СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ошентип, Айдананын көптөн күткөн күнү да келди. Бүгүнкүдөй төгүлүп, толкуп ырдаган эместир. Концерт залына толгон эл анын авазына арбалып, мукам ыргакка ыргалып отурушту. Жүрөгүндөгү эчен жыл бою толкуган эргүүсүн төгүп жатты Айдана. Ушул мүнөттөрдө сахнанын ыйык күчүн, рахатын сезип турду.
Акыркы ырынын аягында алып баруучу кыздын жылмайып өзүн чакырганын сезди. Анан сахнанын аркасына өтүп, кыл кыягын кармап, өзүнө жылмайып турган Рустамды көрдү.
– Сен... Келдиңби?
– Концертке келген эл канча убакыт болсо да кеткилери келбей турганын сездиңби? Алар экөөбүздүн ырыбызды күтүп жатышат.
– Ах, Рустам!
– Бул күнү сенин бактыңды жарты кыла албайм!
Экөөнүн сөзүн угуп турган алып баруучу күлүңдөй берди.
– Демек, “Жигит ыры”!
Кол кармаша чыга келген экөөнү көрүп, эл дагы дүргүп алды. Микрофонду колуна кармаган экөөнүн колдору эле эмес, жүрөктөрү да дирилдеп жатканын эч ким билген жок. Эл жүрөгүнө алардын махабаты менен кошо сиңген ыр жаңырып, миңдеген жүрөктөрдү толкутуп жатты. Экөөнүн бактылуу жүздөрүн тиктеген көпчүлүктүн арасында Айнура да бар эле. Ыйлап жатты. Залда атасы Иман, апасы Айша да отурган. Ичтен сызып отурушту. Апасы ичинен толгоно берди. “Кандай кылуу керек? Мындай болорун беш жыл мурун билгенибизде, балким, башка айла табар белек? Бул менин күнөөм. Мен уулумдун кандай адам экенин, бир мүнөз экенин билип туруп, учурунда түшүнө албадым. Андан көрө атасы кетирген катаны кайталабасын деп анын тагдырын өз тагдырыма байланыштырдым. Көрсө, ата-эненин жүрөгү да жаңылат тура. Кана, ошол мен көргүм келген уулумдун бакыты? Биринчи жолу көзүнөн шаттык төгүлүп, чыныгы Рустам болуп отурат”.
Ыр төгүлүп жатты. Экөө тең көмөкөйү ачылган булбулдай безеленип жатышты.
Концерттен кийин кучагына гүл толгон Айдананы Рустам сыртта, машинасында күтүп турган экен.
– Кеттик,- деди ал кабагын жарк эттире.
– Сен үйүңө барышың керек.
– Билем. Биринчи сени жеткирип коёюн.
Дайыма ушундай, бир аз гана убакытка чогуу болобуз деп ойлошот. Анан биринин жанынан бири кеткиси келбей отура беришет. Экөө чогуу болгондо убакыт кандай өткөнүн билбей калышат.
– Эмне маанайың жок?- деди Рустам Айдананын көңүлү бир нерсеге бурулуп жатканын байкап.
– Жөн эле.
– Айка, кандай болгон күндө да экөөбүз бири-бирибизден сыр жашырбайбыз дебедик беле?
– Мейли, уккуң келсе айтайын. Абдул телефон чалып, жакында келерин айтты. Ортобузда болгон нерседен кийин кайра мени издеп келе жатышы таң калычтуу болуп жатат. Кызымды кошо алып келерин кабарлады. Мен кетип жатканда аны мага эч качан көрсөтпөсүн айткан эле. Эми ал оюнан кайтканга эмне себеп болду, билбейм. Кызымды да сагындым. Уф, ушунчалык оор болуп кетти, Рустам. Башым айланып, жанчылып бүттүм. Концерттин камы менен жүрүп, көп нерсени унуткарганга, ойлобогонго аракет кылчумун. Эми толгон ойлор жанымды кыйнай баштады.
Рустам үнсүз угуп турду да, бооруна кыса кучактап алды. Кандай кубаттуу, күчтүү, камкор колдор?! Азыр эле жалбырактай дирилдеп турган Айдана мемирей түштү.

ххх

– Айтчы, беш жылдан кийин кайра пайда болгон шермендеге сени, баласын айырбаштап кеткен жатабы? Жок, Рустам андайга барбайт. Мен аны менен сүйлөшөм.
Айнуранын энеси күйүп-бышып жатты. Айдана менен Рустамдын чогуу ырдаганы тез эле кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна жеткен эле. Айнура энесинин күңкүлдөп күйүп-бышканын карап отура берди. Не демек?.. Ал дагы эне. Өз перзентинин камы үчүн күйүп-бышып жатат. Апасынын маңдайына келди да, башын тизесине коюп жата кетти.
– Апа, ушул беш жылда мени Рустам менен бактылуу жашады деп ойлойсузбу?
– Рустамдай күйөө чанда кезигет, балам. Какпаса, сокпосо, айтканыңды аткарса, сага дагы эмне керек? Бактылуу эле болчусуңар, жанагы жер куруткан неме болбогондо...
– Эгерде аны өзүм чакырып келдим десем эмне дейт элеңиз?
– Жинди болгон неме го...
– Жок, апа, мен мындан беш жыл мурун жинди болгон экем. Башка адамдын ордун күч менен тартып алганмын. Эми кайра ордун бошотуп беришим керек. Таң калбай эле коюңуз. Ошентишим керек.
– Эмне деп дөөрүп жатасың. Сенчи, балаңчы?
– Баламдын өз бактысы, өз жолу бар. Ата-энеси бактысыз болсо, балага кайдагы бакытты бере алышат? Билесизби, апа, мен аракет кылдым. Рустамдын көңүлүн тапканга, бардыгын анын каалаганындай кылганга аракет кыла берип, өзүм жок болуп кете таштадым. Үйдү да ал каалагандай жасалгаладым, өзүм да мүнөзүмдү өзгөртүп, Рустамга окшоп түнт боло баштадым. Алтургай ал жакшы көргөн тамакты гана жасар элем. Ушунчалык аракет кылдым, апа. Бирок мен туура эмес жашап жатканымды сездим. Баары бир мен анын көзүнө Айдана болуп көрүнө албасымды, жүрөгүнөн тигинин атын өчүрө албасымды сездим. Апа, көрсө, махабат деген ушундай болот экен. Мисалы, мен... Айланамда Рустамдай бешөө көзүмдү карап, айтканымды аткарып турса да мага Рустамдай көрүнбөйт эле. Аны ушунчалык сүйдүм, апа. Акыры сүйүүм өчүп, өзүм анын көлөкөсүнө айланып баратканымды сездим. Коё беришим керек.
– Акылдуум менин!
Айнуранын апасы оор улутунуп алды.
– Ошентсе да, балам, ойлонуп көр. Күйөө, бала деген оңой менен табыла калчу нерсе эмес. Өз очогуңду бузуп, башканы бактылуу кылам деп ойлобо. Рустам жаман бала эмес. Ортодо чырактай уулуңар бар.
Айнура энесинин тизесинде жатып, тымызын ыйлап жатты. «Эч нерсени билбейсиң, апа. Мен үчүн бул кадамга барыш кандай гана оор экенин сезгениңде...»
Уулунун жалжылдаган көздөрүн эстегенде ого бетер кыйналып жатты. А энеси өзү үчүн андан беш эсе кыйналып турганын сезгенинде көз жашын сүртүп, жылмайды.
– Апа, жөн эле сизге эркелеп койдум. Көңүлүңүзгө албаңыз. Менин жашоом жакшы. Кайнатам менен кайненем көзүмдү карап турушат. Баса, Айдин чоң атасы менен паркка кеткен. Мен үйгө барайын, келип калышкандыр. Убактым болгондо дагы келем.
Эне калп күлүп, бетинен өөп сыртка чыга качкан кызын аяп, ичи сыйрылып кала берди.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Akjol
2010-11-26 22:39:13
Эхх...журок эзилип кэтти,кандай гана оор турмуш э.
0
Tokmok
2010-11-28 02:00:08
uuffff yaaaa iyiladym okup alyp.......
0
zamir
2010-12-01 19:53:14
Бул сериалды дайыма кутуп окуйм, омуру газета менен иши жок досторум да ушул сериалды окушат экен, аябай жакшы жазылган чыгарма, бул чыгарманын сценарийин жазып кино кылып тартышса супер кино болмок же сериал кылып тартыш керек, эгерде кучтуу режиссер жана мыкты актер актрисалар тандалып тартылса анда СНГ же Азияга чейин популярдуу кино болсо керек деп ойлойм. Супер инфо мумкун кино тарткандарга кайрылып корорсуздор.
0
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан