(Башы өткөн сандарда)
Байэлге жолукпасын деди көрүнөт. Сот отуруму бүтөрү менен Баатыр Аделяны ээрчитип чыгып кетти. Аделя кылчактай артын карап сот залынан чыгып атасы менен жөнөй берди.
Байэл сыртынан кайрат күткөнү менен, ичинен өрттөнүп баратты. Эркиндикке чыкса эле жеңилдеп калчудай болуп жатпады беле. Дегдеп күткөн эркиндик аны кайрадан эле жалгыздыкка кептеди. Ата-энеңбиз деп жашоосуна эки адам пайда болгону эле болбосо, өмүрү көрбөгөн ал адамдарга кантип жакындайт эле? Балалыктан берки ызасы муунтуп, үйүнө батпай жатты. Барып сырын төгүп алайын десе эч кимиси жок. Акыры күчүн ичимдиктен чыгармай болду. Чогултуп жүргөн акчасынан алып чыгып үйүнүн жанындагы барды көздөй жөнөдү. Кирип эле бир чоң бөтөлкө аракка буюртма берди. Бармен алып келери менен удаасынан эки стакан тартып жиберип отуруп калды. Арак бир заматта денесине тарап, ичиндеги күйүтү сезилбей калгансыды.
Ойлору менен алпурушуп отуруп чоң бөтөлкө аракты түбүнө түшүрдү. Сааттын жебеси түнкү төрттү чамалап калыптыр. Теңселе туруп сыртка чыкты. Үйүнө баргысы келбей жатты. Бир саамга бардын алдында турду да, келе жаткан таксиге кол жаңсады. Эмнегедир оюна Аида келди, таксини ошол жакка айдатып жөнөдү. Түн бир оокум болгону, жаман-жакшы көрөрү аны ойлондурган жок. Жолдо унаа аз болгондуктан, такси бат эле Байэлди айтылган дарекке жеткирди. Акчаны берди да, кайтарым акчасын күтпөстөн унаадан түшүп кетти. Мастыгына салып Аиданын батиринин коңгуроосун тындырбай баса берди.
– Ким болуп кетти?- Аида уйкулуу көзү менен телефонун алып саатты карады.
– Түндө кишинин тынчын алган бул ким?- таңдана туруп халатын жамына оозгу бөлмөгө жөнөдү. Каалгага жакын келгенде коңгуроо дагы басылды.
– Ким бул?
Эч ким жооп кайтарбады.
– Ким бул?
– Мен Байэл,- деген тааныш үн угулду. Эми эле ким болуп кетти деп жинденип турган Аида жан талаша эшикти ачты. Байэл Аиданы көрүп эреркеп кеттиби, айтор, эшик ачылары менен Аиданы көздөй оой берди. Байэлдин мас экенин көргөн ал унчукпастан сүйөп конок бөлмөсүнө алып кирип керебетке жаткырып, бут кийимин чечти. Үстүнө одеялону жаап жаткан Аиданы Байэл билектен кармады.
– Кетпеңизчи, менден баары кетишти,- деди Байэл Аиданын колун коё бербей.
– Эмне болду?- Аида керебеттин кырына отура кетти.
– Мен ишенген адамдар мени таштап кетишти,- оор үшкүрүнө Байэл обдулуп өйдө болуп башын мыкчып отуруп калды. Терезедеги шооладан экөөнүн карааны гана көрүнүп турду бири-бирине.
– Жашоо ошонусу менен жашоо да. Андай нерсе жалгыз эле сенде болгон жок, баарында болот. Керек болсо менде дагы болгон, болуп эле келе жатат,- деди Аида сыпайы үн чыгарып.
– Ойлоп көрсөм, мен курсакта кезде эле таштандыга айланыпмын. Бул жарыкка келерим менен мени балдар үйүнө таштап кеткеничи!- мастыгы менен ичиндеги көкүрөк өйүгөн нерсесин айтып жатты.
– Билесизби, Аида эже, мен ушунча жыл ата-эне дегендин эмне экенин билбей чоңойдум. А мен жок деп эсептеген ата-энем, көрсө, жашоодо бар экен, аларды көрдүм. Бар болгондо дагы экөө тең бардар кишилер экен. Элестетиңиз, ушунча жыл жашоодо жок деген адамдар мага келишти, мени эркиндикке чыгарышты. Эң жаманы эмне билесизби? Сүйгөн кызым бир тууганым болуп чыкты. Мен жашоодо эмнемден жазганымды билбейм. Мунун баарын көтөрүп кантип жашайм?- көзү жашылданып, үнү каргылданып кеткен Байэл Аидага башын жөлөдү. Аялга башын жөлөп эркек башы менен ыйлап турганы жат көрүнүш болсо дагы, баш жөлөөргө бир адамы бар экенине ыраазы болуп турду Байэл.
Байэл сүйлөп жатып чарчады көрүнөт, кыйшайып уйкуга кетти. Сыртта таң сүрүп калганы терезеден көрүнүп турду. Аида акырын Байэлдин үстүн жаап, бир топко аны карап турду да, өз бөлмөсүнө кетти.
ххх
Аделя соттон келгени наар албады, бөлмөсүнө кирип кеткен бойдон сыртка чыккан дагы жок.
– Кел, Аделя, тамак ич,- деп кызын чакырган эне жооп болбогон соң ордунан туруп жөнөдү эле, Баатыр токтотуп койду.
– Аны жөн кой, эс ала берсин,- деди Баатыр өктөм.
– Курсагы ачты го,- деди чыйпылыктаган эне.
– Тийишпе ага, курсагы ачса тамак ичер, кичинекей кыз беле ал сага?
Ушуну менен эч ким ага тийишкен жок. Бөлмөсүндө өз ою менен алек. Бир жолу ага жүз багып карабаган Байэлге таарынды. “Мынча жүзүңдү бургудай мен сага эмне кылдым эле? Түшүнбөстүк болуптур, эми ошон үчүн эле жүзүмө карабай коёбу? Арсты билбей жүрсө бир жөн. Бизди ажыратыш үчүн эмне гана кылган жок? Эми өзү камалып отурат”,- Аделя түнү менен көзүн ирмебеди. Адам бир ойго чөмүлүп алса уйку деген айланып качат эмеспи. Таң сүрүп калган маалда башы каңгырап ооруп турганын сезди. Көзүн жумуп уктайын дейт же көзү жумулганы менен, уйкудан дайын жок.
– Уф, ушу экөөбүздүн жолугушуубуз өзү жаңылыш болгон. Бактылуу күндөрүбүздөн кайгылуу күндөрүбүз көп. Билинбей канча жылдар өтүп жатат,- Аделя туруп дары салган кутусунан баш оорунун дарысын алды да, терезе жакка басты. Тээ алыстан кызыл болуп сүрүлүп чыгып келе жаткан Күндү бир топко карап турду да, дарыны ичип сыртка чыгып кетти. Сыртка чыксам ойлордон алыстаймынбы деп ойлоду. Эшик алдындагы бассейнге көз чаптырып тура берди.
– Биз бул кебетебиз менен бир боло аларыбызга деле көзүм жетпей баратат. Эми сага бир мүмкүнчүлүк берем. Болбосо өмүрдө жалгыз өтсөм дагы ушул мамилеге чекит коём. Бар киши эмес же жок киши эмес, тоё жашабай ушинтип эзилип, күтүп, кайгырып эле жүрө берет белем?!- кыз өзү менен өзү диалог куруп жатып, акыры ушул чечимге келди.
ххх
Бассейнди телмире тиктеп ойго батып турган кызын карап Баатыр оор үшкүрүп алды. Эки баласынын эки жакта кыйналып жатканына жаны кейиди. Ушуга күнөөлүү өзү экенин эстегенде кабыргасы кайышып кетти. Баарын кантип жолго салышты билбей турду. Жарым кылым сүргөн өмүрүндөгү тажрыйбасы, топтогон байлыгы бул маселени чечүүгө, жайгарууга жетпей жатты...
(Уландысы кийинки санда)