ыктымал.

Жалпы эле 40-50 жаш курактагыларда жогорку кан басым, миокарддын инфаркты, инсульт, атеросклероз оорусуна кабылгандар четтен чыга баштайт.

Этти, майлуу, туздуу тамак-аштарды көп колдонгондорго подагра (муунда заара кычкылынын топтолушу жана өлчөмүнүн чоңоюшу) дарты суратпай өзү келет.

50 ЖАШТАН ӨЙДӨ

Өнөкөт оорулардын саны арбып калат. Айрымдар остеоартроз дартына кез келип же тизеси бүгүлбөй, же жамбашы менен отура да, жата да албай, же колу көтөрүлбөй калат. Оору өтүшүп кетсе жасалма муун салынат. Остеоартроз климакстан кийин семирип кеткендерди да тооруйт, анткени муундарга салмактан улам күч келет. Анын үстүнө жаш өткөн сайын организмде зат жана кан алмашуу жайлап калат.

Организмде тиешелүү гормон жана кальцийдин жетишсиздигинен остеопороз жаралып, сөөк морт болуп калат. Эркектерде аденома дарты, аялдарда 40-50 жаштагылар сыяктуу эле эмчек, жатын жана жатын моюнчасынын шишигинен азап чеккендер көп жолугат.

Негизи эле ашказан жана 12 эли ичегинин оорусунан дарыланбагандарда же толук эмес дарылангандарда оорусун ракка өткөрүп жибергендер болот.

КАНЧА ЖАШТА КАЙСЫ АДИСКЕ ТЕКШЕРИЛҮҮ КЕРЕК?

• 30 жаштан тартып кан басымды ченөөнү үйрөнүп, кан басымы калыптагыдан өйдө же бир топ төмөн болсо кардиологго баруу керек. Бул өзгөчө ашыкча салмакта болгондор, тамеки чеккендер, кант диабети барларга тиешелүү.

• 35 жаштан тартып жылына кандын курамын, анын ичинде холестериндин өлчөмүн текшертүү кажет.

• 38 жаштан баштап жылына эндокринологго калкан сымал безди текшертүү сунушталат. Ушул эле курактагы аялдар эмчектин рагынын алдын алып, маммографиядан же УЗИден өтүүсү керек. Тукумунда бул оорусу болгондор эмчегинде калыңдоо күтүлсө онколог-маммологго тезинен барбаса кийин кеч болот.

• 40 жаштан баштап көрүүнү, простата безин, жатын моюнчасын текшертүү зарыл жана башка.

Негизи эле азыр оорулар жашарып баштагандыктан оорулардын алдын алып 30 жаштан тартып жыл сайын 2 ирет, такыр болбосо 1 ирет уролог, гинеколог, окулист, кардиолог жана башка адистерге көрүнүп, анализдерди тапшырып туруу керек.

ООРУБАЙ УЗАК ЖАШОО ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Дасторкондон тамак менен кошо жашылча салаты, жемиш, сүт азыктары, эт үзүлбөшү керек. Тамактан акчасын аягандар ошол аяган акчасын дарыга коротушат. Ден соолугуна кам көрүп, кыймылда болуп, жашылча-жемишке жакын адам аз ооруйт, узак жашайт. Аялдар колду муздак сууга көп салбай, кир жуучу автомат машинасын колдонгону оң. Стресстен, ооруларды жаратуучу оор жумуштардан качуу, оор нерселерди ташууда аларды бөлүп же бирөөлөр менен колдошуп ташуу туура. Спортко жакын болуп, чуркоону же басууну адатка айлантуу керек.

40-45 жаштан баштап остеопороздун алдын алуу кальций каражатын, ага кошуп Д3 витаминин ичүү зарыл.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Isikkolumkeremet
2021-11-23 08:22:42
Жамман настройду тушуротго
+1
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан