Назель, ырчы: “КҮЙӨӨ ИЗДЕГЕНДЕН ЧАРЧАДЫМ”

“Баратат туфли”, “Күйөө издейм”, “Кудалар”, “Аяй кайнене” жана башка тамашалуу да, олуттуу да ырлардын аткаруучусу Назель маектешим. Ачык-айрым, өзгөчө стили бар, дайым изденүүдө жүргөн ырчы менен кызыктуу баарлашуу болду.

– Салам, Назель. “Кудалар”, “Күйөө издейм, “Аяй кайнене”. Эмнеге бул темалар жөнүндө көп ырдайсыз?

– Салам. Анткени бул темалар актуалдуу. Эмне актуалдуу, эмне трендге айланат деп изденип, ошого жараша ырдаганга аракет кылам.

– Качан күйөө табасыз?

– Жакшы издеген табат дейт. Үмүт үзбөйм. Бирок издегенден деле чарчадым. Мени деле издешсинчи. Жашынбай эле турам. Көрүнүктүү, жакшынакай эле айыммын. Издөөчүлөр көп эле азыр, жеке кат аркылуу жазып калышат. Жазгандан кийин дагы бир кадам таштагандан тартынышат окшойт.

– Жигитиңиз менен тааныштырдыңыз эле, ал күйөө болом дейби?

– Тааныштыргам . Андай кылганыма өкүнбөйм. Ал убакта сүйүүгө мас болуп жүргөн кезим болчу. Тилекке каршы, “розовые очки” сынып, анын максаты башка экенине көзүм жетти. Ал чыгармачыл инсан болгонум үчүн эле жанымда жүргөн экен. Мен аркылуу жакшы тааныштарды тапты, азыр ыр жаздырып, клип тарттырып жүрөт. Эч кимди күнөөлөбөйм, өкүнбөйм. Анткени бул менин тандоом болчу. Ага да ийгилик каалайм.

– Кайненеңиз “аяй” болушу үчүн эмне кылыш керек?

– Эң биринчиден өзүң “аяй” болушуң керек. Мени жактырбай жатат деп нааразы болуп отура бербей, биринчи өзүңдү оңдосоң баары жакшы болот го дейм. Анын кемчилигин байкап жатсаң, демек, сен деле “аяй” эмессиң. “Аяй” адам ар бир нерсенин, ар адамдын “аяй” жактарын гана көрөт.

– Кандай келин болосуз, элестетип көрдүңүз беле?

– Эртең менен таң атпай туруп үй жыйнап, тамак жасап, жумушта иштеп, баарына жетишкен аябай тың келин болмокмун түшүмдө деп кой. Тамаша, эрке, түшүнүктүү, жумуш кылганга колдон келишинче жетишкен, жетишпей калсам, “кечирип койгула, жетишпей калдым” деп айткан келин болмокмун. Кайненемди сыйлап, жакшы көрмөкмүн. Аны салонго алып барып, аяй көйнөк, туфли алып берип эркелетип, ага өзүм да эркелемекмин.

– Бир учурда эң көп канча жигит менен сүйлөшүп көрдүңүз эле?

– Мындай нерсе түшүмө да кирген эмес. Суроо берсеңиз кызык болуп кетти. 5 жигит менен сүйлөшсөң баарына убакыт бөлүш керек да, ээ? Убактымды аямак окшойм.

– Инстаграмдан от, жүрөк реакцияларын жибергендер көппү?

– Аябай көп. Чыныгы жашоодо деле доллардан, евродон жасалган гүлдөрдү жөнөтүп коюшса жакшы болмок. Жеткирип берүү кызматы деле бар го.

– Жигиттердин кыжырыңызга тийген сапаты кайсы?

“Айлыгың канча?” деп сурагандар такыр жакпайт. Мен да сурап коёюнчу, эмнеге канча табасың деп сурайсыңар?

– Өзүңүздөн жаш балдар тийишсе жагабы?

– Аябай жагат, жакшы мамиле кылып тийишсе, жакшы сөздөрдү айтса. Анан дагы ал жаш, “красавчик” болсо, албетте, жагат. Бирок мамиле түзүү максаты болсо жакпайт.

– “Кудалар” ырыңыздын обонун корейлерден алыптырсыз. “Күйөө издейм” деген ырыңызды казак ырчысы Ерке Есмахандан алган деп айтып жүрүшөт. Дагы кайсы ырларыңызды кайдан алдыңыз эле?

– “Кудалардын” обону мен аябай жакшы көргөн корей ырчысы Парк Хун Биндин репертуарынан алынган. Сөзүн Жанар Камбаралиева жазган. Корейлердин обондору аябай жагат. K-pop дүйнөнү дүңгүрөтүп жатпайбы. Дүйнөдөгү мен-мен деген ырчылардын баары ачык эле “обону баланча улуттуку” деп жазышат. Муну туура эле көрөм. “Сага барам” деген ырымды “Примавара” деген румын элинин ырынан которгом. “Күйөө издейм” болсо 2014-жылы чыккан. Бул ыр мага таандык. Тескерисинче, Ерке Есмахан биздин идеяны алган. Ырыбызды, идеябызды берип турсак эч нерсе болбойт. Идея менде толтура, акча болуп турса ишке ашырабыз. Акча “море” болгондо “шикардос” болот.

– “Обу жок” ырлар сизге эмне алып келди?

– Бирөөгө обу жок болсо, бирөө үчүн бул чыгармачылык. Бул табиттин иши. Мен өзүмдүн чыгармачылыгымды аябай жакшы көрөм.

– Бир маекте “мурдумду кичирейтип, оозум менен төшүмдү чоңойткум келет” дегенсиз. Бул максаттар качан ишке ашканы жатат?

– Эсебиме миллиондор түшсө өзгөртө турган жерлеримди өзгөртөм. Азыр пластикалык операция актуалдуу. Аны жасатып алып, анан жашыргандан пайда жок. Бирок мага мурдум, оозум, баары өзүмө жагат, кандай болсо ошондой кабыл алам. Арыктаганда да “мен силерди жакшы көрөм” деп майларым менен коштошком.

– Кызыңыз чоңоюп жатабы? Ага кандай апа болуп жатасыз?

– Рахмат, чоңоюп жатат. Азыр мектепке чейинки даярдоо классында окуп жатат. Жакшы апа болууга колумдан келишинче аракетимди жасап жатам, убакыт бөлүп, таттуу, кийим-кече алып берип. Мен заманбап апамын го дейм.

– Жакшы, маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
KaGaH
2021-11-22 23:17:06
2чи Гулзат Мамытбек
-1
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан