ЖАШЫЛЧАЛАРДЫН ТҮСҮНӨ ЖАРАША ТААСИРИ

Өткөн саныбызда жашылча, жемиштерге сары, кызгылт сары түс берүүчү бета-каротиндин организмге тийгизген таасири жана жетишсиз болсо кандай ооруларга алып келери тууралуу сөз кылганбыз. Калган табигый пигменттердин таасири тууралуу да билип алыңыз.

Сыя көк – мээ клеткалары

Жашылча, жемиштердеги сыя көк же көк түс антоцианин пигментинин натыйжасында иштелип чыгат. Карагат, кара өрүк, кара жүзүм, черника, баклажан, сыя көк капуста, пияз, инжир сыяктуу жашылча, жемиштер жүрөк оорулары жана ашказан рагына кабылуу коркунучун азайтат, кан басымдын жана холестериндин деңгээлин нормалдаштырат. Ошондой эле мээ клеткаларынын туура иштешине чоң таасир этип, аллергиядан коргойт.

Ак – жүрөк

Сарымсак, пияз, сельдерей, чамгыр, ошондой эле түстүү капуста жана ак кочандуу капустада болгон аллицин пигменти курамындагы микроэлементтер менен бирдикте шишикке каршы таасир этет, эс-тутумду жакшыртат, жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтат. Ошондой эле глюкозаны организмге сиңирүүгө көмөктөшүп, табигый антибиотиктин ролун аткарат.

Кызыл – кан тамыр

Кызыл, кочкул кызыл жашылча, жемиштерде ликопен пигменти бар. Бул өңдөгү дарбыз, помидор, анар, малина, кулпунай, алча сындуу жашылча, жемиштер кан айланууну жакшыртат, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Эң башкысы семирип кетүүдөн сактайт.

Жашыл – эс-тутум

Жашыл түстү берүүчү хлорофилл пигменти салат жалбырагында, бадыраң, шпинат, укроп, петрушка, алманын кээ бир сортунда, брокколиде, киви, цуккиниде бар. Бул уникалдуу зат боордогу жана кандагы онкологиялык шишикти пайда кылуучу токсиндерди тазалоодо өтө зарыл. Кычкылтектин бүткүл клеткаларга тарашына көмөктөшүп, клеткалардын жаңылануусуна таасир этет. Ал эми жашыл жашылчаларда жана мөмө-жемиштерде фолий кычкылы (В9 витамини) көп болгондуктан депрессияга тушугуунун алдын алып, эс-тутумду жакшыртат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан