Кышында суук аба ырайы, витамин жана күн нурунун жетишсиздиги иммунитетти, ишке жөндөмдүүлүктү төмөндөтөт. Андыктан адам сасык тумоо, ОРВИге бат-бат чалдыгат. Бул маалда дарылык касиети бар чайларды ичүү пайдалуу.
БАЛ, ЖАЛБЫЗ КОШУЛГАН ИМБИРЬ ЧАЙЫ
Мындай чайдын курамында C витамининин өлчөмү көп болгондуктан суук тийгенде, ОРВИде бат айыгууга жардам берет. Имбирь чайы негизи жүрөк-кан тамыр системинин жана мээнин иштешине жакшы таасир этип, боорду тазалайт, мээни тынчтандырып эс алдырат.
Керектүү азыктар: 3 сантиметр имбирь тамыры, 1 чай кашык жалбыз, 5 кесим лимон, 3 чай кашык бал, 1 литр суу.
Даярдоо: имбирди жука, ичке тилимдерге кесип туурайбыз. Чайнекке имбирь, лимон, жалбызды салып, үстүнө кайнак сууну куюп, 7-10 мүнөт демдейбиз. Эми бал кошуп иче бересиз.
КОРИЦА КОШУЛГАН АЛМА ЧАЙЫ
Мындай чай вирус жана микробго каршы касиетке ээ. Андан тышкары эс-тутумду, көрүүнү жакшыртат, кандын курамындагы холестериндин өлчөмүн азайтып, витаминдер менен камсыздайт.
Керектүү азыктар: 2 алма, 1 литр суу, 1 аш кашык көк чай, 2 таякча корица, 1 литр суу.
Даярдоо: Алманы данектеринен тазалап, кесимдерге бөлөбүз. Чайнекке алма, корица, көк чайды салабыз. Үстүнө кайнак сууну куюп, 7-10 мүнөт демдейбиз. Чай даяр!
АНАР ЧАЙЫ
Мындай чайдын анемия, вирус жана бактерияга каршы таасири бар, жүрөк-кан тамыр системин жакшы иштетүүчү, организмдеги ууларды чыгаруучу касиетке ээ.
Керектүү азыктар: 1 анар, суу 700 грамм, каалоого жараша кант, имбирь тамыры 2 сантиметр.
Даярдоо: Имбирди жука кесип, аны майдалап туурап, үстүнө кайнак суу куябыз. Анарды кабыгынан ажыратып, анан ширеси көбүрөөк болушу үчүн дандарын атайын идиште талкалап алабыз. Даны менен ширесин имбирдин үстүнө кошуп 5 мүнөттөй демдейбиз да, сироп же кант кошсок чай даяр болот.
Канымжан Усупбекова