(Башы өткөн санда)
Акыры ал ушул нерсеге кабылыш керек болчу. Ушул нерсеге келе жаткан өзү. Адаттагыдай үйүнүн жанындагы барга барып, сыра жутуп ошол жердеги айрым адамдар менен баарлашып кайра келмекчи болгон. Сырасы түгөнгөн, күрмөсүн кийип эшикке чыккан. Так ошол бардын унаа токтотуучу жайында акчага карта ойноп отурган таксисттерди көрүп калбаспы.
Адегенде алардын жанынан өтүп кетти. Бирок кумар аны алыс кетирмек эмес. Арыраак барды да, кайра артка кайтып келди. Келгенде жүрөгү тез-тез кагып, азыр бир укмуштуудай керемет нерсе башталчудай толкунданып келди.
– Жигиттер, оюнга кошосуңарбы?
– Ой, биз «тринка» ойноп жатабыз,- таксисттердин бири оозундагы ширеңкенин талын чайнап сүйлөдү.
– «Үч карта» десең, бизде бул оюнду «Үч карта» дейт...- жанындагысы аны оңдоду.
– Кайсы жерде кандай аталганы маанилүү эмес. Башкысы мен эрежени билем. Кон канчадан?- тигилерден жооп күтпөй эле Каныбек чөнтөгүнөн тутам акчаны сууруп чыкты. Жанагы ширеңкенин талын чайнап жатканы акчаны бир карады да, жанындагы 3 өнөктөшүн карап көз кысып койду.
– Мейли, кошулсаң кошул. 20 сомдон эле ойноп жатабыз.
Анан оюн башталды. Заматта эле Каныбек 500 сомго чукул акчасын уттуруп жиберди. Таксисттер өздөрүнчө кудуңдап алышты. Алардын бири-бири менен көз ымдашканын байкады Каныбек. «Азыр силерге көрсөтөм» ичиндеги кумары канын башына тептирип, денесин дүркүрөтүп жиберди. Анан ал атайылап эле утулуп берип баштады. Тиги төрт таксисттин көздөрү жайнап, ортодогу акча улам додо болуп көбөйө берди.
– Акыркы миң сом калды,- деди бир убакта Каныбек жанындагыларды карап.
– Ойнобой эле кой да?
– Ооба, токтотсоң каршы деле болбойбуз.
Таксисттер анын оюндан качышын каалап, боор ооруган киши болушту.
– Жок, до конца го...
Анан 10 мүнөт өтпөй эле кайра эле Каныбек «туй ата, 100 эле сом калды го» кейип калды.
– Э жигит, кел эми ошол 100 сомду бер. Мен сени үйүңө чейин алып барып коёюн. Барып жат эми...- жанагы ширеңкенин талын чайнаганы шылдың менен сүйлөдү.
– Кам санаба, байкеси. Үйүм жапжакын. Андан көрө ушул 100 сомду ут да, сен барып эс ал. Эртең жумушка чыкпай деле койсоңор болчудай. Эки-үч күндүк акчаңарды таап алдыңар...
«Өзүң бил» дегендей тиги таксист мылжыйып койду да, картаны таратып баштады. 4 таксистти бир сыйра карап алды Каныбек. Баарынын тең көздөрү жанып акчадан көздөрү өтүп турат. Ач көздүк, мына-мына утушту бөлүшөбүз деген сезим, жеңиштин жакындыгы алардын көздөрүн байлап, байкагычтыгын мокотуп салыптыр. Каныбек аны түшүндү да, тээ жанатан катып коюуга жетишкен 3 окшош картаны колундагы картага алмаштырып алды.
– Бул жолу утуш меники окшойт,- деди анан ал карталарды ортого таштап. Чын эле аныкы экен. Бирок таксисттер камырашкан жок. Кокустук дешти ичтеринен.
Бирок картаны таратуу укугу Каныбекке келгени, балээнин башталышы экенин сезишкен эмес. Кантип жасап койгону белгисиз, биринен-бириникин көбүрөөк кылып, байгени илчүдөй кылып келип туруп акыры өзүнүкүн бардыгынан көп кылып салыптыр. Таксисттер ортодогу байгенин бир тобун кайра Каныбекке алдырып жиберишти.
Мындай нерсе 3 ирет кайталанганда ортодогу акча эңшерилип, Каныбектин өз акчасы кайра ээсине кайтып калды.
– Сен бир балээ кылып жатасың, ээ?- жапалдаш бойлуу, курсактуу таксист көзүн жыртайтып карады.
– Эмне кылып жатам?
– Жасап жатасың... Карта сага тийгени бизге кол келбей калды.
– Жок, байкеси. Жанатан бери силерге кол келип жаткан, эми мага келди. Анын эмнеси бар экен?!
– Жок. Андай болушу мүмкүн эмес. Катары менен келип жатат.
Каныбек ичинен кудуңдап кетти. «Эми быштыңар» деди ал ичинен арамзалана.
– Анда, мына, сиз таркатыңыз. Ишенбей жатсаңыз.
– Алып кел...
Курсактуу неме картаны жулуп алды да, өтө бир берилүү менен картаны аралаштырып баштады. Ары аралаштырды, бери аралаштырды. Анан бир топто барып таркатып берди. Каныбек колуна албастан баарын бир сыйра тиктеп алды. Жанагы карта таркаткан курсактуу неменин мурдунун таноолору кыймылдап өзүнчө толкунданып алыптыр. Аны карап болор-болбос жылмайып койду.
– Менден элүү кетти...- таксисттердин бири оюнду улады.
– Мен пас...
– Менден да элүү...
Кезек Каныбекке келди. Ал картасын көтөрө элек болчу.
– Мен «тёмный». Жерден алып карабайм. Дальше элүү кетти...
Картасын ачып да карабаган Каныбекти курсактуу таксист «азыр өпкөңдү үзөм» дегендей шылдыңдай карады да, «менден 100» деп кондун баасын көтөрүп жиберди. Кийинки айлампада үчөө калды. Каныбек оюнду улай берди. Карталары көмкөрөсүнөн жатат. Оозунан ширеңкенин талы түшпөгөнү ал ансайын оюндун кызыгуусуна кирип, оюнду айлантып жаткан. Бир убакта ага курсактуусу акырын көз кысып койду. Каныбек байкамаксан.
Ишаратты түшүнгөн соң тигиниси оюндан чыгып, карталары жерде жаткан Каныбек менен курсактуу таксист гана бетме-бет калды.
– Дагы кетти...- ортого 100 сом таштады курсагын сылаган таксист. Анын кебетесинен эле жашоого болгон толук ыраазычылык окулуп жатты.
– 200 кетти,- Каныбек карталарын карабастан дагы улады. Акыры ушинтип барып кондун баасы 1000 сомго чыкты. Таксисттердин баары тиги кесиптешинин колундагы картаны карап чыгышты. Жеңиш ушунуку тура деп акыры колдорунда акча калбай калганда, өз чөнтөктөрүнөн калган-каткан акчасын чогултушту да, картаны ачып беришти.
– Хе, 3 туз...- «өлдүңбү шордуу» дегендей эле сүйлөдү таксист.
– Ачып салдыңызбы?! Мм... Меники канча болду экен?- ээгин тырмап туруп, карталарын кармады да, атайылап 3-4 секунд күтүп туруп оодарып койду.
– Кандайча?- курсактуу таксист булдуруктап кетти.
– Апей! Үч алты дейби?!- Каныбек калп таң калымыш болду.
– Энеңдурайын... Энеңдурайын, жасап салдың! Жасап салдың!- ыйлап жиберейин деди тиги таксист. Шериктери дендароо болуп туруп беришти.
– Кантип жасайм, апей?! Картаны сиз таркаттыңыз го...
Чын эле картаны таркаткан өзү эмес беле?! Эч нерсе дей албай калды. Баягы таксист ширеңкенин талын алып чыкты да, кайра оозуна салды.
– Оюн да... Кээде ушундай болот,- деп билерман киши болуп койду. Бир күн кечке иштеп тапкан акчаларын уттуруп жибергендерине ичтери ачыша туруп калды таксисттер.
– Жүр, эми жеткирип коёюн!
– Үйүм жакын эле...
– Бас дейм. 100 эле сом болот.
Каныбек акыры макул болду. Унаага отурары менен таксист аны жымыйып карап койду.
– Ойнойт экенсиң, ээ?- деди таксист ширеңкени тили менен оозунун бир бурчуна жылдырып.
– Фортуна жылмаят кээде.
– Сен жылмайтат турбайсыңбы! Менин атым Майрамбек...
– Аа... Каныбек.
– Каныбек... Жакшы-ы... Каныбек сен жакшы ойнойт экенсиң. Тээтиги шаардын ылдыйындагы мал базарда кечкисин жалаң соодагерлер ойношот. Ошол жакка барып бир ойноп келбейлиби?
– Жок, байке... Ойнобойм деле мен.
– Ойлонуп калсаң чаларсың. Телефонумду жазып ал. Эми ал жерде чоң акча болот. Үй-машинасын конго коюп салгандар бар... Бир Маракент деген бирөө бар. Жалаң ушу тринка менен бутуна туруп кетти, эй. Катуу ойнойт. Ошого атаандаш кылсамбы дедим эле сени... Жакшы ойнойт турбайсыңбы.
– Ким дейсиз?
– Маракент... Негизи аты Марат. «Кент» деген сөздү өллө көп айтат. Тиги кентим, бул кентим, кенттер менен деп эле жүрөт. Анан баары «Мара Кент» деп алышкан. Ошо менен Маракент болуп калды. Жакында бир жигиттен БМВ утуп алды...
(Уландысы кийинки санда)